# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябры № 702 Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобону жана Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябры № 702 Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобону жана Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 702
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15141/edition/606253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябры № 702 Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобону жана Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (19.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93124

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 10-октябры № 702 Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобону жана Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 14 токтомдун редакциясына ылайык) "Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

- Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- салык консультантынын квалификацияланган сертификатынын формасы 3-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 16-октябрында № 91 жарыяланды

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев

3-тиркеме

Форма

| ЛОГОТИП | ЛОГОТИП | ЛОГОТИП |
| --- | --- | --- |
| Фискалдык саясат функциялары бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Салык консультанттарынын кесиптик уюму | Ыйгарым укуктуу салык органы |

Салык консультантынын КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК СЕРТИФИКАТЫ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берилди (аты-жөнү) ал "Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык салыктык консультациялоо боюнча ишти ишке ашыруу укугуна аттестациядан өттү, салыктык консультациялоо ишин иштөө үчүн, анын ичинде: салык салуу, бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго башка милдеттүү чегерүү маселелери боюнча, салыктык эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча, салык салуунун максаттары үчүн документтерди түзүү боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык салык салуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарда салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын көрсөтүү укугу менен кесиптик даярдыкка ээ жана жарамдуу.

Сертификат берилген күн 201\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Сертификат мөөнөтсүз. Сертификатты башка адамдарга берүүгө жол берилбейт.

Мөөр Колу

Бишкек-201\_\_
