# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 717 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 717 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 717
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15155/edition/1144138/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 717 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому (15.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93138

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 15-октябры № 717 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы "жана түзүмүн" деген сөздөр алып салынсын;

- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жободо:

10-пункттагы "Өкмөт" деген сөз "Премьер-министр" деген сөз менен алмаштырылсын; 18-пункттагы "Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
