Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-11-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 16-ноябры № 776 "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамына (2011-жылдын 26-июлундагы № 60 "Эркин Тоо" газетасы) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-беренеде:
1) 1-бөлүгүндө:
- 1-пункттагы "анын техникалык функциялары менен шартталган товарларды кошпогондо," деген сөздөр "товарды же анын бөлүктөрүн көчүрүү алардын техникада колдонулушу менен гана шартталган учурду кошпогондо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "патенттик-лицензиялык" деген сөздөр "патенттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
- "тейлөөнүн бөтөн товардык белгисин," деген сөздөр "товардык белгисин, тейлөө белгисин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- товардык маркасын" деген сөздөр алынып салынсын;
- 5-пункттагы расмий тилдеги текстте "оборота товаров" деген сөздөр "оборота, товаров" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы мамлекеттик тилдеги текстте "көрсөтүүлөрдү жарандык" деген сөздөр "көрсөтүүлөрдү, жарандык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) 2-бөлүгүндө:
- расмий тилдеги текстте "оборота товаров" деген сөздөр "оборота, товаров" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстте "көрсөтүүлөрдүн жарандык" деген сөздөр "көрсөтүүлөрдүн, жарандык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 24-январындагы №2717-V "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 24.01.2013 · № 2717-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 7-мартындагы №2857-V "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 07.03.2013 · № 2857-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 7-мартындагы №2856-V "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.03.2013 · № 2856-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон