Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 681 Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын тиешелүү даярдоону ишке ашырууга байланышкан чыгымдар аскер кызматчылары жиберилген тиешелүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жабылары белгиленсин.
3. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.