# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 689
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15129/edition/1108238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93112

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 689 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтомго 1-тиркеменин "Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналдан тышкары)" графасында:

- 29-пунктта "182", "53" жана "129" сандары тиешелүү түрдө "198", "65" жана "133" сандарына алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жободо : 7-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн, Бирдиктүү төлөөчү системасынын консолидацияланган бюджетинин эсебинен дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды жүргүзүү;".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
