Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдубекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 12-октябры № 715
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдубекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында кабыл алынган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарап аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин Аткаруучу комитетин кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Соглашение о создании системы межбиблиотечного абонемента государств-участников СНГ"Соглашение · 12.10.2012 · № 715