# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 760
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15169/edition/395326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (31.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93152

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-октябры № 760 Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ишин уюштурууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
