# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулдудайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулдудайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 700
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15139/edition/901595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулдудайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (18.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93122

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 700 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулдудайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жана расымдык кызмат көрсөтүүлөргө компенсацияларды берүү боюнча ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү максатында, бюджет аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүүгө жана райондордун жергиликтүү бюджеттерин жоюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Респубяикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөк пулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "тиешелүү жылга республикалык бюджетте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "социалдык коргоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "социалдык өнүгүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 8-пункттун төртүнчү абзацындагы "(өнүгүү)" деген сөз алып салынсын; 55-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Бала бир жарым жашка же үч жашка (жалпысынан алты жылдан ашык) чыкканга чейин аны багуу боюнча өргүүдө болгон кызматкерлерге алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча кайталап өргүүгө кеткенде жөлөкпул ишке чыкканда жана кеминде бир ай иштегенде төлөнөт.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "социалдык коргоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "социалдык өнүгүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пунктта "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана" деген сөздөр алып салынсын; 9-пункттун экинчи абзацында "(өнүктүрүү)" деген сөз алып салынсын; 12-пунктта: биринчи абзацындагы "каза болгонуна же" деген сөздөр алып салынсын; 2-пунктчадагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 15-пункттун биринчи абзацы "башкармалыктары тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "республикалык бюджеттин же" деген сөздөр менен толукталсын; 20-пункт "арыз берүүчүгө" деген сөздөрдөн кийин "республикалык бюджеттин же" деген сөздөр менен толукталсын; 25-пунктта: 2-пунктчадагы "райондук," деген сөз алып салынсын; 3-пунктчадагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мэриялар" деген сөздөр "Мэриялар" деген сөзгө алмаштырылсын; 6-пунктчадагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана" деген сөздөр алып салынсын; 29-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "29. Жөлөкпул республикалык бюджеттин же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт: социалдык жөлөкпул алган адам кайтыш болгон учурда - беш эселенген кепилденген минималдуу кирешенин;

- иштебеген адам кайтыш болгон учурда - өткөн календарлык жыл үчүн республикада түзүлгөн орточо эмгек акынын 20 пайызы.";

31-пункттагы "киреше көбөйтүлгөн учурда жана орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жыл сайын бекитилген" деген сөздөр "киреше жана орточо айлык эмгек акынын өлчөмү көбөйтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын; 42-пункттагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; тексттин расмий тилиндеги 46-пунктта "задержки," деген сөз "задержки" деген сөз менен алмаштырылсын; 47-пункттагы ", жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга" деген сөздөр алып салынсын.

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды республикалык бюджеттен төлөө боюнча чыгымдар жөнүндө юридикалык жактардын, патенттин же салык контрактынын негизинде иштеген жеке ишкерлердин, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын жана иш менен камсыз кылуу кызматында эсепте турган адамдардын жыйынды отчетунун формасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтому менен бекитилген

Ай сайын отчеттук айдан кийинки Составляется ежемесячно, айдын 25ине чейин түзүлөт до 25 числа после отчетного месяца

Райондук/шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы/Районное/городское управление социальной защиты \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (район/шаар) (район/город)

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө боюнча республикалык бюджеттен юридикалык жактардын, юридикалык жакты түзбөстөн патенттин же салык контрактын негизинде иштеген жеке ишкерлердин, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын жана ишке орноштуруу кызматында эсепте турган жарандардын чыгымдары жөнүндө жыйынды отчеттун формасы

Форма сводного отчета юридических лиц, индивидуальных предпринимателей, работающих на основе патента или налогового контракта, крестьянских (фермерских) хозяйств без образования юридического лица и лиц, состоящих на учете в службе занятости, о расходах по выплате пособий по беременности и родам и на погребение из республиканского бюджета

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 201\_\_ ж/г. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (район/шаар) (район/город) (ай/месяц)

Төлөмдөрдүн коддору/Коды выплат: кош бойлуулук жана төрөт боюнча/по беременности и родам 020; сөөк коюуга/на погребение - 030

| № | Юридикалык жактардын аталышы. Жеке ишкердин, дыйкан (фермер) чарбанын мүчөсүнүн, жумушсуздун, социалдык жөлөкпул алуучу адамдын, иштебеген адамдын аты-жөнү/ Наименование юридических лиц, ФИО индивидуального предпринимателя, члена крестьянского (фермерского) хозяйства, безработного, лица, получающего социальное пособие, неработающего лица | Юридикалык жак, ишкердиктин түрү/ Юридическое лицо, вид деятельности | Жөлөкпул- дун коддору/ Коды пособий | Жылдын башталы- шындагы калдык/ Остаток на начало года, сомов | Жыл башынан бери жөлөкпул алуучулар- дын саны (адам)/ Количество получате- лей пособий с начала года, (чел.) ├ |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |  |  |
|  | Жыйынтыгы/Итого |  |  |  |  |  |  |
|  | А.и. жеке ишкердин/ В т.ч. индивидуального предпринимателя |  |  |  |  |  |  |
|  | Дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөсү/Член крестьянского (фермерского) хозяйства |  |  |  |  |  |  |
|  | Жумушсуз/Безработный |  |  |  |  |  |  |
|  | Социалдык жөлөкпул алуучу адам/Лица, получающие социальное пособие |  |  |  |  |  |  |
|  | Иштебеген адам/ Неработающее лицо |  |  |  |  |  |  |
| Иш берүүчү тарабынан жыл башталышынан бери республикалык бюджеттин эсебинен жөлөкпулдар эсептелди/ Начислено пособий работодателем за счет республиканского бюджета с начала года ├────────┬────────┤ Бардыгы, сом/ Всего, сомов | Жыл башта- лышынан бери республи- калык бюджеттен орду толтурулду, сом/ Возмещено из респуб- ликанского бюджета с начала года, сомов Анын ичинде отчеттук айда, сом/ В т.ч. за отчетный месяц, сомов | Отчеттук айдын бүткөн күнүнө карата карыздын├───────┬───────┬───────┬──────┤ калдыгы/ Остаток задол- женности на конец отчетно- го месяца, сомов РОК | Юридикалык жактардын банктагы реквизиттери жана дареги/ Адрес, банковские реквизиты юридических лиц Алуу- чунун/ РОК банкы/ п.б. Банк/ п/о получа- теля/ | Банктын дареги/ Адрес банка | Алыш- бериш/ жеке эсеби/ Расчет- ный/ лицевой счет | Банк- тын МФОсу/ МФО банка |  |
| 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |

Отчетту түзгөн кызматкердин аты-жөнү/ФИО должностного лица, составившего отчет \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_ ж/г. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу/подпись

Эскертүү: Эгерде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдардын орду толтурулгандыгы жөнүндө юридикалык жактардын маалыматтарын көрсөткөнгө саптар жетишсиз болсо, алар жөнүндөгү маалыматтарды өзүнчө баракка ушул отчеттун формасындагы бардык реквизиттерин көрсөтүү менен тиркөө керек. Примечание: В случае недостаточности строк для указания данных юридических лиц для возмещения расходов по выплате пособий по беременности и родам и на погребение необходимо приложить сведения на отдельном листе, с указанием всех реквизитов данной формы отчета.".
