# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 753
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15162/edition/725165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (03.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93145

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-октябры № 753 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөрүлгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемеси 1-тиркемеге ылайык берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.";

- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

1-тиркеме

"Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен

комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин кеңешчиси; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармасынын аскердик-техникалык кызматташтык, экспорттук контроль, лицензиялоо жана аскердик өкүлчүлүктөр менен иштөө бөлүмүнүн начальниги; "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); "Ак-Марал" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); "Айнур" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча); "Hуp" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); "Полигон" жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Улан" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча); "Майлуу-Суу электр лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

М.Мукамбетов

2-тиркеме

"Тиркеме

Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун аскердик-экономикалык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин кеңешчиси; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскеринин командачысынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Жарандык коргонуу башкы башкармасынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармасынын коргоо, укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармасынын аскердик-техникалык кызматташтык, экспорттук контроль, лицензиялоо жана аскердик өкүлчүлүктөр менен иштөө бөлүмүнүн начальниги.".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

М.Мукамбетов
