# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 681 "Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 681 "Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 681
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15122/edition/446657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 681 "Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (09.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93105

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 681 Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын тиешелүү даярдоону ишке ашырууга байланышкан чыгымдар аскер кызматчылары жиберилген тиешелүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жабылары белгиленсин.

3. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
