# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 676 "2012-жылдын 1-ноябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 676 "2012-жылдын 1-ноябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 676
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93099>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15116/edition/446641/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93099.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 676 "2012-жылдын 1-ноябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө" токтому (03.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93099

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 3-октябры № 676 2012-жылдын 1-ноябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө Пенсионерлердин турмуш деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 2012-жылдын 1-ноябрынан тартып төмөнкүдөй шкала боюнча көбөйтүлсүн:

- жалпы өлчөмү 2000 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн - 300 сомго;

- жалпы өлчөмү 2001 сомдон 3000 сомго чейинки пенсиялар үчүн - 250 сомго;

- жалпы өлчөмү 3001 сомдон 4000 сомго чейинки пенсиялар үчүн - 200 сомго;

- жалпы өлчөмү 4001 сомдон 10000 сомго чейинки пенсиялар үчүн 150 сомго.

Мында кайра эсептелгенден кийин ар бир кийинки шкала боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмү мурунку шкала боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүнөн төмөн болбошу керек. Ушул пунктта көрсөтүлгөн жогорулатылып жаткан пенсиялардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумчаларды жана компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
