# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 776 ""Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 776 ""Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 776
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15183/edition/1159683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 776 ""Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (16.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93167

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 16-ноябры № 776 "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамына (2011-жылдын 26-июлундагы № 60 "Эркин Тоо" газетасы) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 8-беренеде:

1) 1-бөлүгүндө:

- 1-пункттагы "анын техникалык функциялары менен шартталган товарларды кошпогондо," деген сөздөр "товарды же анын бөлүктөрүн көчүрүү алардын техникада колдонулушу менен гана шартталган учурду кошпогондо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункттагы "патенттик-лицензиялык" деген сөздөр "патенттик" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 3-пунктта:

- "тейлөөнүн бөтөн товардык белгисин," деген сөздөр "товардык белгисин, тейлөө белгисин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- товардык маркасын" деген сөздөр алынып салынсын;

- 5-пункттагы расмий тилдеги текстте "оборота товаров" деген сөздөр "оборота, товаров" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункттагы мамлекеттик тилдеги текстте "көрсөтүүлөрдү жарандык" деген сөздөр "көрсөтүүлөрдү, жарандык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2) 2-бөлүгүндө:

- расмий тилдеги текстте "оборота товаров" деген сөздөр "оборота, товаров" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги текстте "көрсөтүүлөрдүн жарандык" деген сөздөр "көрсөтүүлөрдүн, жарандык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
