# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 692 "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясына автомашиналарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 692 "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясына автомашиналарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 692
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15131/edition/407764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 692 "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясына автомашиналарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (09.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93114

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 692 Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясына автомашиналарды өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 6.5-пунктуна ылайык кыргыз республикасынын өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаментинин автобазасы Немецтик өнүгүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен сатылып алынган төмөнкү автомашиналарды Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясына өткөрүп берсин:

- 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 30471828, кузов № WDВ90663318534692 "Мersedes Ве№z 310 CDI" моделиндеги;

- 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 30469385, кузов № WDВ90663318534691 "Мersedes Ве№z 310 CDI" моделиндеги;

- 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 30469395, кузов № WDВ90663318 534688 "Мersedes Ве№z 310 CDI" моделиндеги;

- 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 30469196, кузов № WDВ90663318534687 "Мersedes Ве№z 310 CDI" моделиндеги;

- 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 30469398, кузов № WDВ90663318534693 "Мersedes Ве№z 310 CDI" моделиндеги;

- 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 30469731, кузов № WDВ90663318534689 "Мersedes Ве№z 310 CDI" моделиндеги.

2. Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясы:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автоунааларды балансына кабыл алсын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашиналарды кармоону бюджеттик каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашиналар Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясынын балансына өткөрүп берилген учурдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы шарттуу эсептелген алымдарынын жана салыктарынын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелер токтотулду деп эсептесин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 19-октябрында № 92 жарыяланды

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
