# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 787 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 787 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 787
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15192/edition/423739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 787 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому (29.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93176

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 21-ноябры № 787 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө 2013-жылы спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүү жана спирт заводунун үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн 2013-жылдын 31-декабрына чейин 25,0 миң тонна өлчөмүндө буудай данын бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууга уруксат берилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
