Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-17.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 17-октябры № 719
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТYНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Аталышында жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бүткүл текст боюнча турдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Мыйзамдын преамбуласындагы "Түзөтүү мекемелерин жана соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаментинин" деген сөздөр "ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 3-статьяда:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ички кызматтын генерал-лейтенанты.".
5. 4-статьянын алтынчы абзацы "ички кызматтын генерал-майору" деген сөздөрдөн кийин "ички кызматтын генерал-лейтенанты" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 5-статьяда:
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку жана улук жетекчи курамынын кызмат орундарына курагы 40 жаштан ашпаган, орто жана жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кенже курамынын кызматкерлери дайындалса болот.
- 5-пунктта:
биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "5. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку, улук жетекчи курамынын кызматына орто жана жогорку кесиптик билими бар адамдар гана дайындалат, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин жогорку жетекчи курамынын кызматына жогорку билимдүү гана адамдар, ал эми оперативдүү-кызматтык милдеттерди аткарууну караган кызматтарга жогорку юридикалык билими бар адамдар дайындалат. Жогорку юридикалык билими бар адамдар дайындалуучу кызматтардын тизмеси жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат."; 6-пунктта: "алардын улутуна" деген сөздөрдөн кийин "ата тегине, мүлктүк абалына, көз карашына" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацтагы "юстиция министри" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 6-статьянын 1, 2-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Жарандар жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынбайт же жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөй албайт, эгерде ал:
- сот тарабынан ишке жарамдуу эмес же жарамдуулугу чектелүү деп табылса;
- сот тарабынан ага мамлекеттик кызматкер катары иштөөгө же мамлекеттик кызматтын кайсы бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынса;
- соттуулугу жабылганына же алып салынгандыгына же болбосо ага карата жазык кылмышы үчүн реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо токтотулганына карабастан соттолгон же соттуулугу бар болсо;
- жазык-аткаруу тутумунан, ошондой эле башка министрликтерден жана ведомстволордон ушул Мыйзамдын 35-берене 4-1-бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипти одоно бузгандыгы үчүн кызматтан бошотулса;
- Ушул Мыйзамдын 5-беренесинде белгиленген жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуу шарттарына жооп бербесе.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энеси, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, балдары, кыздары, ошондой эле жубайынын ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери, балдары) болгон кызматкерлерге эгерде алар кызматтары түздөн-түз бири-биринин баш ийүүсүндө же контролдугунда байланыштуу болсо, жазык-аткаруу тутумунун бир органында же мекемесинде кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.
2. Кызматкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- жеке же ортомчулар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө;
- мамлекеттик мүлктү, кызматтык унааны, акча каражаттарын, кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
- өзүнүн кызмат абалын жеке кызыкчылыгына же жакын туугандарынын кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга;
- өзүнүн негизги иш-милдетин аткарууга тоскоолдук кылбаган чыгармачылык, илимий жана окутуучулук иштерден тышкары, менчигинин түрүнө карабастан жазык-аткаруу тутумуна кирбеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштыруу менен иштөөгө;
- саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана тыюу салынган диний уюмдардын мүчөсү болууга, иштерине катышууга жана аларды колдоп чыгууга;
- иш таштоолорду, митингдерди жана пикеттерди уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга.".
8. 7-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"7-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы шарты
1. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка болгон мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка шарттарды эске алуу менен, жекече ыйгарылат.
Кызматкерлерге ыйгарылуучу наамдар баштапкы жана кезектеги болуп бөлүнөт.
2. Кенже жетекчи курамдын кызматкерлерине баштапкы атайын наамдар кызматтарды комплекттөө номенклатурасына ылайык наамдарды ыйгаруу укугу берилген органдардын жетекчи тарабынан ыйгарылат.
3. Ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызматкерлерине баштапкы атайын наамдар жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын катарына киргизүү менен жазаларды аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
4. Ички кызматтын полковнигине чейинкини камтыган аттестациялык курамдын кызматкерлеринин наамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарылат. Жогорку жетекчи курамдын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
5. "Ички кызматтын кенже лейтенанты" баштапкы атайын наамы запастагы "кенже лейтенант" аскер чини бар же жогорку, орто кесиптик окуу жайын аяктаган ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызматына дайындалган кызматкерлерге ыйгарылат, бирок кызматка дайындалган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес мөөнөттө.
6. Жазык-аткаруу тутумунун, ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын жана аскердик түзүлүштөрдүн жогорку кесиптик окуу жайларын аяктаганда кызматкерлерге "ички кызматтын лейтенанты" баштапкы наамы ыйгарылат.
7. Улук жетекчи курамдын алгачкы жана кезектеги атайын наамдары жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин жогорку билими бар болсо гана ыйгарылат.
8. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынган жана окумуштуулук даражасы же илимий наамы болгон Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын адамдарына баштапкы атайын наамдар жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча төмөнкү тартипте: илимдин кандидаттарына, доцентгерге - "ички кызматтын капитаны" наамынан төмөн эмес; илимдин докторлоруна, профессорлорго - "ички кызматтын майору" наамынан төмөн эмес.
9. Кызмат өтөө учурунда илимий даража же окумуштуулук наамын алган кызматкерге кезектеги атайын наамы ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык ыйгарылат.
10. Жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар жакшы мүнөздөлүп аттестацияланганда, ээлеген кызматын эске алуу менен, ошондой эле мурдагы наамы боюнча кызмат отөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганда ыйгарылат.
11. Ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
12. Окуу жайлардын угуучуларына жана адъюнкттарга кезектеги атайын наамдар окуу убагында, окууга киргенге чейин ээлеген штаттык кызматтарга ылайык ыйгарылат.
13. Ээлеген кызматына ылайыктуу кезектеги атайын наам кызматкерге, эгерде мөөнөтүн узартуу башка техникалык себептерден (кадрлар кызматына сунуш түшпөсө же кечигип түшсө) келип чыкпаса анын мурдагы наамы боюнча өтөгөн кызматынын мөөнөтү аяктаган күнү түздөн-түз жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча ыйгарылат.".
9. Төмөнкү мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:
"7-1-статья. Кызматка кирээрде запаста турган же башка укук коргоо органдарынан же аскердик түзүлүштөрдөн которулган адамдарга атайын наамдарды ыйгаруу
1. Мамлекеттик кызматкерлердин класстык чини бар кызматкерлерге ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдын алгачкы жана кезектеги атайын наамдары кайра аттестациядан өтүү тартибинде ыйгарылбайт.
2. Запастагы офицердик курамдын же башка укук коргоо органдарынан, аскердик түзүлүштөрдөн которулуп келген адамдар ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдын кызматына дайындалгандан кийин алардын аскердик, атайын наамдарына, атайын класстык чиндерине ылайыктуу атайын наамдарды ыйгаруу менен жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын катарына киргизилет. Штаттык кызматка ылайык эгерде алар кадрларга киргизилген күнгө чейин, кызматын/ишин өтөө учурунда же запаста жүргөндө аларга берилген аскердик, атайын наамдарга, атайын класстык чиндерге белгиленген мөөнөттөрдү өтөп бүтүшсө, атайын наам мурдагы аскердик, атайын наамынан, атайын класстык чининен бир даражага жогору ыйгарылышы мүмкүн.
3. Жазык-аткаруу тутумуна кабыл алынуучу аскердик же атайын наамы жок адамдарга, алар кенже жетекчи курамдын кызматына дайындаганда "ички кызматтын кенже сержанты" баштапкы атайын наамы, ал эми офицердик курамдын кызматына дайындалууда - "ички кызматтын кенже лейтенанты" наамы ыйгарылат.
4. Жазык-аткаруу тутумунун органына жана мекемесине жаңы кабыл алынган жогорку билимдүү кызматкер өз ыктыяры менен кенже жетекчи курамдын кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн. Мында алга "ички кызматтын старшинасы" наамынан төмөн эмес кенже жетекчи курамдын баштапкы атайын наамы ыйгарылат.".
10. 8-статьянын 1-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кенже, ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызматкерлердин наамдарын бир тепкичке төмөндөтүү тартиптик жаза чарасы катары жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен жүргүзүлөт.".
11. 9-статьянын 7-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин:
"7. Оор кылмышты ачкандыгы же болтурбастан эрдик жана каармандык көрсөткөндүгү, иш аракеттеринде чоң жетишкендиги үчүн аттестацияланган курамга мурунку наамда белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө, башкача айтканда мурунку наамдан бир жарым мөөнөтү өткөндө жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган наамдан бир даражага жогору кезектеги атайын наам ыйгарылат.".
12. 10-статья төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кенже жана жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар бала багуу боюнча өргүүдөн чыккан күндөн тартып 3 айдын ичинде ыйгарылат.".
13. 11-статья күчүн жоготту деп табылсын.
14. 13-статьяда:
- 1, 2-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
2. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарлары жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.";
- 7-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- кызматтын кызыкчылыгында кызматкерди башка жерге которууга ратацияга (түздөн түз жетекчисинин же кадрлар аппаратынын жетекчисинин сунушу боюнча) байланыштуу. Кызматкерлерди ратациялао, эреже катары беш жылда бир жолу жүргүзүлөт.";
- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"8. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерин кызмат боюнча которууда ага негизги же профилдүү адистиги же тажрыйбасына ылайык иш менен камсыздалат. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын - мекемелеринин кызматкерин жаңы адистик боюнча пайдалануу зарыл болгондо, которуу аны тиешелүү курстарда кайра даярдоо менен коштолушу керек.".
- төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9. Штаттарды кыскартууну карабаган өзгөртүп түзүү (баш ийүүчүлүктү, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин, кызматтарынын аталышын өзгөртүү) кызматкерлерди жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрлар карамагына киргизүү үчүн негиз болбойт, Кызматкерлер кадрлардын карамагына төмөнкү учурларда гана киргизилет:
- штаттык санды кыскартууда;
- жазык-аткаруу тутумунун органы же мекемеси жоюлганда;
- бул кызматты мурда ээлеген кызмакердин кызматына кайра кайтарылып берилгенде;
- аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогондо;
- Тартиптик уставга ылайык кызматынан бошотулганда;
- үч айга чейин акчалай үлүшү сакталуу менен, ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 3-пунктунда каралгандар, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кызматкер кызматынан бошотулат.
Кадрлар карамагында турган кызматкерлер кадр кызматынын көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине келип турууга жана коюлган кызматтык милдеттердин чечими боюнча милдеттерин аткарууга милдеттүү. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрлар карамагында турган мөөнөтүнө ооруган же кезектеги жана кошумча өргүүдө болгон мезгили кирбейт.".
15. 15-статьяда:
- үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын" деген сөздөр "башка ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"кызматтын кызыкчылыктары үчүн зарыл жерде кызмат өтөөгө".
16. 16-статьянын 2-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Пенсия алуу укугу менен жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кемчиликсиз кызмат өтөгөн жана кызматтан бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте форма кийимин кийип жүрүүгө уруксат берилет.".
17. 19-статьянын 3-пунктту "жарандык калк ичинен" деген сөздөрдөн кийин "(оперативдик-кызматтык иш менен байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарга уруксат алууну талап кылбаган кызматтарга)", атайын наам ыйгарылбастан" деген сөздөр менен толукталсын.
18. 22-статьянын 2-пунктундагы "кызматкерлерине" деген сөздөн кийин "жана аскер кызматчыларына (мөөнөттүү аскер кызматчыларынан тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын.
19. 23-статьяда:
- статьянын аталышы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына иштөөгө жиберүү" деген сөздөрдөн кийин "жана эл аралык уюмдарга жиберүү " деген сөздөр менен толукталсын;
- бүткүл текст боюнча түрлүү жөндөмөдөгү "Администрация" деген сөз тиешелүү жөндөмөдогү "Аппарат" деген сөзгө алмаштырылсын;
"Премьер-министринин" деген сөз "Өкмөтүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлгөн милдеттери аткаруу максатында кызматкер өз макулдугу менен жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдарга мындан ары кызмат өтөө үчүн жиберилиши мүмкүн. Эл аралык уюмдарга жиберилген кызматкер мыйзамдарда жана эл аралык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кызмат өтөйт."; 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иштөөгө жиберилген жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине ай сайын төлөнүүчү компенсациялык (азык-түлүк үлүшүнүн ордуна акчалай компенсация, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация) төлөмдөр сакталат". Белгиленген төлөмдөрдү төлөө жазык аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Төлөмдөр төлөнбөгөн же өз убагында төлөнбөгөн учурда, күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
20. 26-статьяда:
- 5-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Интернационалист-аскерлердин ичинен кызматкерге кызматтын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнө карабастан узактыгы он төрт календардык күн кошумча өргүү берилет.";
- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"9. Кызматкерге үй-бүлөлүк жагдайы боюнча же башка жүйөлүү себептерге байланыштуу айлык акысы сакталбастан, узактыгы 5 календардык күндү түзгөн кыска мөөнөттүү өргүү төмөнкү учурларда берилет:
- Никеге турганда;
- жакын тууганы (жубайы, ата-энеси, уул-кызы, бир туугандары, жубайынын ата-энеси же кызматкерди баккан адамдардын) катуу ооруса же каза болсо;
- үй-бүлөсү же жакын тууганы өрткө же башка табигый кырсыкка учураса;
- үй-бүлөдө бала төрөлсө.
Кыска мөөнөттүү өргүү кезектеги өргүүнүн эсебине кирбейт жана өргүү берген жетекчинин макулдугу менен гана беш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.";
- төмөнкү мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10. Кызматкерге эмгектик өргүү кызмат өтөгөн биринчи календарлык жылда берилгенде анын кызмат орунга дайындалган күнүнөн башталган убакыт эске алынат. Иштеген биринчи жылы эмгектик өргүү 11 ай иштегенден кийин гана берилет. Иштегенден 6 ай өткөндөн кийин эмгектик өргүү тараптардын макулдашуусу боюнча берилет, 11 ай өткөнгө чейин өргүү аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгаардын алдында же дароо андан кийин, 3 айга чейинки жаштагы бала (балдарды) багып алган кызматкерлерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда берилет.".
21. 31-статьянын 4-пунктту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Келишимдик негизде жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку жана улук жетекчи курамынын кызмат орундарын ээлешкен Кыргыз Республикасынын жарандары бекитилген тартипте аттестациядан өтүшөт.".
22. 33-статьянын 6-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин:
"6. Кылмыш жасагандыгы үчүн кармалган жана камакка алуу - бөгөт коюу чарасы болуп тандалган кызматкерлерге камакка алынган күндөн тартып акчалай үлүш төлөө токтотулат жана актоого негиздер табылып же актоо өкүмү кабыл алынып, камактан бошотулган күндөн тартып кайра төлөнө баштайт. Кызматкерди ээлеген кызматынан убактылуу четтетуү учурунда айлык төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.".
23. 35-статьяда:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнү токтотууга төмөнкүлөр негиз болот:
- жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен кызматтан бошонуу;
- кызматкерди белгиленген тартипте дайынсыз жок деп таануу;
- кызматкердин каза (курман) болушу;
- аскердик түзүлүштөрдө, башка аскерлештирилген уюмдарда андан ары кызмат өтөө үчүн командировкага жиберүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, же жарандыкты жоготуу.";
- 3-пунктта:
"Катардагы жана" деген сөздөр алып салынсын; "е" пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: "е) тартипти одоно бузгандыгы үчүн;";
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы "з-с" пунктчалары менен толукталсын:
"з) тартипти одоно бузгандыгы үчүн;
и) айыптоочу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмышы үчүн соттолсо;
к) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызматка дайындалган жана эл аралык уюмдарга жиберилген кызматкерлерден тышкары, белгиленген тартипте башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга которулгандыгына байланыштуу;
л) Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотууга байланыштуу;
м) башка мамлекеттин жарандыгынын болушуна байланыштуу;
н) карамакта жүрүү мөөнөтү аяктагандыгы боюнча;
о) жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кызматка кирип жатканда жалган документтерди жана маалыматтарды бергендиги үчүн;
п) ратация иретинде которуудан жүйөөлүү себептерсиз баш тартканда;
р) кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок кийин кылмыш иши тергеө органдары же сот тарабынан кылмыш иши реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча токтотулганда;
с) кызматкердин жакын тууганы оор кылмышы үчүн соттолгондо.";
- төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
а) кызматкер тарабынан ушул статьянын 6-бөлүгүндө белгиленген иштерди аткаруусу;
б) кызматкердин согуштук куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуу кол салуудан жоготкондон башка учурларда);
в) кызматкердин жүйөөлүү себептерсиз кызматка чыкпашы, анын ичинде күн сайын белгиленген кызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык жок болушу;
г) кызматкердин кызматка алкоголдук, баңги же токсикалык мас абалда (жылдын ичинде 3 жолдон ашык) келиши;
д) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин оперативдик-режимдик жана уюштуруу иштерине терс натыйжаларды алып келген өз ыктыяры менен кызматын таштоо.".
2-статья.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ НЕГИЗДЕМЕ
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутуму (ЖАТ) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча кызмат болуп түзүлгөн. ЖАТда кызмат өтөөгө тиешелүү ченемдерди учурга жараша ылайыкташтыруу зарылдыгын эске алып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам-долбоорлук иштеринин Планына киргизилген мыйзамдын жаңы редакциядагы ушул долбоору иштелип чыкты. Бул долбоордо кызматка кадр тандоого, өргүүдө, кадрлар карамагында болуу шарттарына, атайын наамдарды ыйгарууга, кызмат боюнча жылдырууга, иштеген жылдарды эсептөөгө ж.б. байланышкан өзгөрүүлөр жана кошумчалар каралды, бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу пенитенциардык тутумдун кадрлар менен иштөө кызматын өркүндөтүп, анын нормативдик базасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын учурдагы ченемдерин анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул мыйзам долбоорунун ченемдери учурдагы ченемдик укуктук актыларга каршы келбесин билдиребиз, ошондой эле долбоор ишкердикти тескөөгө багытталбагандыктан анализдениши керек эмес. Ошондой эле, бул долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык чыгымдарды алып келбейт. Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамдын 22-беренесине ылайык бул долбоор коомдук талкууга алыш үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылган. Мында коомдук талкуунун чегинде мыйзам долбоорун жакшыртуу боюнча эч кандай сунуштар киргизилбегенин белгилей кетебиз. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат талап кылбасын да белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасы
А.Мамыркулов
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын азыркы редакциясы | Киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр эске алуу менен редакциясы |
|---|---|
| Аталышы: "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Аталышы: "Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
| 3-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин атайын наамдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы адамдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен төмөндөгүдөй атайын наамдар белгиленет жана ыйгарылат: - ички кызматтын катардагысы; - ички кызматтын кенже сержанты; - ички кызматтын сержанты; - ички кызматтын улук сержанты; - ички кызматтын старшинасы; - ички кызматтын прапорщиги; - ички кызматтын улук прапорщиги: - ички кызматтын кенже лейтенанты; - ички кызматтын лейтенанты; - ички кызматтын улук лейтенанты; - ички кызматтын капитаны; - ички кызматтын майору; - ички кызматтын подполковниги: - ички кызматтын полковниги; - ички кызматтын генерал-майору. | 3-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин атайын наамдары Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы адамдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен төмөндөгүдөй атайын наамдар белгиленет жана ыйгарылат: - ички кызматтын кенже сержанты; - ички кызматтын сержанты; - ички кызматтын улук сержанты; - ички кызматтын старшинасы; - ички кызматтын прапорщиги; - ички кызматтын улук прапорщиги; - ички кызматтын кенже лейтенанты; - ички кызматтын лейтенанты; - ички кызматтын улук лейтенанты; - ички кызматтын капитаны; - ички кызматтын майору; - ички кызматтын подполковниги; - ички кызматтын полковниги; - ички кызматтын генерал-майору; - ИЧКИ КЫЗМАТТЫН ГЕНЕРАЛ-ЛЕЙТЕНАНТЫ. |
| 5-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кирүүнүн шарттары 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка анык аскердик жана альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматты өтөгөн, 1,5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 35тен ашпаган (катардагы жана кенже жетекчи курамдагы кызматтарга жашы 30дан ашпаган), ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде жалданма кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 40тан ашпаган (катардагы жана кенже жетекчи курамдагы кызмат орунга - 35тен ашпаган), өзүнүн ишкердик жана жеке сапаттары боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кычматкерлерине коюлуучу талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат. 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын катардагы жана жетекчи курамындагы кызмат орундарына билим деңгээли, жеке жана ишкер сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адамдар кабыл алынат. 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызмат орундарына жогорку же атайын орто билимдүү, ал эми жогорку жетекчи курамдын кызмат орундарына - жогорку билимдүү адамдар кабыл алынат. Зарыл болгон учурда ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызматтарды контракттык же конкурстук негизде ээлөөгө, анын ичинде мурда укук коргоо органдарында, прокуратура, юстиция органдарында, соттордо жана жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринде, ошондой эле запастагы офицерлерге, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тармагы боюнча пенсия төлөнүп жаткан же болбосо аскердик пенсия алып жүргөн адамдарга да, аларды андан ары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кадрлар курамына алуу менен жол берилет. 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматкерлерди кызматка кабыл алуу, кызмат орундарынан которуу, кызмат боюнча жогорулатуу жана бошотуу алардын улутуна, мыйзам чегинде иштеп жаткан коомдук бирикмелердин ишине катышкандыгына же катышпагандыгына, динге карата мамилесине байланыштуу болушу мүмкүн эмес. Жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка талапкерлерди тандоонун, контракттарды түзүүнүн жана конкурстарды өткөрүүнүн | 5-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кирүүнүн шарттары 1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка анык аскердик жана альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматты өтөгөн, 1,5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 35тен ашпаган (катардагы жана кенже жетекчи курамдагы кызматтарга жашы 30дан ашпаган), ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде жалданма кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 40тан ашпаган (катардагы жана кенже жетекчи курамдагы кызмат орунга - 35тен ашпаган), өзүнүн ишкердик жана жеке сапаттары боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кызматкерлерине коюлуучу талаптарга болгон кесиптик билимге жана саламаттыгы боюнча жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат. 4. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын катардагы жана жетекчи курамындагы кызмат орундарына билим деңгээли, жеке жана ишкер сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адамдар кабыл алынат. 40 ЖАШТАН АШПАГАН, АТАЙЫН-ОРТО, ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ КЕНЖЕ ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРТОҢКУ ЖАНА УЛУК ЖЕТЕКЧИ КУРАМДАГЫ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ДАЙЫНДАЛЫШАТ. 5. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН ОРТОҢКУ ЖЕТЕКЧИ КУРАМЫНЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫ ЖОГОРКУ ЖАНА АТАЙЫН-ОРТО БИЛИМДҮҮ АДАМДАР, УЛУК ЖАНА ЖОГОРКУ ЖЕТЕКЧИ КУРАМДАГЫ КЫЗМАТ ОРУНДАР - ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ, АЛ ЭМИ ОПЕРАТИВДИК-КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРДИ АТКАРГАН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫ - ЖОГОРКУ ЮРИДИКАЛЫК БИЛИМИ БАР АДАМДАР МЕНЕН ТОЛУКТАЛАТ"; ОПЕРАТИВДИК-КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРДИ АТКАРУУЧУ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН ТИЗМЕГИ ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. Зарыл болгон учурда ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызматтарды контракттык же конкурстук негизде ээлөөгө, анын ичинде мурда укук коргоо органдарында, прокуратура, юстиция органдарында, соттордо жана жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринде, ошондой эле запастагы офицерлерге, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тармагы боюнча пенсия төлөнүп жаткан же болбосо аскердик пенсия алып жүргөн адамдарга да, аларды андан ары Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кадрлар курамына алуу менен жол берилет. 6. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына ндыгына, динге карата мамилесине байланыштуу болушу мүмкүн эмес. Жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка талапкерлерди тандоонун, контракттарды түзүүнүн жана конкурстарды өткөрүүнүн тартиби менен шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. |
| 6-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөгө кабыл алуудагы жана кызмат өтөөдөгү чектөөлөр 1. Жарандар төмөндөгүдөй учурларда жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кызматка алынышпайт, же жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөй алышпайт: соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу алар жооптуулукка жарамсыз же жооптуулукка жарамдуулугу чектелүү деп таанылганда; соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бap же болгон учурларда. 2. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин төмөндөгүлөргө акысы жок: - айкалыштыруу менен педагогикалык, илимий жана башка чыгармачылык иштен бөлөк акы төлөнүүчү жумуштарды аткарууга; - жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын милдеттери менен айкалыштырууга; - тикелей же ортомчулар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө; - өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ар кандай көмөктөрдү көрсөтүүгө жана ал үчүн сыйакы алууга, кызматын көрүүгө жана жеңилдиктерден пайдаланууга; - саясий партиялардын, коомдук, анын ичинде диний уюмдардын кызыкчылыктарында аларга мамилени үгүттөө үчүн өзүнүн кызмат абалын пайдаланууга; жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде саясий партиялардын, ошондой эле диний бирикмелердин түзүмдөрүн уюштурууга жол берилбейт; - иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга. 3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана башка чектөөлөр да колдонулат. | 6-статья. Жазык аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөгө кабыл алуудагы жана кызмат өтөөдөгү чектөөлөр 1. ЖАРАНДАР ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНА КАБЫЛ АТЫНБАЙТ ЖЕ ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНДА ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ КЫЗМАТ ӨТӨЙ АЛБАЙТ, ЭГЕРДЕ АЛ: - СОТ ТАРАБЫНАН ЖООПТУУЛУККА ЖАРАМДУУ ЭМЕС ЖЕ ЖООПТУУЛУККА ЖАРАМДУУЛУГУ ЧЕКТЕЛҮҮ ДЕП ТААНЫЛГАНДА; - СОТ ТАРАБЫНАН АГА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР КАТАРЫ ИШТӨӨГӨ ЖЕ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТЫН КАЙСЫ БИР КЫЗМАТ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨГӨ ТЫЮУ САЛЫНГАНДА; - СОТТОЛГОНДУГУ БАР ЖЕ МУРДА БОЛГОН, ЖЕ БОЛБОСО СОТТОЛГОНДУГУ ЖАБЫЛГАНДЫГЫНА ЖЕ АЛЫНЫП САЛЫНГАНЫНА КАРАБАСТАН КЫЛМЫШ КЫЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН АКТАЛБАГАН НЕГИЗДЕР БОЮНЧА КЫЛМЫШТЫК ИЛИКТӨӨ ТОКТОТУЛГАН БОЛСО; - ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНАН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА МИНИСТРЛИКТЕРДЕН ЖАНА ВЕДОМСТВОЛОРДОН ТЕРС НЕГИЗДЕР БОЮНЧА КЫЗМАТТАН БОШОТУЛГАНДАР; - УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 5-БЕРЕНЕСИИДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНА КЫЗМАТКА АЛУУНУН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРБЕСЕ. ӨЗ АРА ТУУГАНДЫКТА ЖЕ ЖАКЫНДЫКТА (АТА-ЭНЕСИ, ЖУБАЙЛАРЫ, АГА-ИНИЛЕРИ, БАЛДАРЫ, КЫЗДАРЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЖУБАЙЫНЫН БИР ТУУГАНДАРЫ, АТА-ЭНЕЛЕРИ, БАЛДАРЫ) БОЛГОН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ, ЭГЕРДЕ АЛАР БИРИ БИРИНИН БАШ ИЙҮҮСҮНДӨ ЖЕ КОНТРОЛЬ АЛДЫНДА БОЛСО, ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН БИР ОРГАНЫНДА ЖЕ МЕКЕМЕСИНДЕ КЫЗМАТ ӨТӨӨГӨ УРУКСАТ БЕРИЛБЕЙТ. 2. КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ: - ЖЕКЕ ЖЕ ОРТОМЧУЛАР АРКЫЛУУ ИШКЕРДИК МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮГӨ; - КЫЗМАТТЫК ЭМЕС МАКСАТТАРДА МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ, КЫЗМАТТЫК УНААНЫ, АКЧА КАРАЖАТТАРДЫ, КЫЗМАТТЫК МААТЫМАТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУГА; - ӨЗ КЫЗМАТ АБАЛЫН ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ЖЕ ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫНЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА ТИЕШЕЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧИШ ҮЧҮН ПАЙДАЛАНУУГА; - ӨЗ КЫЗМАТ МИЛДЕТИН АТКАРУУГА ТОСКООЛДУК КЕЛТИРБЕГЕН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК, ИЛИМИЙ ЖАНА ОКУТУУЧУЛУК ИШТЕРДЕН ТЫШКАРЫ, МЕНЧИКТИК ФОРМАСЫНА КАРАБАСТАН, ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНА КИРБЕГЕН, ИШКАНАЛАРДА, МЕКЕМЕЛЕРДЕ ЖАНА УЮМДАРДА АЙКАЛЫШТЫРУУ МЕНЕН ИШТӨӨГӨ; - САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН, КООМДУК БИРИКМЕЛЕРДИН ЖАНА ТЫЮУ САЛЫНГАН ДИНИЙ УЮМДАРДЫН ИШМЕРДИГИН КОЛДОО МАКСАТЫНДА МҮЧӨСҮ БОЛУУГА, ИШ АРАКЕТТЕРИНЕ КАТЫШУУГА; - ИШ ТАШТООЛОРДУ, МИТИНГ ЖАНА ПИКЕТТЕРДИ УЮШТУРУУГА ЖАНА АЛАРГА КАТЫШУУГА. 3. Кызматкерлерге мамлекеттик кызматчылар үчүн мыйзам тарабынан белгиленген башка чектөөлөр дагы тиешелүү. |
| 7-статья. Атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы шарттары 1. Жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринин кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар баштапкы жана кезектеги деп бөлүнөт. 2. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине катардагы жана кенже жетекчи курамдын баштапкы атайын наамдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу боюнча борбордук органынын жетекчиси тарабынан ыйгарылат. 3. Ортоңку жана улук жетекчи курамдын алгачкы атайын наамдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кадрларынын катарына кабыл алуу менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан ыйгарылат. 4. Аттестацияланган курамдын ички кызматтын полковнигине чейинки наамдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министри белгилеген тартипте ыйгарылат. Жогорку жетекчи курамдын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларында окуган мезгилинде мамлекеттик сыйлык менен сыйланган же окууну бүткөндөн кийин "артыкчылык" дипломун алган, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларынын "Ардак тактасына" жазылган курсанттарга белгиленгенден бир даражага жогорку алгачкы атайын офицердик наам ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларында окуган мезгилинде одоно тартип бузган, бирок жазык-аткаруу тутумунун органдарынын катарында калтырылган курсанттарга аны бүтүргөндөн кийин белгиленгенден бир даражага төмөнкү алгачкы атайын офицердик наам ыйгарылат. 6. Жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка кабыл алынган жана окумуштуулук даражасы же илимий наамы болгон Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын адамдарына алгачкы атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин чечими боюнча төмөндөгүдөй тартипте ыйгарылат: илимдин кандидаттарына, доценттерге ички кызматтын капиталынан төмөн эмес; илимдин докторлоруна, профессорлорго - ички кызматтын майорунан төмөн эмес. 7. Жазык-аткаруу тутумунун органынын илимий даражасы же окумуштуулук наамы бар кызматкерине болгон наамынан бир даражага жогору кезектеги атайын наам ыйгарылат. 8. Жетекчи курамдын адамдарына кезектеги наамдар жакшы мүнөздөлүп аттестацияланганда, ээлеген кызматын эске алуу менен, ошондой эле 5 мурдагы наамы боюнча кызмат өтөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганда ыйгарылат. 9. Ортоңку жана улук жетекчи курамдын кезектеги наамдары: - ички кызматтын капитанына чейин - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу боюнча борбордук органынын жетекчиси тарабынан; - ички кызматтын майору, ички кызматтын подполковниги, ички кызматтын полковниги - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан ыйгарылат. 10. Катардагы курамдын наамдары жана кенже жетекчи курамдын алгачкы атайын наамдары жашы 30дан ашпаган адамдарга, ал эми офицердик курамдын алгачкы атайын наамдары, эреже катары, жашы 40тан ашпаган адамдарга ыйгарылат. 11. Запастагы офицердик курамдын адамдары ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдын кызматына дайындалгандан кийин алардын аскер наамдарына ылайыктуу наам ыйгаруу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кадрларына киргизилет. 12. Эгер алар кадрларга киргизилген күнгө чейин, аскердик кызмат өтөө учурунда же запаста жүргөндө аларга берилген аскердик наамдарга белгиленген мөөнөттөрдү өтөп бүтүшсө, баштапкы атайын наам мурдагы аскердик наамынан бир даражага жогору ыйгарылышы мүмкүн. 13. Ортоңку жана улук жетекчилик курамдагы адамдарга - окуу жайларынын угуучулары менен адьюнктарга кезектеги наамдар окуп жаткан мезгилинде кезектеги наам алар окууга киргенге чейин ээлеген штаттык кызматы боюнча туура келгенде, окууга киргенден кийин өзгөрүлгөн кызматына карата наамын өзгөртпөстөн (жогорулатпастан же төмөндөтпөстөн); окуу жайын (адьюнктураны) бүтүргөндө - окууну бүтүргөндөн кийинки ортоңку жана жетекчи курамдагы адамдар дайындалуучу штаттык кызматка кезектеги наамы туура келгенде ыйгарылат. 14. Катардагы жана жетекчи курамдагы адамдар кезектеги наамга түздөн түз начальниктери тарабынан көрсөтүлөт. | 7-СТАТЬЯ. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ АТАЙЫН НААМДАРДЫ ЫЙГАРУУНУН ЖАЛПЫ ШАРТТАРЫ 1. КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ АТАЙЫН НААМДАР АЛАРДЫН КЕСИПКӨЙЛҮГҮН, БИЛИМИН, КЫЗМАТКА КЫЛГАН МАМИЛЕСИН, ИШТЕГЕН ЖЫЛДАРЫН ЖАНА ШТАТ БОЮНЧА ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТ ОРДУН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ УШУЛ МЫЙЗАМДА КӨРСӨТҮЛГӨН БАШКА ШАРТТАРДЫ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖЕКЕЧЕ ЫЙГАРЫЛАТ. КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЫЙГАРЫЛУУЧУ НААМДАР АЛГАЧКЫ ЖАНА КЕЗЕКТЕГИ БОЛУП БӨЛҮНӨТ. 2. КЕНЖЕ ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ АЛГАЧКЫ АТАЙЫН НААМДАР КЫЗМАТ ОРУНДАРЫН ТОЛУКТОО НОМЕНКЛАТУРАСЫНА ЫЛАЙЫК АЛ НААМДАРДЫ ЫЙГАРУУГА УКУК БЕРИЛГЕН ЖЕТЕКЧИ ТАРАБЫНАН ЫЙГАРЫЛАТ. 3. ОРТОҢКУ ЖАНА УЛУК ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ АЛГАЧКЫ АТАЙЫН НААМДАР ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН КАДРЛАРЫНЫН КАТАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ МЕНЕН ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЫЙГАРЫМДУУ ЖЕТЕКЧИСИ ТАРАБЫНАН ЫЙГАРЫЛАТ. 4. АТТЕСТАЦИЯЛАНГАН КУРАМДЫН АТАЙЫН НААМДАРЫ ИЧКИ КЫЗМАТТЫН ПОЛКОВНИГИН КОШО, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН АНЫКТАГАН ТАРТИПТЕ ЫЙГАРЫЛАТ. ЖОГОРКУ ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН АТАЙЫН НААМДАРЫ МЫЙЗАМДАРГА ЫЛАЙЫК ЫЙГАРЫЛАТ. 5. "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН КЕНЖЕ ЛЕЙТЕНАНТЫ" АЛГАЧКЫ АТАЙЫН НААМЫ ЗАПАСТАГЫ "КЕНЖЕ ЛЕЙТЕНАНТ" НААМЫН АЛГАН, ЖЕ ЖОГОРКУ, ОРТО КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫН АЯКТАГАН ОРТОңКУ ЖАНА УЛУК ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ДАЙЫНДАЛГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ, БИРОК ДАЙЫНДАЛГАН КҮНДӨН ТАРТЫП 3 АЙДАН КЕМ ЭМЕС МӨӨНӨТТӨ ЫЙГАРЫЛАТ. 6. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН, ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА БАШКА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА АСКЕРДИК ТҮЗҮЛҮШТӨРДҮН КЕСИПТИК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫН АЯКТАГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН ЛЕЙТЕНАНТЫ" АЛГАЧКЫ АТАЙЫН НААМЫ ЫЙГАРЫЛАТ. АЛ ЭМИ ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН, ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА БАШКА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА АСКЕРДИК БИРИКМЕЛЕРИНИН КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЫН АЯКТАГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН КЕНЖЕ ЛЕЙТЕНАНТЫ" АЛГАЧКЫ АТАЙЫН НААМЫ ЫЙГАРЫЛАТ. 7. ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖАСЫ ЖЕ ИЛИМИЙ НААМЫ БОЛГОН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫНЫН ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНА КЫЗМАТКА КАБЫЛ АЛЫНГАН АДАМДАРЫНА АЛГАЧКЫ АТАЙЫН НААМДАР ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ЧЕЧИМИ БОЮНЧА: ИЛИМДИН КАНДИДАТТАРЫНА, ДОЦЕНТТЕРГЕ "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН КАПИТАНЫ" НААМЫНАН ТӨМӨН ЭМЕС; ИЛИМДИН ДОКТОРЛОРУНА, ПРОФЕССОРЛОРГО - "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН МАЙОРУ" НААМЫНАН ТӨМӨН ЭМЕС ЫЙГАРЫЛАТ. 8. КЫЗМАТ ӨТӨӨ УЧУРУНДА ИЛИМИЙ ДАРАЖАСЫН ЖЕ ОКУМУШТУУЛУК НААМЫН АЛГАН КЫЗМАТКЕРГЕ АТАЙЫН НААМЫ УШУЛ БЕРЕНЕСИНИН 7-БӨЛҮГҮНӨ ЫЛАЙЫК ЫЙГАРЫЛАТ. 9. ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КЕЗЕКТЕГИ АТАЙЫН НААМДАР ОҢ АТТЕСТАЦИЯЛАНГАНДА, ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТЫН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ МУРУНКУ НААМДАГЫ МӨӨНӨТ ӨТӨЛҮП БҮТКӨНДӨ ЫЙГАРЫЛАТ. 10. ОРТОҢКУ ЖАНА УЛУК ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КЕЗЕКТЕГИ АТАЙЫН НААМДАР ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ ТАРАБЫНАН ЫЙГАРЫЛАТ. 11. ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН УГУУЧУЛАРЫ МЕНЕН АДЪЮНКТТАРГА КЕЗЕКТЕГИ АТАЙЫН НААМДАР ОКУУГА КИРГЕНГЕ ЧЕЙИНКИ ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТЫ БОЮНЧА ТУУРА КЕЛГЕНДЕ ОКУП ЖҮРГӨН МЕЗГИЛИНДЕ ЫЙГАРЫЛАТ. 12. ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТЫНА ЫЛАЙЫК КЕЛГЕН КЕЗЕКТЕГИ АТАЙЫН НААМ КЫЗМАТКЕРГЕ МУРУНКУ НААМДА БОЛГОН МӨӨНӨТҮ БҮТКӨН КҮНҮ ТҮЗДӨН ТҮЗ ЖЕТЕКЧИСИНИН КӨРСӨТМӨСҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫЛАТ, ЭГЕРДЕ МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ТУУРАЛУУ БАШКА ТЕХНИКАЛЫК СЕБЕПТЕР (КАДРЛАР КЫЗМАТЫНА СУНУШ ТҮШПӨСӨ ЖЕ КЕЧИГИП ТҮШСӨ) ЧЫКПАСА. 7-1-СТАТЬЯ. ЗАПАСТА ТУРГАН АДАМДАРДЫ КЫЗМАТКА КАБЫЛ АЛУУДА ЖЕ БАШКА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНАН, АСКЕРДИК ТҮЗҮЛҮШТӨРДӨН КОТОРУЛУП КЕЛГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ АТАЙЫН НААМДАРДЫ ЫЙГАРУУ 1. ЗАПАСТАГЫ ОФИЦЕРЛЕР ЖЕ БАШКА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНАН, АСКЕРДИК ТҮЗҮЛҮШТӨРДӨН КОТОРУЛУП КЕЛГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕР КЕНЖЕ, ОРТОҢКУ ЖАНА УЛУК ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ДАЙЫНДАЛГАНДАН КИЙИН ӨЗДӨРҮНҮН АСКЕРДИК, АТАЙЫН НААМДАРЫНА, КЛАССТЫК ЖАНА АТАЙЫН КЛАССТЫК ЧИНДЕРИНЕ ЫЛАЙЫК АТАЙЫН НААМДАРДЫ ЫЙГАРУУ МЕНЕН ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН КАДРЛАРЫНЫН КАТАРЫНА КАБЫЛ АЛЫНАТ. ШТАТТЫК КЫЗМАТ ОРДУ БОЮНЧА, ЭГЕРДЕ КАБЫЛ АЛЫНГАН КҮНГӨ АЛАРДЫН КЫЗМАТ ӨТӨП ЖҮРГӨНДӨ ЖЕ ЗАПАСТА БОЛГОНДО АСКЕРДИК, АТАЙЫН НААМДАРЫНЫН, КЛАССТЫК ЖАНА КЛАССТЫК АТАЙЫН ЧИНДЕРИНИН БЕЛГИЛЕНГЕН МӨӨНӨТҮ АЯКТАСА, АТАЙЫН НААМ БИР ТЕПКИЧКЕ ЖОГОРУ ЫЙГАРЫЛСА БОЛОТ. 2. КЫЗМАТКА КАБЫЛ АЛЫНГАН, АСКЕРДИК ЖЕ АТАЙЫН НААМЫ БОЛБОГОН АДАМДАРДЫ КЕНЖЕ ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ДАЙЫНДАГАНДА "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН КЕНЖЕ СЕРЖАНТЫ" АЛГАЧКЫ АТАЙЫН НААМЫ, АЛ ЭМИ ОФИЦЕРДИК КУРАМДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ДАЙЫНДООДО - "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН КЕНЖЕ ЛЕЙТЕНАНТЫ" НААМЫ ЫЙГАРЫЛАТ. 3. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНА КАЙРА КАБЫЛ АЛЫНГАН КЫЗМАТКЕР ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН КЕНЖЕ ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ДАЙЫНДАЛСА БОЛОТ. МЫНДА АЛ АДАМГА "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН СТАРШИНАСЫ" АЛГАЧКЫ АТАЙЫН НААМДАН ТӨМӨН ЭМЕС НААМ ЫЙГАРЫЛАТ. |
| 8-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин наамдарын төмөндөтүү 1. Кенже жетекчи курамдагы адамдардын наамдарын бир тепкичке төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставы боюнча укук берилген түздөн түз начальниктеринин чечими менен, ал эми офицердик курам үчүн тартиптик жаза чарасы катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин чечими менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 2. Наамы төмөндөтүлгөн адамдардын мурдагы наамы бир жылдан кем эмес мөөнөт өткөндөн кийин, жакшы аттестацияланган учурда, ээлеген штаттык кызматына карабастан, наамды төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алган начальниктердин, ага тең же андан жогорку жетекчинин буйругу менен калыбына келтирилет. Мурдагы наамы калыбына келтиргенге жана ага кезектеги наам берилгенге чейин наамын кайталап төмөндөтүүгө жол берилбейт. 3. Жогорку жетекчи курамдагы адамдардын наамдары да төмөндөтүлүшү, кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катыбына келтирилиши мүмкүн. | 8-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин наамдарын төмөндөтүү 1. КЕНЖЕ, ОРТОҢКУ ЖАНА УЛУК ЖЕТЕКЧИ КУРАМДЫН НААМЫН БИР ТЕПКИЧКЕ ТӨМӨНДӨТҮҮ ТАРТИПТИК ЖАЗА КАТАРЫ ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ЧЕЧИМИ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. 2. Наамы төмөндөтүлгөн адамдардын мурдагы наамы бир жылдан кем эмес мөөнөт өткөндөн кийин, жакшы аттестацияланган учурда, ээлеген штаттык кызматына карабастан, наамды төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алган начачьниктердин, ага тең же андан жогорку жетекчинин буйругу менен калыбына келтирилет. Мурдагы наамы калыбына келтиргенге жана ага кезектеги наам берилгенге чейин наамын кайталап төмөндөтүүгө жол берилбейт. 3. Жогорку жетекчи курамдагы адамдардын наамдары да төмөндөтүлүшү, кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн. |
| 9-статья. Атайын наамдарда кызмат өтөө мөөнөттөрү 1. Кенже жетекчи курамдагы наамдар боюнча өтөгөн жылдардын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленет: - ички кызматтын кенже сержанты, ички кызматтын сержанты наамында - 1 жыл; - ички кызматтын улук сержанты наамында - 2 жыл; - ички кызматтын старшинасы наамында - 3 жыл; - ички кызматтын прапорщиги наамында - 4 жыл. 2. Ички кызматтын катардагысы, ички кызматтын улук прапорщиги наамдары боюнча кызмат өтөгөн жылдарга мөөнөт белгиленбейт. 3. Офицердик курамдагы адамдардын наамдар боюнча кызмат өтөгөн жылдардын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленет: - ички кызматтын кенже лейтенанты наамында - 1 жыл; - ички кызматтын лейтенанты наамында - 2 жыл; - ички кызматтын улук лейтенанты наамында - 2 жыл; - ички кызматтын капитаны наамында - 3 жыл; - ички кызматтын майору наамында - 3 жыл; - ички кызматтын подполковниги наамында - 4 жыл. 4. Ички кызматтын полковниги жана андан жогорку наамдарда кызмат өтөгөн жылдарга мөөнөт белгиленбейт. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, башка министрликтеринин жана ведомстволорунун жана башка мамлекеттердин жогорку окуу жайларын бүтүргөн офицердик курамдын адамдары үчүн ички кызматтын лейтенанты наамында кызмат өтөө мөөнөтү 1 жылга белгиленет. 6. Кызмат өтөө мөөнөтү наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет. Жетекчи курамдагы адамдардын төмөндөтүлгөн наамда жүргөн убагы калыбына келтирилген наамда кызмат өтөө мөөнөтүнө кирбейт. 7. Оор кылмыштарды ачкандыгы же болтурбай койгондугу жана анда кайраттуулук менен чечкиндүүлүк көрсөткөндүгү, кызматтык иштеги жогорку натыйжалары үчүн аттестациялык курамга мурунку наамда белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө, кезектеги наамдар мөөнөтүнөн мурда же мурунку наамдан бир жарым мөөнөтү өткөндө ээлеген штаттык кызматы боюнча каралгандан бир даражага жогору наам ыйгарылышы мүмкүн: - кенже жетекчи курамдын наамдары - бул наамдарды ыйгарууга укуктуу начальниктери тарабынан; - ортоңку жана улук жетекчи курамдын наамдары - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан ыйгарылат. 8. Ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору ыйгаруу жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн бүткүл мезгили ичинде бир гана жолу жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгара турган учурларды кошпогондо, ушул негиздер боюнча наамдардын бир учурда ыйгарылышына жол берилбейт. 9. Пенсия чектөөдө эске алынуучу 20 жылдык жана андан ашуун кызмат өтөгөн жылдары бар, ыйгарылган - наамында белгиленген мөөнөттөгү кызматын өтөгөн жана жакшы аттестацияланган офицердик курамдын адамдарына аларды курагы же оорусу боюнча кызматтан чыгаруу менен ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамына карабастан, ички кызматтын подполковнигине чейиики кезектеги наам Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан ыйгарылышы мүмкүн. | 9-статья. Атайын наамдарда кызмат өтөө мөөнөттөрү 1. Кенже жетекчи курамдагы наамдар боюнча өтөгөн жылдардын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленет: - ички кызматтын кенже сержанты, ички кызматтын сержанты наамында - 1 жыл; - ички кызматтын улук сержанты наамында - 2 жыл; - ички кызматтын старшинасы наамында - 3 жыл; - ички кызматтын прапорщиги наамында - 4 жыл. 2. Ички кызматтын катардагысы, ички кызматтын улук прапорщиги наамдары боюнча кызмат өтөгөн жылдарга мөөнөт белгиленбейт. 3. Офицердик курамдагы адамдардын наамдар боюнча кызмат өтөгөн жылдардын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленет: - ички кызматтын кенже лейтенанты наамында - 1 жыл; - ички кызматтын лейтенанты наамында - 2 жыл; - ички кызматтын улук лейтенанты наамында - 2 жыл; - ички кызматтын капитаны наамында - 3 жыл; - ички кызматтын майору наамында - 3 жыл; - ички кызматтын подполковниги наамында - 4 жыл. 4. Ички кызматтын полковниги жана андан жогорку наамдарда кызмат өтөгөн жылдарга мөөнөт белгиленбейт. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, башка министрликтеринин жана ведомстволорунун жана башка мамлекеттердин жогорку окуу жайларын бүтүргөн офицердик курамдын адамдары үчүн ички кызматтын лейтенанты наамында кызмат өтөө мөөнөтү 1 жылга белгиленет. КЕЗЕКТЕГИ "ИЧКИ КЫЗМАТТЫН МАЙОРУ" АТАЙЫН НААМЫ ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН КЫЗМАТКЕРИНЕ ЖОГОРКУ БИЛИМИ БОЛГОНДО ЫЙГАРЫЛАТ. 6. Кызмат өтөө мөөнөтү наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет. Жетекчи курамдагы адамдардын төмөндөтүлгөн наамда жүргөн убагы калыбына келтирилген наамда кызмат өтөө мөөнөтүнө кирбейт. 7. ООР КЫЛМЫШТЫ АЧКАНДЫГЫ ЖЕ БОЛТУРБАСТАН ЭРДИК ЖАНА КААРМАНДЫК КӨРСӨТКӨНДҮГҮ, ИШ АРАКЕТТЕРИНДЕ ЧОҢ ЖЕТИШКЕНДИГИ ҮЧҮН АТТЕСТАЦИЯЛАНГАН КУРАМГА МУРУНКУ НААМЫНЫН ЖАРЫМЫН ӨТӨП БҮТКӨНДӨ, БАШКАЧА АЙТКАНДА МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА, ЖЕ БОЛБОСО БИР ЖАРЫМ МӨӨНӨТҮ ӨТӨЛСӨ ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ БЕЛГИЛЕГЕН ШТАТТЫК КЫЗМАТ ОРДУ БОЮНЧА НААМ БИР ТЕПКИЧКЕ ЖОГОРУ ЫЙГАРЫЛАТ. 8. Ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же бир баекычка жогору ыйгаруу жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн бүткүл мезгили ичинде бир гана жолу жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгара турган учурларды кошпогондо, ушул негиздер боюнча наамдардын бир учурда ыйгарылышына жол берилбейт. 9. Пенсия чектөөдө эске алынуучу 20 жылдык жана андан ашуун кызмат өтөгөн жылдары бар, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттөгү кызматын өтөгөн жана жакшы аттестацияланган офицердик курамдын адамдарына аларды курагы же оорусу боюнча кызматтан чыгаруу менен ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамына карабастан, ички кызматтын подполковнигине чейинки кезектеги наам ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ ТАРАБЫНАН ЫЙГАРЫЛЫШЫ МҮМКҮН. |
| 10-статья. Кезектеги атайын наамдарды берүүнү кечиктирүү 1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин тартиптик жаза чарасы (оозеки жарыялангандарын кошпогондо) колдонулган кызматкерлерине, болбосо кылмыш иши козголгондорго, же кызматтык тартипти бузуу фактылары боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткандарды кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүү тартиптик жаза чарасы тиешелүү түрдө алынганга же жазык иши кыскартылганга же болбосо кызматтык текшерүү аяктаганга чейин жүргүзүлбөйт. 2. Жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкерин атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечиктирген жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин начальниги тартиптик жоопкерчилик тартат. 3. Биринчи же кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүү негизсиз кечиктирилген учурда жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкери көрсөтүлгөн атайын наам өз учурунда ыйгарылганда алуусу тийиш болгон каражаттын тиешелүү түрлөрүнүн ордун толтуруп алууга укуктуу. | 10-статья. Кезектеги атайын наамдарды берүүнү кечиктирүү 1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин тартиптик жаза чарасы (оозеки жарыялангандарын кошпогондо) колдонулган кызматкерлерине, болбосо кылмыш иши козголгондорго, же кызматтык тартипти бузуу фактылары боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткандарды кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүү тартиптик жаза чарасы тиешелүү түрдө алынганга же жазык иши кыскартылганга же болбосо кызматтык текшерүү аяктаганга чейин жүргүзүлбөйт. 1-1. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН БАЛА БАГУУ БОЮНЧА ӨРГҮҮДӨ ЖҮРГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КЕЗЕКТЕГИ АТАЙЫН НААМДАР БАЛА БАГУУ БОЮНЧА ӨРГҮҮДӨН ЧЫККАН КҮНДӨН ТАРТЫП 3 АЙ ИЧИНДЕ ЫЙГАРЫЛАТ. 2. Жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкерин атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечиктирген жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин начальниги тартиптик жоопкерчилик тартат. 3. Биринчи же кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүү негизсиз кечиктирилген учурда жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкери көрсөтүлгөн атайын наам өз учурунда ыйгарылганда алуусу тийиш болгон каражаттын тиешелүү түрлөрүнүн ордун толтуруп алууга укуктуу. |
| 13-статья. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызматка дайындоо жана аларды кызмат боюнча которуштуруу 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу боюнча борбордук органынын жетекчиси кызматка Кыргыз Республикасыны Юстиция министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу боюнча борбордук органынын жетекчисинин орун басарлары кызматка Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу боюнча борбордук органынын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан дайындалышат жана кызматтан бошотулушат. 3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин башка кызматкерлери кызматка Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин буйругу менен белгиленген тартипте дайындалышат жана бошотулушат. 4. Аттестацияланган курамдагы адамдар айкалыштыруучу кызматтар жана ал кызматтарга тиешелүү наамдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бекиткен тизмек боюнча аныкталат. 5. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы кызматтарынын сапаттуу жабдылуусун камсыз кылуу баардык даражадагы жетекчилердин милдети болуп саналат. 6. Аттестацияланган курамды штаттык кызмат орундарына дайындоону жана кызмат боюнча которуштурууну түздөн түз начальниктер өздөрүнүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аныктоочу компетенциясына жараша жүргүзүшөт. 7. Аттестацияланган курамдагы адамдарды кызмат боюнча которуштуруу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: - жогорку кызматка - кызматы боюнча көтөрүү иретинде; - бирдей кызматка - жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкерлеринин штатын же санын кыскартууга байланыштуу (мындан ары - уюштуруу-штаттык иш чараларына), иш тажрыйбасын эске алуу менен, адистиги боюнча кыйла максаттуу пайдалануу үчүн, же болбосо жеке өтүнүчү боюнча, ал эми офицердик курамдагы адамдарды болсо - белгилүү мөөнөткө кызмат өтөөчү жерлердин алмаштырылганына байланыштуу; - Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин ички иштер министрлиги тармагынын окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмүнө окууга өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошогондо, ошондой эле окууну бүтүргөндөн кийин кызматка дайындалганда; - төмөнүрөөк кызматка - штаттар кыскартылганда; - аттестацияланган курамдагы адамдын макулдугу менен бирдей кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогондо; - ден соолугуна байланыштуу аскердик-врачтык комиссиянын токтомуна ылайык жана анын макулдугу менен; - жеке өтүнүчү боюнча; - аттестациялык тартипте ээлеген кызматына ылайык келбегендиги боюнча; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставына ылайык тартиптик жаза берүү иретинде. 8. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын же мекемелеринин жоюлганына байланыштуу, же болбосо уюштуруу-штаттык иш чараларды жүргүзүү үчүн кызматкерлерди кызматтан бошотууда кызматкерлерди андан ары кызматка орноштуруу үчүн үч айга чейинки акчалай маянасын сактоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагына жөнөтүлөт. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагында жүргөн мөөнөтүнө анын ооруган, кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн мезгили эсептелбейт. | 13-статья. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызматка дайындоо жана аларды кызмат боюнча которуштуруу 1. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ КЫЗМАТКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ТАРАБЫНАН ДАЙЫНДАЛАТ. 2. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЛАРЫ КЫЗМАТКА ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН МАКУЛДАШУУ МЕНЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ТАРАБЫНАН ДАЙЫНДАЛЫШАТ ЖАНА КЫЗМАТТАН БОШОТУЛУШАТ. 3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин башка кызматкерлери кызматка Кыргыз Республикасынын буйругу менен белгиленген тартипте дайындалышат жана бошотулушат. 4. Аттестацияланган курамдагы адамдар айкалыштыруучу кызматтар жана ал кызматтарга тиешелүү наамдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бекиткен тизмек боюнча аныкталат. 5. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы кызматтарынын сапаттуу жабдылуусун камсыз кылуу баардык даражадагы жетекчилердин милдети болуп саналат. 6. Аттестацияланган курамды штаттык кызмат орундарына дайындоону жана кызмат боюнча которуштурууну түздөн түз начальниктер өздөрүнүн жазык аткаруу тармагындагы ыйгарымдуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктоочу комиетенциясына жараша жүргүзүшөт. 7. Аттестацияланган курамдагы адамдарды кызмат боюнча которуштуруу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: - жогорку кызматка - кызматы боюнча көтөрүү иретинде; - БИРДЕЙ КЫЗМАТКА - ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНЫНЫН ЖЕ МЕКЕМЕСИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ШТАТЫН ЖЕ САНЫН КЫСКАРТУУГА БАЙЛАНЫШТУУ (МЫНДАН АРЫ - УЮШТУРУУ-ШТАТТЫК ИШ ЧАРАЛАРЫНА), ИШ ТАЖРЫЙБАСЫН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН, АДИСТИГИ БОЮНЧА КЫЙЛА МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНУУ ҮЧҮН, ЖЕ БОЛБОСО ЖЕКЕ ӨТҮНҮЧҮ БОЮНЧА; - КЫЗМАТТЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНДА КЫЗМАТКЕРДИ БАШКА ЖЕРГЕ КОТОРУУГА (РОТАЦИЯГА) (КАДРЛАР АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ЖЕ ТҮЗДӨН ТҮЗ ЖЕТЕКЧИСИНИН СУНУШУ БОЮНЧА) БАЙЛАНЫШТУУ. 4 ЖАНА АНДАН КӨП ЖЫЛ КЫЗМАТ ОРДУН ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТКЕР КОТОРУЛАТ; - Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин ички иштер министрлиги тармагынын окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмүнө окууга өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошогондо, ошондой эле окууну бүтүргөндөн кийин кызматка дайындалганда; - төмөнүрөөк кызматка - штаттар кыскартылганда; - аттестацияланган курамдагы адамдын макулдугу менен бирдей кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогондо; - ден соолугуна байланыштуу аскердик-врачтык комиссиянын токтомуна ылайык жана анын макулдугу менен; - жеке өтүнүчү боюнча; - аттестациялык тартипте ээлеген кызматына ылайык келбегендиги боюнча; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставына ылайык тартиптик жаза берүү иретинде. 8. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН КЫЗМАТКЕРИН КЫЗМАТЫ БОЮНЧА КОТОРГОНДО, АЛ АДАМ ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫНА ЖАРАША ЖЕ БОЛБОСО НЕГИЗГИ ЖЕ ОКШОШ АДИСТИГИ БОЮНЧА ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТ. АЛ КЫЗМАТКЕР ЖАҢЫ АДИСТИК БОЮНЧА ПАЙДАЛАНЫЛА ТУРГАН БОЛСО, ТИЕШЕЛҮҮ КУРСТАРДА КАЙРА ДАЯРДОО ӨТҮШҮ ЗАРЫЛ". 9. ШТАТТАРДЫ КЫСКАРТУУНУ КӨЗДӨБӨГӨН РЕОРГАНИЗАЦИЯ (БАШ ИЙҮҮЧҮЛҮКТҮ, ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН, КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН АТАЛЫШЫН ӨЗГӨРТҮҮ) КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КАДРЛАР КАРАМАГЫНА КАЛТЫРУУ ҮЧҮН НЕГИЗ БОЛБОЙТ. ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КАДРЛАР КАРАМАГЫНА КЫЗМАТКЕРЛЕР ШТАТТЫК САНДЫ КЫСКАРТУУДА, ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНЫ ЖЕ МЕКЕМЕСИ ЖОЮЛГАНДА, МУРУН КАЙСЫ БИР КЫЗМАТ ОРДУН ЭЭЛЕП, КАЙРА КЫЗМАТКА КАБЫЛ АЛЫНГАНДА ЖАНА АНЫ БАШКА КЫЗМАТ ОРДУНА ДАЙЫНДООГО МҮМКҮНЧҮЛҮК БОЛБОГОНДО, ТАРТИПТИК УСТАВГА ЫЛАЙЫК КЫЗМАТЫНАН ЧЕТТЕТИЛГЕНДЕ, БАШКА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНАН ЖАНА АСКЕРДИК ТҮЗҮЛҮШТӨРДӨН КОТОРУЛУП КЕЛГЕНДЕ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 23-СТАТЬЯСЫНЫН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮГҮНӨ ЫЛАЙЫК АЙЛЫК АКЫСЫНЫН САКТАЛУУСУ МЕНЕН ҮЧ АЙЛЫК МӨӨНӨТКӨ КАЛТЫРЫЛАТ, АНДАН КИЙИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БЕЛГИЛЕГЕН ТАРТИПТЕ КЫЗМАТКЕР КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛАТ. КАДРЛАР КАРАМАГЫНДА ЖҮРГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕР КАДРЛАР КЫЗМАТЫНЫН КӨРСӨТМӨСҮ БОЮНЧА ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНА ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНЕ КЕЛИП, КӨРСӨТКӨН БАГЫТТА КЫЗМАТ МИЛДЕТТЕРИН АТКАРЫП ТУРУУГА МИЛДЕТТҮҮ. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КАДРЛАР КАРАМАГЫНДА ЖҮРҮҮ МӨӨНӨТҮНӨ ООРУГАН ЖЕ ӨРГҮҮДӨ БОЛГОН МӨӨНӨТ КИРБЕЙТ. |
| 15-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин анты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестациялык курамынын адамдары төмөндөгүдөй ант беришет: "Мен. Ф.А.А., Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органына жана мекемесине мамлекеттик кызматка кирип жатып, өз элиме берилип кызмат кылууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын талаптарын кыйшаюусуз жетекчиликке алууга; жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан өмүрүмдү албастан коргоого; мыйзамды сактоого, чынчыл, кыраакы кызматкер болууга, инсанды урматтоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды сактоого; кызматтык парзымды жана мага жүктөлгөн милдеттерди чын дилимден аткарууга салтанаттуу ант берем. Берген антымды бузсам, мени Кыргыз Республикасынын мыйзамдары катуу жазаласын". | 15-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин анты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестациялык курамынын адамдары төмөндөгүдөй ант беришет: "Мен, Ф.А.А., Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органына жана мекемесине мамлекеттик кызматка кирип жатып, өз элиме берилип кызмат кылууга; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫН КЫЙШАЮУСУЗ ЖЕТЕКЧИЛИККЕ АЛУУГА; жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан өмүрүмдү албастан коргоого; мыйзамды сактоого, чынчыл, кыраакы кызматкер болууга, инсанды урматтоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды сактоого; КЫЗМАТТЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ТАЛАП КЫЛГАН ЖЕРДЕ КЫЗМАТ ӨТӨӨГӨ; кызматтык парзымды жана мага жүктөлгөн милдеттерди чын дилимден аткарууга салтанаттуу ант берем. Берген антымды бузсам, мени Кыргыз Республикасынын мыйзамдары катуу жазаласын". |
| 16-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин кийиминин формасы 1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери үчүн формалуу кийимдерди кийүү каралган. Ал кийимдердин формасы, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин айырмалоо белгилери жана аларды буюм акылары: менен жабдуу ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Формалуу кийим кийүү тартиби жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан белгиленет. Формалуу кийим акысыз берилет. 2. Пенсия алуу укугу менен жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен кызматтан бошотулган жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине формалуу кийимин кийип жүрүүгө уруксат берилет. | 16-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин кийиминин формасы 1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери үчүн формалуу кийимдерди кийүү каралган. Ал кийимдердин формасы, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин айырмалоо белгилери жана аларды буюм акылары: менен жабдуу ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Формалуу кийим кийүү тартиби жана эрежелери ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ тарабынан белгиленет. Формалуу кийим акысыз берилет. 2. ПЕНСИЯ АЛУУ УКУГУ МЕНЕН ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНДА ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ КЫНТЫКСЫЗ КЫЗМАТ КЫЛГАН УЧУРДА ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНАН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНЕН КЫЗМАТТАН БОШОТУЛГАН ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ФОРМАЛУУ КИЙИМИН КИЙИП ЖҮРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРИЛЕТ. |
| 19-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө Аттестацияланган курамга кирген адамдар тийиштүү окуу жайлардын окуучулары, угуучулары жана студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерден пайдалануу менен жалпы билим берүүчү жана башка окуу жайларда, ал эми эл аралык келишимдерге ылайык - чет мамлекеттердин окуу жайларында окуй алышат. Кызматкерлер өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аныктаган тартипте жогорулатышат. Аттестацияланган курамга кирген адамдардын ичинен кош бойлуу аялдар жана энелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген баардык укуктардан жана жеңилдиктерден пайдаланышат. Кызматкерлер бала багуу боюнча өргүүгө чыккан мезгилде алардын ордун аттестацияланган курамдагы адамдардын же жарандык калк ичинен алынган адамдар менен алмаштырууга уруксат берилет. | 19-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө Аттестацияланган курамга кирген адамдар тийиштүү окуу жайлардын окуучулары, угуучулары жана студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерден пайдалануу менен жалпы билим берүүчү жана башка окуу жайларда, ал эми эл аралык келишимдерге ылайык - чет мамлекеттердин окуу жайларында окуй алышат. Кызматкерлер өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аныктаган тартипте жогорулатышат. Аттестацияланган курамга кирген адамдардын ичинен кош бойлуу аялдар жана энелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген баардык укуктардан жана жеңилдиктерден пайдаланышат. Кызматкерлер бала багуу боюнча өргүүгө чыккан мезгилде алардын ордун аттестацияланган курамдагы адамдардын же жарандык калк ичинен (ОПЕРАТИВДИК-КЫЗМАТТЫК ИШТЕРГЕ БАЙЛАНЫШПАГАН ЖАНА ЖАШЫРУУН ИШ КАГАЗДАРГА УРУКСАТ АЛУУНУ ТАЛАП КЫЛБАГАН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА), АТАЙЫН НААМ БЕРИЛБЕСТЕН, алынган адамдар менен алмаштырууга уруксат берилет. |
| 23-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына иштөөгө жиберүү 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына кызматка дайындалган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун кадрларында калтырылуу менен алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткүчө иштөөгө жиберилет. Иштөөгө жиберүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин буйругу менен жол-жоболоштурулат. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун кадрларында калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Премьер-миннстринин Аппаратына иштөөгө жиберилген катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарга тийиштүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты тарабынан белгиленген өлчөмдөгү эмгек акы төлөнүп берилет. Эгер Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты төлөгөн эмгек акы иштөөгө жөнөтүлгөнгө чейин алып жүргөн эмгек акысынан аз болсо (иштөөгө жиберилгенден кийинки айлыктын көбөйүшүн эске алуу менен) тийиштүү айырма Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты тарабынан төлөнүп берилет. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында кызмат өтөө мөөнөтү, иши бүткөндөн кийин иштөөгө жиберилген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагына келишет жана мамлекеттик бийликтин жана жогорку башкаруу органдарына иштөөгө жиберилгенге чейин ээлеген ордуна же ошого тете кызмат ордуна орноштурулуусу тийиш. 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун кадрларында калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына иштөөгө жиберилген офицердик курамдагы адамдарга кезектеги наамдар ушул Мыйзамдын 3-главасында белгиленген тартипте ыйгарылат. Ички кызматтын офицердик курамынын полковнигине чейинки кезектеги наамды ыйгаруу мурда ыйгарылган наамда иштеген жылдары үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына иштөөгө жиберилгенге чейин ээлеп турган акыркы штаттык кызмат ордуна наамы ылайык келгенде, иштөөгө жиберилгенден кийин киргизилген бул кызмат боюнча штаттагы наамга өзгөртүүнү эске албастан жүргүзүлөт. 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун кадрларында калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына иштөөгө жиберилген катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жүргүзүлбөйт. 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы адамдарын шайлануучу башка кызмат орундарына иштөөгө жиберүү ушундай эле тартипте жана шартта жүргүзүлөт. 7. Ички иштер органдарынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин иштөөгө жиберилген кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн белгиленген укуктар, жеңилдиктер жана артыкчылыктар сакталып калат. 8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарын кызматкерлерине аскердик наам, атайын класстык чиндер жана атайын наамдарды ыйгаруучу министрликтерге жана ведомстволорго которуу офицердик курамдагы адамдын каалоосун эске алуу жана тийиштүү ведомство менен макулдашуу боюнча жеке тартипте жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин буйругу менен жол-жоболоштурулат. | 23-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРГА иштөөгө жиберүү 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызматка дайындалган Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларында калтырылуу менен алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткүчө иштөөгө жиберилет. Иштөөгө жиберүү ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ буйругу менен жол-жоболоштурулат. 1-1. ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНА ЖҮКТӨЛГӨН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧИШ ҮЧҮН КЫЗМАТКЕР ӨЗ МАКУЛДУГУ МЕНЕН ЖЕТЕКЧИСИ ТАРАБЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН МЫЙЗАМДАРЫН БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ ЫЛАЙЫК ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРГА ЖИБЕРИЛСЕ БОЛОТ. ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРГА ЖИБЕРИЛГЕН КЫЗМАТКЕР УШУЛ МЫЙЗАМДА КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДЕ КАРАЛГАН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРДҮ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН КЫЗМАТ ӨТӨЙТ. 2. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларында калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ошондой эле эл аралык уюмдарга иштөөгө жиберилген катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарга тийиштүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты эл аралык уюмдар тарабынан белгиленген өлчөмдөгү эмгек акы төлөнүп берилет. Эгер Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты эл аралык уюмдар төлөгөн эмгек акы иштөөгө жөнөтүлгөнгө же эл аралык уюмдарга жиберилгенге чейин алып жүргөн эмгек акысынан аз болсо (иштөөгө жиберилгенден кийинки айлыктын көбөйүшүн эске алуу менен) тийиштүү айырма Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты эл аралык уюмдар тарабынан төлөнүп берилет. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында кызмат өтөө мөөнөтү, иши бүткөндөн кийин иштөөгө жиберилген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагына келишет жана мамлекеттик бийликтин жана жогорку башкаруу органдарына иштөөгө жиберилгенге чейин ээлеген ордуна же ошого тете кызмат ордуна орноштурулуусу тийиш. 4. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларында калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иштөөгө жиберилген офицердик курамдагы адамдарга кезектеги наамдар ушул Мыйзамдын 3-главасында белгиленген тартипте ыйгарылат. Ички кызматтын офицердик курамынын полковнигине чейинки кезектеги наамды ыйгаруу мурда ыйгарылган наамда иштеген жылдары үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндө Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иштөөгө жиберилгенге чейин ээлеп турган акыркы штаттык кызмат ордуна наамы ылайык келгенде, иштөөгө жиберилгенден кийин киргизилген бул кызмат боюнча штаттагы наамга өзгөртүүнү эске албастан жүргүзүлөт. 5. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларында калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иштөөгө жиберилген катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жүргүзүлбөйт. 6. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы адамдарын шайлануучу башка кызмат орундарына иштөөгө жиберүү ушундай эле тартипте жана шартта жүргүзүлөт. 7. Ички иштер органдарынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин иштоөгө жиберилген кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн белгиленген укуктар, жеңилдиктер жана артыкчылыктар сакталып калат. 8. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарын кызматкерлерине аскердик наам, атайын класстык чиндер жана атайын наамдарды ыйгаруучу министрликтерге жана ведомстволорго которуу офицердик курамдагы адамдын каалоосун эске алуу жана тийиштүү ведомство менен макулдашуу боюнча жеке тартипте жүргүзүлөт жана ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ буйругу менен жол-жоболоштурулат. |
| 26-статья. Кезектеги ар жылдык өргүү 1. Кезектеги өргүүлөр аттсстацияланган курамдагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринин тармагы боюнча пенсия чектелген учурда эсепке алынуучу кызмат өтөгөн жылдарына жараша (календарлык эсеп менен) берилет: а) 10 жылдан аз иштегендерге - жыл сайын отуз календарлык күн; б) 10дон 15 жылга чейин иштегендерге - жыл сайын отуз беш кызматкерлерди тартиби менен шарттары Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан аныкталат. календарлык күн; в) 15тен 20 жылга чейин иштегендерге, ошондой эл иштеген жылдарына карабастан, илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери ардак наамы барларга - жыл сайын кырк календарлык күн; г) 20 жыл жана андан ашык иштегендерге, ошондой эле иштеген жылына карабастан, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессорлук наамы болгондорго - жыл сайын элүү календарлык күн. 2. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги өргүү эки бөлүнүп берилиши мүмкүн, мында өргүүнүн бир бөлүгү он календарлык күндөн кем болбоосу керек. Өргүү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра келүү үчүн берилүүчү акча каражаттары, ошондой эле жол жүрүүгө кетүүчү убакыт өргүүнүн бир бөлүгүнө гана берилет. 3. Узактыгы кырк беш календарлык күндүк болгон кезектеги өргүүлөр, ошондой эле иштеген жылына карабастан тоолуу жерлерде (1500 метр жана андан бийикте) кызмат өтөгөн аттестацияланган курамдагы адамдарга берилет. 4. Иштеген убактысы аттестацияланган курамга жеңилдетилген шартта пенсия чектөө үчүн иштеген жылдары эсептөөгө кошулуучу жана кырк беш календарлык күнгө созулуучу кезектеги өргүүлөргө укук-берүүчү климаттык шарты катаал жерлердин тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин чечими боюнча узак эс алууга муктаж болгон аттестацияланган курамдагы адамдарга өзгөчө учурларда өтөгөн жылдарына карабастан, өтө татаал шартта же өзгөчө кырдаалда кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу узактыгы кырк беш календарлык күнгө созулуучу кезектеги өргүүлөр берилиши мүмкүн. 6. Катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды кезектеги өргүүсүнөн чакыртып алууга жол берилбейт. Иш боюнча өтө зарыл болгон учурларда түздөн түз начальнигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана кезектеги өргүүдөн чакыртып алууга болот. Кезектеги өргүүдөн чакыртып алганда анын пайдаланылбаган бөлүгү, эреже катары, ошол жыл ичинде берилет. Эгер өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү он календарлык күн же андан көп болсо, катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарга өргүүнү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра келүү үчүн жол кире документтери жана өргүүдөн сырткары жолдо жүрүүгө кошумча убакыт берилет. Аттестацияланган курамдагы адамдын каалоосу боюнча өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү кийинки жылдагы кезектеги өргүүгө кошулушу мүмкүн. 7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен жашы, оорусу, ден соолугу боюнча же штат кыскарганына байланыштуу бошотулуп жаткан аттестацияланган курамдагы адамдарга алардын каалоосу боюнча ошол бошонгон жылы ушул Мыйзамдын ушул статьясынын экинчи пунктунда белгиленген мөөнөткө кезектеги өргүү берилет. 8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен бошотулган аттестацияланган курамдагы адамдарга (ушул Мыйзамдын ушул статьясынын жетинчи пунктунда көрсөтүлгөндөн башкаларга) бошогон жылы пайдаланылбаган кезектеги өргүүсү үчүн ошол жылдагы иштеген убактысына жараша акчалай компенсация төлөнөт. 9. Аттестацияланган курамдагы адамдарга өтө зарыл социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн, баарыдан мурда ден соолугун сактоого, туугандык парзын аткарууга, ошондой эле башка жүйөөлүү себептерге байланыштуу он календарлык күнгө чейинки кыска мөөнөттүү өргүү берилет. Кыска мөөнөттүү өргүү кезектеги өргүүнүн эсебине кошулбайт. | 26-статья. Кезектеги ар жылдык өргүү 1. Кезектеги өргүүлөр аттестацияланган курамдагы адамдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринин тармагы боюнча пенсия чектелген учурда эсепке алынуучу кызмат өтөгөн жылдарына жараша (календарлык эсеп менен) берилет: а) 10 жылдан аз иштегендерге - жыл сайын отуз календарлык күн; б) 10дон 15 жылга чейин иштегендерге - жыл сайын отуз беш календарлык күн; кызматка кабыл алуу, кызмат орундарынан которуу, кызмат боюнча жогорулатуу жана бошотуу алардын улутуна, социалдык, мүлктүк абалына, көз карашына мыйзам чегинде иштеп жаткан коомдук бирикмелердин ишине катышкандыгына же катышпага в) 15тен 20 жылга чейин иштегендерге, ошондой эл иштеген жылдарына карабастан, илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери ардак наамы барларга - жыл сайын кырк календарлык күн; г) 20 жыл жана андан ашык иштегендерге, ошондой эле иштеген жылына карабастан, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессорлук наамы болгондорго - жыл сайын элүү календарлык күн. 2. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги өргүү эки бөлүнүп берилиши мүмкүн, мында өргүүнүн бир бөлүгү он календарлык күндөн кем болбоосу керек. Өргүү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра келүү үчүн берилүүчү акча каражаттары, ошондой эле жол жүрүүгө кетүүчү убакыт өргүүнүн бир бөлүгүнө гана берилет. 3. Узактыгы кырк беш календарлык күндүк болгон кезектеги өргүүлөр, ошондой эле иштеген жылына карабастан тоолуу жерлерде (1500 метр жана андан бийикте) кызмат өтөгөн аттестацияланган курамдагы адамдарга берилет. 4. Иштеген убактысы аттестацияланган курамга жеңилдетилген шартта пенсия чектөө үчүн иштеген жылдары эсептөөгө кошулуучу жана кырк беш календарлык күнгө созулуучу кезектеги өргүүлөргө укук-берүүчү климаттык шарты катаал жерлердин тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. 5. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ чечими боюнча узак эс алууга муктаж болгон аттестацияланган курамдагы адамдарга өзгөчө учурларда өтөгөн жылдарына карабастан, өтө татаал шартта же өзгөчө кырдаалда кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу узактыгы кырк беш календарлык күнгө созулуучу кезектеги өргүүлөр берилиши мүмкүн. ИНТЕРНАЦИОНАЛИСТ-ЖООКЕРЛЕРДИН ИЧИНЕН ЧЫККАН КЫЗМАТКЕРГЕ КЫЗМАТТЫН АР ТҮРДҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮНӨ КАРАБАСТАН ОН БЕШ КАЛЕНДАРЛЫК КҮН КОШУМЧА ӨРГҮҮ БЕРИЛЕТ. 6. Катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды кезектеги өргүүсүнөн чакыртып алууга жол берилбейт. Иш боюнча өтө зарыл болгон учурларда түздөн түз начальнигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана кезектеги өргүүдөн чакыртып алууга болот. Кезектеги өргүүдөн чакыртып алганда анын пайдаланылбаган бөлүгү, эреже катары, ошол жыл ичинде берилет. Эгер өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү он календарлык күн же андан көп болсо, катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарга өргүүнү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра келүү үчүн жол кире документтери жана өргүүдөн сырткары жолдо жүрүүгө кошумча убакыт берилет. Аттестацияланган курамдагы адамдын каалоосу боюнча өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү кийинки жылдагы кезектеги өргүүгө кошулушу мүмкүн. 7. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен жашы, оорусу, ден соолуту боюнча же штат кыскарганына байланыштуу бошотулуп жаткан аттестацияланган курамдагы адамдарга алардын каалоосу боюнча ошол бошонгон жылы ушул Мыйзамдын ушул статьясынын экинчи БӨЛҮГҮНДӨ белгиленген мөөнөткө кезектеги өргүү берилет. 8. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен бошотулган аттестацияланган курамдагы адамдарга (ушул Мыйзамдын ушул статьясынын жетинчи БӨЛҮГҮНДӨ көрсөтүлгөндөн башкаларга) бошогон жылы пайдаланылбаган кезектеги өргүүсү үчүн ошол жылдагы иштеген убактысына жараша акчалай компенсация төлөнөт. 9. КЫЗМАТКЕРГЕ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ШАРТЫНА ЖЕ БАШКА МААНИЛҮҮ СЕБЕПТЕРГЕ БАЙЛАНЫШТУУ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ УЗАКТЫГЫ 10 КАЛЕНДАРДЫК КҮНДҮ ТҮЗГӨН ӨРГҮҮ ТӨМӨНКҮ УЧУРЛАРДА БЕРИЛСЕ БОЛОТ: - ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУДА; - ЖАКЫН ТУУГАНЫ КАТУУ ООРУСА ЖЕ КАЗА ТАПСА; - ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ ЖЕ ЖАКЫН ТУУГАНЫНА ЗАЛАЛ ТИЙГИЗГЕН ӨРТ ЖЕ БАШКА КЫРСЫК БОЛСО; - ҮЙ-БҮЛӨДӨ БАЛА ТӨРӨЛСӨ; - ҮЙ-БҮЛӨДӨ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРАНЫ УЮШТУРУУ ЗАРЫЛ БОЛСО. КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ӨРГҮҮ КЕЗЕКТЕГИ ӨРГҮҮНҮН ЭСЕБИНЕ КИРБЕЙТ ЖАНА ӨРГҮҮ БЕРГЕН ЖЕТЕКЧИНИН МАКУЛДУГУ МЕНЕН БЕШ КҮНГӨ ЧЕЙИН УЗАРТЫЛСА БОЛОТ. 10. КЫЗМАТКЕРГЕ БИРИНЧИ ЖЫЛЫ ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮН БЕРҮҮДӨ, НААМ ЫЙГАРЫЛГАН ЖЕ ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН КАДРЛАРЫНА КАБЫЛ АЛГАН КҮНГӨ КАРАБАСТАН, КЫЗМАТ ОРДУНА ДАЙЫНДАГАН КҮНДӨН БЕРКИ МЕЗГИЛ ЭСЕПКЕ АЛЫНАТ. ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮ БИРИНЧИ ЖУМУШ ЖЫЛЫНДА ИШТЕГЕНДЕН 11 АЙДАН КЕМ ЭМЕС МЕЗГИЛДЕН КИЙИН БЕРИЛЕТ. 11 АЙ ӨТКӨНГӨ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛДЕ ӨРГҮҮ ТАРАПТАРДЫН МАКУЛДАШУУСУ БОЮНЧА, АЯЛДАРГА - БАЛА ТӨРӨӨ БОЮНЧА ӨРГҮҮДӨН МУРУН ЖЕ АНДАН КИЙИН, 3 АЙГА ЧЕЙИНКИ ЖАШТАГЫ БАЛА БАГЫП АЛГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ БЕРИЛЕТ, БАШКА УЧУРЛАРДА - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ. |
| 31-статья. Аттестациялоо 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин иштерин өркүндөтүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыртуу, кызматкерлердин кесиптик чеберчиликтерин жана квалификациясын, демилгелүүлүктөрүн, чыгармачыл жигердүүлүктөрүн жана тапшырылган иш үчүн жоопкерчиликтерин арттыруу максатында катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жүргүзүлөт. 2. Аттестациялоодо алардын ишкердик, кесиптик, моралдык жана жеке сапаттары, маданий деңгээли жана адамдар менен иштеше билүү жөндөмү ар тараптан бааланат, ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө жыйынтыктар чыгарылат жана андан ары кызмат өтөөсү жөнүндө сунуштар берилет. 3. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөгөндөргө - төрт жыл өткөндөн кийин жыл сайын, ал эми катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдарга - үч жыл кызмат өтөгөндө жыл сайын жүргүзүлөт. 4. Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын угуучулары (адьюнкттар) жана курсанттары окуу жайды (адьюнктураны) бүткөндө аттестацияланышат. 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин чечими боюнча баардык катардагы жана жетекчи курамды же анын айрым категорияларын аттестациялоо башка мөөнөттөрдө да өткөрүлүшү мүмкүн. 6. Катардагы жана жетекчи курамды аттестациялоого даярдоонун жана аттестациялоону жүргүзүүнүн, аттестациялоонун жыйынтыктары менен сунуштарын ишке ашыруунун, ошондой эле аттестациялоону өткөрүүнүн тартибин бузуулар жана калыс эместиктер жөнүндө даттанууларды кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан аныкталат. | 31-статья. Аттестациялоо 1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин иштерин өркүндөтүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыртуу, кызматкерлердин кесиптик чеберчиликтерин жана квалификациясын, демилгелүүлүктөрүн, чыгармачыл жигердүүлүктөрүн жана тапшырылган иш үчүн жоопкерчиликтерин арттыруу максатында катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жүргүзүлөт. 2. Аттестациялоодо алардын ишкердик, кесиптик, моралдык жана жеке сапаттары, маданий деңгээли жана адамдар менен иштеше билүү жөндөмү ар тараптан бааланат, ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө жыйынтыктар чыгарылат жана андан ары кызмат өтөөсү жөнүндө сунуштар берилет. 3. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөгөндөргө - төрт жыл өткөндөн кийин жыл сайын. ал эми катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдарга - үч жыл кызмат өтөгөндө жыл сайын жүргүзүлөт. 4. Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын угуучулары (адьюнкттар) жана курсанттары окуу жайды (адьюнктураны) бүткөндө аттестацияланышат. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН ОРТОҢКУ ЖАНА УЛУК ЖЕТЕКЧИ КУРАМЫНЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫН КЕЛИШИМДИК НЕГИЗДЕ ЭЭЛЕГЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ БЕКИТИЛГЕН ТАРТИПТЕ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТӨТ. 5. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ чечими боюнча баардык катардагы жана жетекчи курамды же анын айрым категорияларын аттестациялоо башка мөөнөттөрдө да өткөрүлүшү мүмкүн. 6. Катардагы жана жетекчи курамды аттестациялоого даярдоонун жана аттестациялоону жүргүзүүнүн, аттестациялоонун жыйынтыктары менен сунуштарын ишке ашыруунун, ошондой эле аттестациялоону өткөрүүнүн тартибин бузуулар жана калыс эместиктер жөнүндө даттанууларды кароонун тартиби ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ тарабынан аныкталат. |
| 33-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин акчалай, кийим-кече жана азык-түлүк менен камсыз кылуу 1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин акчалай акысы: 1) кызматтык маяиасынан; 2) ыйгарылган атайын наам боюнча маянасынан; 3) иштеген жылдары үчүн, чет тилди билгендиги үчүн, илимий даражасы үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка кошумча төлөөлөрдөн турат; 4) эгер накталай берилбесе, азык-түлүк паегунун наркынан турат. 2. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине жыл сайын кызмат маянасынын эки эселенген өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт. 3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Юстиция министри белгилеген тартипте жана өлчөмдө сыйакылар төлөнүп берилет. 4. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укуктуу болгон жана ишин улантып жаткан аттестацияланган курамдагы адамдарга иштеген кызматы боюнча негизги маянасын алып жаткан учурда алууга тийиш болгон пенсиянын 50 пайызы кошумча төлөнүп берилет. 5. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн мыйзамда белгиленген өлчөмдөгү азык-түлүк паегу же болбосо паектун акчалай компенсациясы менен камсыз кылынат. Азык-түлүк паегун берүү ченеми, же эгер ал накталай берилбесе азык-түлүк паегун акчалай компенсациялоонун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 6. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин камакка алынган кызматкерлерине акчалай маяна төлөп берүү ал камакка алынган күндөн тартып токтотула турат жана камактан чыккан күндөн тартып кайрадан улантылат. Реабилитациялоочу негиздер боюнча кылмыш иши кыскартылганда жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине камакта болгон баардык мезгили үчүн акчалай акы төлөнүп берилет. 7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри белгилеген тартипте жана учурларда жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине формалуу кийим берүүнүн ордуна акчалай компенсациясын төлөп берүүгө уруксат берилет. | 33-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин акчалай, кийим-кече жана азык-түлүк менен камсыз кылуу 1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин акчалай акысы: 1) кызматтык маянасынан; 2) ыйгарылган атайын наам боюнча маянасынан; 3) иштеген жылдары үчүн, чет тилди билгендиги үчүн, илимий даражасы үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка кошумча төлөөлөрдөн турат; 4) эгер накталай берилбесе, азык-түлүк паегунун наркынан турат. 2. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине жыл сайын кызмат маянасынын эки эселенген өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт. 3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ белгилеген тартипте жана өлчөмдө сыйакылар төлөнүп берилет. 4. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укуктуу болгон жана ишин улантып жаткан аттестацияланган курамдагы адамдарга иштеген кызматы боюнча негизги маянасын алып жаткан учурда алууга тийиш болгон пенсиянын 50 пайызы кошумча төлөнүп берилет. 5. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн мыйзамда белгиленген өлчөмдөгү азык-түлүк паегу же болбосо паектун акчалай компенсациясы менен камсыз кылынат. Азык-түлүк паегун берүү ченеми, же эгер ал накталай берилбесе азык-түлүк паегун акчалай компенсациялоонун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 6. КЫЛМЫШ ЖАСАП, БӨГӨТ КОЮУ ЧАРАСЫ КАМАККА АЛУУ БОЛУП САНАЛГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАМАККА АЛЫНГАН КҮНДӨН ТАРТЫП АЙЛЫК ТӨЛӨӨ ТОКТОТУЛАТ ЖАНА АКТООГО НЕГИЗДЕР ТАБЫЛЫП ЖЕ АКТОО ӨКҮМҮ КАБЫЛ АЛЫНЫП, КАМАКТАН БОШОТУЛГАН КҮНДӨН ТАРТЫП КАЙРА ТӨЛӨНӨ БАШТАЙТ. КЫЗМАТКЕРДИ ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТ ОРДУНАН УБАКТЫЛУУ ЧЕТТЕТҮҮ УЧУРУНДА АЙЛЫК ТӨЛӨП БЕРҮҮ ТАРТИБИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА БЕЛГИЛЕНЕТ. 7. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ белгилеген тартипте жана учурларда жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине формалуу кийим берүүнүн ордуна акчалай компенсациясын төлөп берүүгө уруксат берилет. |
| 35-статья. Кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер 1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкердери бошотулган же алар каза (курман) болгон учурларда токтотулат. 2. Аттестацияланган курамдагы адамдарды кызматтан бошотуу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: a) эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар жана ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарактуу же жарактуулугу чектелүү адамдардын запаста турушу үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жете электерди запаска (аскердик каттоого алуу менен) чыгаруу менен; б) эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаста турушу үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жетсе, же аскердик-врачтык комиссия аны ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарабайт деп тапса, отставкага (аскердик каттоодон чыгаруу менен) чыгаруу менен. 3. Катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдар төмөндөгүдөй учурларда кызматтан запаска (аскердик каттоого алуу менен) чыгарылат: а) жаш курагы боюнча - алар үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген жашка жеткенде; б) oopууcу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын тынчтык учурда аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө (согуш учурунда - экинчи даражадагы чектелген жарактуулугу) корутундусунун негизинде; в) ден соолугунун чектелген абалына байланыштуу - аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде жана ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызмат милдеттерии аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой, ден соолугунун абалын эске алуу менен ал иштей алгыдай башка кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогондо; г) эгер ал узартылбаса, контракттын мөөнөтү бүткөндө; д) аттестациялоо тартибинде кызмат ордуна ылайыксыз болсо; е) тартип бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставына ылайык; ж) өз өтүнүчү боюнча; з) штат кыскаргандыгына байланыштуу - штат кыскарганына же уюштуруу иш-чараларына байланыштуу кызматка пайдаланууга мүмкүн болбогондо. 4. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдар төмөндөгүдөй учурларда кызматтан запаска (аскердик каттоого алуу менен) чыгарылат: а) жаш курагы боюнча - алар үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген жашка жеткенде; б) ооруусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын тынчтык учурда аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө (согуш учурунда - экинчи даражадагы чектелген жарактуулугу жөнүндө) корутундусунун негизинде; в) ден соолугунун чектелген абалы боюнча - ден соолугуна байланыштуу ээлеп турган кызматтагы милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой жана ден соолугунун абалын эске алуу менен ал иштей алгыдай башка кызмат ордуна которууга мүмкүнчүлүк болбогондо аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде; г) штат кыскаргандыгына байланыштуу - штат кыскарганына же уюштуруу иш-чараларына байланыштуу кызматка пайдаланууга мүмкүнчүлүк болбогондо; д) аттестациялоо тартибинде кызмат ордуна ылайыксыз болсо; е) өз өтүнүчү боюнча; ж) белгиленген башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго кызматка которулганына байланыштуу. 5. Аттестацияланган курамдагы адамдар төмөндөгүдөй учурларда аскердик каттоодон чыгаруу менен отставкага чыгарылат: а) жаш курагы боюнча - тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаска чыгышы үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жеткенде; б) оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө корутундусунун негизинде аскердик каттоодон чыгаруу менен. 6. Катардагы жана жетекчи курамдын наамына шек келтирген жорук жасаган аттестацияланган курамдагы адамдар кызматтан бошотулат. 7. Бошотулуучу адам ушул Мыйзамдын ушул статьясынын экинчи пунктунда каралгандан башка учурларда, бошотулуп жатканы жөнүндө эки ай мурун тийиштүү начальниктери тарабынан кабарландырылат. Кызматтан өз өтүнүчү менен бошонууну каалаган адам бошонууну пландаган күндөн эки жума (14 календарлык күн) мурда түздөн түз начальнигине эскертет жана ал жөнүндө рапорт берет. 8. Катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдарды кызматтан бошотуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан ушундай укук берилген начальниктер тарабынан жүргүзүлөт. 9. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарды запаска жана отставкага чыгаруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министри белгилеген тартипте жүргүзүлөт. 10. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде жана аскер кызматында кынтыксыз кызмат өтөгөн ортоңку жана улук жетекчи курамдагы адамдар жаш курагы боюнча запаска же отставкага чыгарылып жатканда бошотуучу начальниктердин буйругу менен белгиленген формалуу кийимди кийип жүрүү укугу берилиши мүмкүн. Ушул эле начальниктер кылмыш кылганы үчүн соттолгон же Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине шек келтирген иштерди жасаган адамдарды белгиленген формадагы кийимди кийүү укугунан ажыратуусу мүмкүн. 11. Аттестацияланган курамдагы өлгөн, курман болгон, дайынсыз келбей жүргөн, ошондой эле наамынан ажыратылган адамдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министри белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамынын тизмесинен чыгарылат. 12. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен чыгарылгандан кийин аттестацияланган курамдагы адамдар аскер комиссариаттары тарабынан аскердик каттоого алынат. 13. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамындагы адамдардын согуш учурунда кызмат өтөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. | 35-статья. Кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер 1. ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНДА ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ КЫЗМАТ ӨТӨӨНҮ ТОКТОТУУГА ТӨМӨНДӨГҮЛӨР НЕГИЗ БОЛОТ: - ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНАН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНЕН КЫЗМАТТАН БОШОП КЕТҮҮ; - КЫЗМАТКЕРДИ БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛДУ ДЕП ТААНУУ; - КЫЗМАТКЕРДИН КАЗА (КУРМАН) БОЛУШУ; - АНДАН АРЫ КЫЗМАТ ӨТӨӨГӨ АСКЕРДИК ТҮЗҮЛҮШТӨРГӨ, БАШКА АСКЕРЛЕШТИРИЛГЕН УЮМДАРГА КОТОРУУ; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫГЫНАН ЧЫГУУ, ЖЕ ЖАРАНДЫКТЫ ЖОГОТУУ. 2. Аттестацияланган курамдагы адамдарды кызматтан бошотуу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: а) эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар жана ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарактуу же жарактуулугу чектелүү адамдардын запаста турушу үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жете электерди запаска (аскердик каттоого алуу менен) чыгаруу менен; б) эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаста турушу үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жетсе, же аскердик-врачтык комиссия аны ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарабайт деп тапса, отставкага (аскердик каттоодон чыгаруу менен) чыгаруу менен. 3. Катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдар төмөндөгүдөй учурларда кызматтан запаска (аскердик каттоого алуу менен) чыгарылат: а) жаш курагы боюнча - алар үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген жашка жеткенде; б) оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын тынчтык учурда аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө (согуш учурунда - экинчи даражадагы чектелген жарактуулугу) корутундусунун негизинде; в) ден соолугунун чектелген абалына байланыштуу - аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде жана ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой, ден соолугунун абалын эске алуу менен ал иштей алгыдай башка кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогондо; г) эгер ал узартылбаса, контракттын мөөнөтү бүткөндө; д) аттестациялоо тартибинде кызмат ордуна ылайыксыз болсо; е) ТАРТИПТИ ОДОНО БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН; ж) өз өтүнүчү боюнча; з) штат кыскаргандыгына байланыштуу - штат кыскарганына же уюштуруу иш-чараларына байланыштуу кызматка пайдаланууга мүмкүн болбогондо. 4. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдар төмөндөгүдөй учурларда кызматтан запаска (аскердик каттоого алуу менен) чыгарылат: а) жаш курагы боюнча - алар үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген жашка жеткенде; б) оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын тынчтык учурда аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө (согуш учурунда - экинчи даражадагы чектелген жарактуулугу жөнүндө) корутундусунун негизинде; в) ден соолугунун чектелген абалы боюнча - ден соолугуна байланыштуу ээлеп турган кызматтагы милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой жана ден соолугунун абалын эске алуу менен ал иштей алгыдай башка кызмат ордуна которууга мүмкүнчүлүк болбогондо аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде; г) штат кыскаргандыгына байланыштуу - штат кыскарганына же уюштуруу иш-чараларына байланыштуу кызматка пайдаланууга мүмкүнчүлүк болбогондо; д) аттестациялоо тартибинде кызмат ордуна ылайыксыз болсо; е) өз өтүнүчү боюнча; ж) белгиленген тартипте башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго кызматка которулганына байланыштуу; з) ТАРТИПТИ ОДОНО БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН; и) КЫЛМЫШ КЫЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН СОТТОЛГОНДУГУНА БАЙЛАНЫШТУУ, ӨКҮМ МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕНДЕН КИЙИН; к) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНЕ ДЕПУТАТ БОЛУП ШАЙЛАНГАН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНА КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛГАН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРГА ЖИБЕРИЛГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕРДЕН ТЫШКАРЫ, БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ БАШКА МИНИСТРЛИКТЕРГЕ, МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТТЕРГЕ, АДМИНИСТРАТИВДИК ВЕДОМСТВОЛОРГО ЖАНА БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРГА КОТОРУУГА БАЙЛАНЫШТУУ; л) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫГЫН ТОКТОТУУГА БАЙЛАНЫШТУУ; м) БАШКА МАМЛЕКЕТТИН ЖАРАНДЫГЫНЫН БОЛУШУНА БАЙЛАНЫШТУУ; н) КАДРЛАР КАРАМАГЫНДА ЖҮРҮШҮНҮН АЯКТАГАНДЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ; о) ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНА ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНЕ КЫЗМАТКА КАБЫЛ АЛУУДА ЖАЛГАН ДОКУМЕНТТЕРДИ ЖАНА МААЛЫМАТ БЕРГЕНДИГИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ; п) ЖҮЙӨӨСҮЗ СЕБЕПТЕР БОЮНЧА РОТАЦИЯ ИРЭЭТИНДЕ БАШКА КЫЗМАТКА КОТОРУУДАН БАШ ТАРТКАНДЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ; р) КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТЫЛГАНДА, БИРОК КИЙИН ТЕРГӨӨ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН КЫЛМЫШ ИШИ АКТАЛБАГАН НЕГИЗДЕР БОЮНЧА ТОКТОТУЛГАНДЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ; с) ЖАКЫН ТУУГАНЫ ӨЗГӨЧӨ ООР КЫЛМЫШ КЫЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН СОТТОЛГОНДУГУНА БАЙЛАНЫШТУУ. 4-1. ОДОНО БУЗГАН ТАРТИПТЕРГЕ ТӨМӨНКҮЛӨР КИРЕТ: а) КЫЗМАТКЕР ТАРАБЫНАН УШУЛ СТАТЬЯНЫН 6-БӨЛҮГҮНДӨ БЕЛГИЛЕНГЕН ИШ АРАКЕТТЕРДИН ЖАСАЛЫШЫ; б) КЫЗМАТКЕРДИН АСКЕР КУРАЛЫН ЖОГОТУШУ (СОГУШТА ЖАНА КЫЛМЫШКЕРДИН КОЛ САЛУУСУНАН ЖОГОТУШУНАН ТЫШКАРЫ); в) ЖҮЙӨӨСҮЗ СЕБЕПТЕР МЕНЕН КЫЗМАТКА ЧЫКПАГАНДЫГЫ, АНЫН ИЧИНДЕ БЕЛГИЛЕНГЕН КҮНДҮК КЫЗМАТ УБАГЫНДА ҮЧ СААТ БОЮ КЫЗМАТТА ЖОК БОЛУШУ; г) АЛКОГОЛДУК, БАҢГИ ЖЕ ТОКСИКАЛЫК МАС АБАЛЫНДА (ЖЫЛДЫН ИЧИНДЕ 3-ЖОЛДОН АШЫГЫРААК) КЫЗМАТКА КЕЛИШИ; д) КЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН УШУЛ МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ САКТАБАГАНДЫГЫ; е) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК АТКАРУУ ТУТУМУНУН ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН ОПЕРАТИВДИК-РЕЖИМДИК ЖАНА УЮШТУРУУ ИШМЕРДИГИНЕ ЗАДАЛ КЕЛТИРҮҮНҮ АЛЫП КЕЛЕ ТУРГАН ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН КЫЗМАТЫН ТАШТОО. 5. Аттестацияланган курамдагы адамдар төмөндөгүдөй учурларда аскердик каттоодон чыгаруу менен отставкага чыгарылат: а) жаш курагы боюнча - тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаска чыгышы үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жеткенде; б) оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө корутундусунун негизинде аскердик каттоодон чыгаруу менен. 6. Катардагы жана жетекчи курамдын наамына шек келтирген жорук жасаган аттестацияланган курамдагы адамдар кызматтан бошотулат. 7. Бошотулуучу адам ушул Мыйзамдын ушул статьясынын экинчи БӨЛҮГҮНДӨ каралгандан башка учурларда, бошотулуп жатканы жөнүндө эки ай мурун тийиштүү начальниктери тарабынан кабарландырылат. Кызматтан өз өтүнүчү менен бошонууну каалаган адам бошонууну пландалган күндөн эки жума (14 календарлык күн) мурда түздөн түз начальнигине эскертет жана эл жөнүндө рапорт берет. 8. Катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдарды кызматтан бошотуу ЖАЗЫК АТКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМДУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ тарабынан ушундай укук берилген начальниктер тарабынан жүргүзүлөт. 9. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарды запаска жана отставкага чыгаруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министри белгилеген тартипте жүргүзүлөт. 10. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде жана аскер кызматында кынтыксыз кызмат өтөгөн ортоңку жана улук жетекчи курамдагы адамдар жаш курагы боюнча запаска же отставкага чыгарылып жатканда бошотуучу начальниктердин буйругу менен белгиленген формалуу кийимди кийип жүрүү укугу берилиши мүмкүн. Ушул эле начальниктер кылмыш кылганы үчүн соттолгон же Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине шек келтирген иштерди жасаган адамдарды белгиленген формадагы кийимди кийүү укугунан ажыратуусу мүмкүн. 11. Аттестацияланган курамдагы өлгөн, курман болгон, дайынсыз келбей жүргөн, ошондой эле наамынан ажыратылган адамдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министри белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамынын тизмесинен чыгарылат. 12. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен чыгарылгандан кийин аттестацияланган курамдагы адамдар аскер комиссариаттары тарабынан аскердик каттоого алынат. 13. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамындагы адамдардын согуш учурунда кызмат өтөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКын төрагасы
А.Мамыркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 24-январындагы № 2721-V "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана…Постановление · 24.01.2013 · № 2721-V
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2013 · № 79
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 7-мартындагы №2852-V "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана…Постановление · 07.03.2013 · № 2852-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 25-апрелиндеги №3034-V "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана…Постановление · 25.04.2013 · № 3034-V
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөЗакон · 09.01.2006 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз…Закон · 11.06.2008 · № 113 · Күчүн жоготкон