# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 768 "2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 768 "2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 768
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15175/edition/486186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 768 "2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (13.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93159

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-ноябры № 768 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 13-беренесинде каралган ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
