# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 779 ""Суу, газ, электр жана жылуулук энергиясын эсептегичтердин коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 779 ""Суу, газ, электр жана жылуулук энергиясын эсептегичтердин коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 779
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15185/edition/609285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 779 ""Суу, газ, электр жана жылуулук энергиясын эсептегичтердин коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93169

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-ноябры № 779 "Суу, газ, электр жана жылуулук энергиясын эсептегичтердин коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Суу, газ, электр жана жылуулук энергиясын эсептегичтердин коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин жана аткарылышын камсыз кылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
