# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябры № 715 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдубекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябры № 715 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдубекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 715
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15153/edition/474636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябры № 715 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдубекитүү жөнүндө" токтому (12.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93136

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 12-октябры № 715

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдубекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында кабыл алынган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарап аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин Аткаруучу комитетин кабарласын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
