# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 696
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15136/edition/1064569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому (13.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93119

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 696 Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине жана "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
