# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-октябрындагы № 752 " 2013-жылдагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-октябрындагы № 752 " 2013-жылдагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 752
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15161/edition/755106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-октябрындагы № 752 " 2013-жылдагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93144

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-октябры № 752 2013-жылдагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдагы статистикалык иштердин программасы (мындан ары Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери:

- мамлекеттик статистиканын тийиштүү органдарына статистикалык жана администрациялык маалыматтарды Программада каралган мөөнөттө беришсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык информациясын классификациялоонун жана код берүүнүн бирдей системасын өнүктүрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык информациясын классификациялоонун жана код берүүнүн бирдей системасынын негизинде ведомстволук маалыматтык базасынын көрсөткүчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтык базасына шайкеш келүүсүн камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статистикалык иштерди 2013-жылдагы республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржыласын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
