Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 января 2018 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-01-22.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 4-октябры № 677 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, автотранспорт тармагын, автотранспорттук кызмат рыногун, автотранспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун деңгээлин жогорулатууну жана сапатын жакшыртуунун камсыздоочу инфраструктураны келечектүү өнүктүрүү жана өркүндөтүү, транспорттук чыгымдарды кыскартуу, ата мекендик автоташуучуларды колдоо жана Кыргыз Республикасынын автотранспорттук комплексинин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
- 2012-2015 жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясы (мындан ары - Стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
- 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Стратегияда жана Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чара көрүшсүн;
- жыл сайын отчеттук жылдан кийинки 15-январдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчеттук жылдын кийинки 15-январдан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин.
4. Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иштерди координациялоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев.
2-тиркеме 2012-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 143 токтомуна ылайык)
| № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Күтүлгөн жыйынтыктар | Жооптуу аткаруучулар |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| 1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | |||||
| 1 | "Автомобиль транспорту жөнүндө" КРнын Мыйзамынын долбоорун иштеп бүтүрүү, КРнын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү | 2013-ж., январь | Бюджеттик каражат- тын алкагында | Автотранспорт ишин укуктук жөнгө салуунун азыркы талаптарга ылайык келтирүү. КР Мыйзамын кабыл алуу | Транскоммин |
| 2 | а) 29.03.2006-ж., № 81 "КРнын бажы тарифи жөнүндө" КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КРнын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү, б) 31.12.2004-ж., № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө инструкцияны бекитүү тууралуу" КРнын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КРнын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана КРнын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү | 2014-ж., март | Бюджеттик каражат- тын алкагында | Өлкөнүн паркын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу жаңы автотранспорт каражаттары менен толуктоого жана жаңылоого түрткү берүүчү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу. КР Мыйзамын кабыл алуу, КР Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу. | Транскоммин, Экономмин, Бажы кызматы |
| 3 | "Жүргүнчүлөрдү маршруттарда тейлөө үчүн автоташуучуларды аныктоого ачык конкурстарды өткөрүү жөнүндө" жаңы жобону, Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөр ташууларынын автомобилдик транспортто уюштуруу эрежесин, Кыргыз Республикасында жүк ташууларынын автомобилдик транспортто уюштуруу эрежесин иштеп чыгуу | 2013-ж., январь | Бюджеттик каражат- тын алкагында | Автобустук маршруттарды тейлөөгө ачык конкурстарды өткөрүү жөнүндө Жобону кабыл алуу жана ишке ашыруу. Ташуудагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу. Жобону жана 2 эрежени кабыл алуу. | Транскоммин, транспорттук уюмдар, автовокзал- дар (макулдашуу боюнча), автостанция- лар |
| 2. Автотранспорт тармагынын мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү жана реформалоо | |||||
| 4 | ТКМнын түзүмдүк бөлүктөрүнө функционалдык анализ жүргүзүү | 2013-ж., январь | Бюджеттик каражат- тын алкагында | ТКМнин ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн оптималдаштыруу. Структуралык бөлүктөрдү кыскартуу жана КР Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | Транскоммин |
| 5 | Жол-транспорт тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жана техникалык регламенттер жана стандарттар боюнча илимий-техникалык борборду түзүү жөнүндө маселени иликтөө | 2013-ж., апрель | Бюджеттик каражат- тын алкагында | Жол-транспорт комплексин долбоорлоо, стандартташтыруу жана укуктук камсыздоо боюнча илимий-изилдөө иштерди жүргүзүү. Борборду түзүү боюнча негиздемени даярдоо. | Транскоммин |
| 6 | Кыргыз Республикасынын "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Мыйзамына ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борборлор тармагын түзүүгө көмөк көрсөтүү | 2012- 2015- ж.ж. | Инвести- циялар | Автотранспорт каражаттарынын техникалык абалын жогорулатуу, ташуунун коопсуздугун камсыздоо. Диагностикалык борборлор боюнча маалымат базасын түзүү. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу. Диагностикалык борборлордун бар болушу. | Экономмин, Транскоммин |
| 3. Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү | |||||
| 7 | Эл аралык автомобилдик ташууларда жүрүүчү транспорт каражаттарындагы экипаждардын жумушу боюнча Европалык Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу маселесинин максаттуулугун иштеп чыгуу | 2013-ж., июль | Бюджеттик каражат- тын алкагында | Эл аралык ташууларды айкалыштыруу, чет өлкөлөр менен экономикалык мамилелерди чыңдоо; Кыргыз автоташуучулары- нын эл аралык рынокко чыгуусу. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу | Транскоммин, ТИМ |
| 4. Транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү. Автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногун өркүндөтүү | |||||
| 8 | Транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, станциялык курулмалар модернизациялоо, жол оңдоо | 2012- 2015- ж.ж. | Бюджеттик каражат- тын алкагын- да, инвести- циялар | Коомдук транспорт кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү. Автокассаларды түзүү, автовокзалдарды, автостанцияларды модернизациялоо. Жылына 500 км жол оңдоо. Жылына 3-4 көпүрө оңдоо. | Транскоммин, Ош жана Бишкек шаарларынын мэриясы, ЖМА, ЖӨБ, Коомдук бирикмелер (макулдашуу боюнча) |
| 9 | Республиканын транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн жол жээгиндеги транспорттук кызмат көрсөтүү сервисин өнүктүрүү | 2012- 2014- ж.ж. | Кызыкдар тараптар- дын өз каражаты- нын эсебинен, инвести- циялар | Транзиттик потенциалды жогорулатуу, кошо жүрүүчү кызматтарды, туризмди өнүктүрүү. Жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн эс алуучу жерлер. Автобустук маршруттарды ачуу. | Транскоммин, ЖӨБ, ЖМА |
| 5. Автотранспорт каражаттар паркын жаңылоо жана толуктоо | |||||
| 10 | Автотранспорт каражаттар паркын жаңылоо жана толуктоо үчүн инвестицияларды жана техникалык жардамдарды тартуу | 2012- 2015- ж.ж. | Инвести- циялар, техника- лык жардам- дар, ишкананын өздүк каражаты | Калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн автотранспорт каражаттар паркын жаңылоо жана толуктоо. Автобустарды жана троллейбустарды алуу, автожолдордо авариялык жагдайлардын деңгээлин төмөндөтүү | Транскоммин, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБдун аткаруу органдары |
| 11 | Жүргүнчүлөр жана жүк ташуучу жаңы автотранспорттук каражаттарды алып келүүгө шарт түзүү, парниктик газдардын төмөнкү коэффициент менен чыгарылышы, электромобилдерди жана транспорттук каражаттардын күйүүчү майлардын альтернативдик түрү менен алып келиши (биогаз, биодизель, жаратылыш газы ж.б.) | 2013- 2015- ж.ж. | Бюджеттик каражат- тын алкагында | Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга экономиканын жана калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн автотранспорт каражаттардын паркын жаңылоо жана толуктоо, парниктик жана башка зыяндуу газдардын чыгарууну кыскартуу. Альтернативдик түрдөгү күйүүчү майлар менен жүргөн транспорт каражаттардын болушу (биогаз, биодизель, жаратылыш газы ж.б.). | Транскоммин, Бажы кызматы, Экономмин |
| 6. Логистикалык комплекстердин базасында эффективдүү транспорт-логистикалык технологияларды жана ташуучу системаларды өнүктүрүү | |||||
| 12 | Ош шаарында логистикалык борбор куруу | 2012-ж. баштап | Инвести- циялар | Коммерциялык иштин жана транспорттук ташуулардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу. ТЭНди даярдоо жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу. Куруу жана колдонууга өткөрүү. | Транскоммин, ЖӨБдун аткаруу органдарды (макулдашуу боюнча) |
| 13 | Бишкек шаарында логистикалык борбор куруу | 2013-ж. баштап | Инвести- циялар | Коммерциялык ишмердиктин жана транспорттук ташуулардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу. ТЭНди даярдоо жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу. Куруу жана колдонууга өткөрүү | Транскоммин, ЖӨБдун аткаруу органдарды (макулдашуу боюнча) |
| 7. Автотранспорт тармагында азыркы маалыматтык камсыздоо системаларын түзүү | |||||
| 14 | Республиканын автотранспорт системасынын бирдиктүү маалымат борборун түзүү | 2013- 2014- ж.ж. | Бюджеттик каражат- тын алкагын- да, тартылган инвести- циялар, техника- лык жардам | Мамлекеттик саясатты жана өнүгүү программаларын ишке ашыруу. Маалыматтар базасынын болушу. | Транскоммин, Каттоо кызматы |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 49
- 2012-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн СТРАТЕГИЯСЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 токтому менен бекитилгенСтратегия · 04.10.2012 · № 677 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 14.05.2013 · № 270 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-марты № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун…Постановление · 17.03.2014 · № 143 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Транспорт жөнүндөЗакон · 08.07.1998 · № 89
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 49
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-марты № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун…Постановление · 17.03.2014 · № 143 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 токтому менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2004 года №976 "Об утверждении Инструкции о перемещении товаров и автотранспорта через государственную границу Кыргызской Республики…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
- Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламентиЗакон · 29.05.2009 · № 178 · Күчүн жоготкон