КР Өкмөтүнүн «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 21-ноябры № 787 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө 2013-жылы спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүү жана спирт заводунун үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн 2013-жылдын 31-декабрына чейин 25,0 миң тонна өлчөмүндө буудай данын бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-марты № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 787 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына…Постановление · 29.03.2013 · № 160
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335