# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 780
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15186/edition/955379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө" токтому (24.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93170

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 21-ноябры № 780 Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоону өркүндөтүү, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүү жана алардын кабардар болуусун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууда Жарандык коргонуу тармагындагы жалпы билим берүү уюмдары менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окушкан адамдарды даярдоонун милдеттүү минимумун карашсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
