# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 786 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 786 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 786
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15191/edition/1159685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 786 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө" токтому (21.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93175

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 21-ноябры № 786 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин; 2-пунктундагы "аталган мыйзам долбоорлору" деген сөздөр "бул мыйзам долбоору" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.".

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
