Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 9-октябры № 680 Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.