# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 691
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15132/edition/570403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93115

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 691 Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)

"Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын аялуу категорияларын социалдык коргоону ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттар 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
