# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15128/edition/1108232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93111

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 688 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чети жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

- 4-пунктундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр алып салынсын;

- 5-пункту "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия," деген сөздөр менен толукталсын;

- тиркеменин эскертүүсү төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басарларынын бири өз ишин түздөн-түз Ош шаарында жүргүзөт.".

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 323 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 3-пунктту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
