# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 790
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15195/edition/733355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому (12.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93179

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 22-ноябры № 790 Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык) "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, экономиканы модернизациялоо үчүн илимий-техникалык, инновациялык потенциалды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңештин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
