Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-ноябры № 770 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Контролдоо-уруксат берүү иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу Нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген, кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 49-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49. Курал-жаракты сактоого уруксатты узартуу үчүн ээлик кылуучу уруксаттын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин бир ай мурда аймактык ички иштер органына саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык маалымкатты берүүгө милдеттүү. Куралды сактоого уруксатты узартууда, көрсөтүлгөн документтердин жасалма экендигине шектенүү пайда болгон, ошондой эле куралдын ээси кылмыш-жаза же администрациялык жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат болгон учурда ушул Нускаманын 44 жана 45-пункттарында каралган текшерүү жүргүзүлөт. Атууга жараксыз абалга келген ок атуучу курал-жарак катталбайт жана ал жок кылуу үчүн ички иштер органдарына акысыз тапшырылат же курал-жарак устаканасында атууга жол бербеген абалга келтирилет жана эсепке алуудан чыгарылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №47 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык…Постановление · 15.02.2011 · № 47
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49