Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы „Келечек“ мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета министров Кыргызской Республики от 21 июня 2021 года № 33 "О подведомственных подразделениях Министерства юстиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-ноябры № 778 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 158-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу системасынын киреше берүүчү ишин өнүктүрүү, ошондой эле соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу, аларды иш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдында чарбалык башкаруу укугу менен "Келечек" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Келечек" МИ) түзүлсүн.
2. "Келечек" МИнин Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Келечек" МИнин салыктарды жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү төлөнгөндөн кийинки калган кирешеси өндүрүштү андан ары өнүктүрүү жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында пайдаланылаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- 2013-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө жазаларды аткаруу системасынын башка ишканаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" МИге кошуу жолу менен өзгөртүп түзүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- "Келечек" МИнин ушул токтомдон келип чыгуучу материалдык-техникалык, финансылык жана башка иштерин камсыздоо маселелерин чечсин;
- "Келечек" МИни юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Устав · 20.11.2012 · № 778 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 токтомуПостановление · 24.05.2018 · № 253
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 478 "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.10.2018 · № 478
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана…Постановление · 24.05.2018 · № 253 · Күчүн жоготкон