Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планын бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 июля 2017 года № 444 "Об утверждении Порядка функционирования Единого казначейского счета"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-07-24.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-октябры № 675 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планын бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо планын жаңылоо жана комплекстүү модернизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча Иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору:
- белгиленген мөөнөттө Иш-аракеттер планын аткаруу боюнча чара көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бул Иш-аракеттер планын аткаруу тууралуу квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Иш-аракеттер планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешке квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Тиркеме КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин ОРТОЧО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык
| Максаты | Иш-чаралар | Мөөнөтү | Аткаруучулар |
|---|---|---|---|
| I. Бюджеттик процессти жакшыртуу | |||
| 1.1. Бюджетти даярдоо жана пландоо процесси | |||
| 1. Бюджет боюнча, анын ичинде ресурстук бекемдөөнүн болгондо гана бюджетке ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ кошумча чыгашаларды киргизүүгө байланыштуу финансылык тартипти бекемдөө бөлүгүндөгү ченемдик базаларды өркүндөтүү. Тармактык министрликтер- дин сектордук стратегияларын өркүндөтүү жана алардын ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ бюджеттик процесс менен байланышын камсыз кылуу | 1) Бир жыл ичинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алуу процесси жана ички жылдык пландоо боюнча институционалдык механизмдерди иштеп чыгуу 2) Төмөнкүлөрдү даярдоо үчүн нускаманы/колдонмону иштеп чыгуу: а) бюджеттик классификацияга ылайык бюджет боюнча отчетту даярдоо; б) бюджеттик кайра бөлүштүрүү боюнча жол-жоболор жана чектөөлөр; в) кошумча чыгашалар менен колдо бар ресурстардын ортосундагы шайкештикти камсыз кылуу максатында жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү жактыруу; г) бюджетти квартал боюнча жазуу 3) үч жылдык бюджет боюнча аларды өркүндөтүү бөлүгүндөгү методикалык нускамаларды иштеп чыгуу | 2012- 2015- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2015- жылдар | Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги |
| 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүмдөрүнүн ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ортосундагы функцияларын жана маалымат агымдарын координациялоо- ну өркүндөтүү | 1) Бюджетти түзүү жана бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маалымат базасын түзүү жана жаңылоо 2) Бюджет боюнча маалымат базасы менен иштөө боюнча нускаманы иштеп чыгуу | 2012- 2015- жылдар 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги Финансы министрлиги |
| 3. Бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун өркүндөтүү ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ (СПБ) ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Фискалдык саясаттын максаттарын жана милдеттерин баяндап жазуу форматын иштеп чыгуу 2) Орточо мөөнөттүү мезгилге макрофискалдык милдеттерди аныктоо үчүн орточо мөөнөттүү фискалдык базаны кошкондо орточо мөөнөттүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу 3) Тармактык стратегияларды өркүндөтүү жана секторалдык талдоону жакшыртуу аркылуу бюджет менен пилоттук министрликтердин тармактык орточо мөөнөттүү стратегияларынын байланышын камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу. Мамлекеттик программаларга ылайык секторлордун максаттарын, милдеттерин жана көрсөткүчтөрүн аныктоо 4) Чыгашалардын негизинде бюджеттөөдөн натыйжалардын негизинде бюджеттөөгө өтүү механизмин аныктоо 5) Натыйжалуулук индикаторлорунун негизиндеги бюджеттик программаларды ишке ашыруу үчүн мониторинг системасын иштеп чыгуу | Туруктуу Жыл сайын Туруктуу 2012- 2013- жылдар 2012-жыл | ЭМСМ, Финансы министрлиги ЭМСМ, Финансы министрлиги Финансы министрлиги, пилоттук министрлик- тер жана ведомство- лор, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) |
| 4. Мамлекеттик чыгашалардын натыйжалуулугун баалоо механизмин иштеп чыгуу ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Программалык бюджеттөө боюнча окутууларды жүргүзүү 2) Мамлекеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугун баалоо системасын киргизүү 3) Бюджеттик саясатты ишке ашырууда финансылык (бюджеттик) тобокелчиликтерди баалоо системасын киргизүү | 2012- 2013- жылдар 2012- 2015- жылдар 2012- 2015- жылдар | Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомство- лор, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомство- лор, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) |
| 5. Киреше бөлүгүнүн болжолун жакшыртууну жана бюджеттик ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ иш-чаралардын наркын аныктоону кошкондо ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ реалдуу бюджетти даярдоо ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Бюджеттик документтерде макроэкономикалык болжолду баяндап жазуу форматын иштеп чыгуу 2) Салыктык кирешелерди болжолдоо боюнча методикалык куралдарды иштеп чыгуу 3) Реалдуу бюджетти даярдоо максатында фискалдык тобокелчиликтерди жана инвестициялык тобокелчиликтерди талдоонун жана баалоонун ыкмаларына окутууну жүргүзүү 4) Бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин саны жана эмгек акы фонду боюнча маалымат базасын түзүү 5) Коммуналдык кызматтарды каржылоо механизмин талдоону жүргүзүү жана бюджетте бул чыгаша беренелерин пландоону жана тартипке келтирүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо. Тийиштүү колдонмолорду/нускамаларды иштеп чыгуу 6) Аткарымдык чыгашаларды эсептөө методикасын иштеп чыгуу. Чыгаша ченемдерин инвентаризациялоону жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү боюнча рекомендацияларды сунуштоо | Туруктуу 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомство- лор, GTAC/GSAC долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомстволор Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомстволор |
| 6. Бюджеттик процесстин ачык-айкындуу- лугун өркүндөтүү ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары боюнча сметаларды түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну жөнгө салуучу жол-жоболорго аларды өркүндөтүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү 2) Бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун жакшыртуу боюнча окутуу семинарларын жүргүзүү 3) Бюджеттик ачык-айкындуулук индексин жакшыртуу боюнча иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу 4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин медиялык мейкиндикке үзгүлтүксүз катышуусун камсыз кылуу | 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2015- жылдар | Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомстволор Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) |
| 1.2. Бюджеттик классификацияны өркүндөтүү | |||
| 1. Консолида- цияланган Эсеп-чоттор планын иштеп чыгуу жана эл аралык стандарттарга ылайык бюджеттик классификация- ларды өркүндөтүү | 1) Төмөнкү бөлүктөрдө аны өркүндөтүү максатында бюджеттик классификацияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү: (а) экономикалык классификациялар; (б) административдик классификациялар; (в) функционалдык классификациялар 2) программалык классификацияны иштеп чыгуу | Туруктуу 2013- 2015- жылдар | Финансы министрлиги Финансы министрлиги |
| II. Бюджетти аткаруу процесси жана отчеттуулук | |||
| 2.1. Бюджетти аткаруу процессин жана отчеттуулукту өркүндөтүү | |||
| 1. Бюджетти аткаруу жол-жоболорун тиешелүү түрдө контролдоону камсыз кылуу, накталай акчаны башкарууну өркүндөтүү ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Бирдиктүү казыналык эсеп-чотун (ЕСК) түзүү жана Казыналыктын банктык эсеп-чотторун борбордук контролдоону ишке ашыруу 2) Ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу жана карыз алуу муктаждыктарын кыскартуу үчүн мамлекеттик эсеп-чоттордогу накталай акчаны башкарууну жакшыртуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу 3) Казыналык системасындагы иштерди контролдоо жоболоруна жана жол-жоболорго аларды өркүндөтүү үчүн өзгөртүү киргизүү 4) Накталай акчаны башкаруу боюнча окутууларды жүргүзүү | 2012-жыл 2012-жыл 2012-жыл 2013- 2014- жылдар | Финансы министрлиги (Борбордук казыналык), GTAC/GSAC долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги (Борбордук казыналык), GTAC/GSAC долбоору (макулдашуу боюнча), РП УГФ МДТФ (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги (Борбордук казыналык), GTAC/GSAC долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги (Борбордук казыналык), РП УГФ МДТФ (макулдашуу боюнча) |
| 2. Казыналык системасын модернизациялоо ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Казыналыкты башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү 2) Адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2013-жыл 2013-жыл | Финансы министрлиги (Борбордук казыналык), GTAC/GSAC долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги (Борбордук казыналык), министрлик- тер, ведомство- лор, GTAC/GSAC долбоору (макулдашуу боюнча) |
| 3. Бюджетти аткаруу боюнча отчеттун айкындуулугун жана толуктугун├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ өркүндөтүү | 1) Мамлекеттик карызды жана ссудалык кепилдиктерди башкаруу боюнча отчеттуулук системасын киргизүү 2) Интернет-порталдарды илгерилетүү - Мамлекеттик сатып алуулар; - "Ачык бюджет" | 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги "Инфо- система" МИ |
| 4. Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүнү ишке ашыруу (МСФООС)├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) МСФООСту киргизүү: а) МСФООСту киргизүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу: - эсептөөнүн кассалык ыкмасы боюнча; - чегерүү ыкмасы боюнча б) МСФООСко өтүү үчүн ченемдик-укуктук негизди иштеп чыгуу в) МСФООСго ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча финансы-экономика кызматкерлери үчүн окутуу тренингдерин жүргүзүү г) МСФООСту колдонуу боюнча адистерди даярдоо д) МСФООСго ылайык эсептөөнүн кассалык ыкмасы боюнча финансылык отчеттун долбоорун даярдоо | 2012- 2014- жылдар 2012- 2015- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2015- жылдар 2014-жыл | Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги Финансы министрлиги |
| 2.2. Финансылык башкарууну жана контролдоону өркүндөтүү | |||
| 1. Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит системасын түзүү жана ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ өнүктүрүү, ички аудит боюнча ченемдик- укуктук базаны ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ иштеп чыгуу ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Ички аудит системасын функциялаштыруу боюнча мыйзамдуулукту ишке ашыруу жана өркүндөтүү 2) Ички аудит методологиясын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү 3) Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү 4) Ички аудит методологиясы жана практикасы боюнча окутууну кошкондо ички аудит боюнча адистердин потенциалын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү 5) Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ички аудиторлорунун тренингдер системасын жана сертификациялоону иштеп чыгуу жана киргизүү | 2012- 2015- жылдар 2012- 2015- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2014- жылдар 2012- 2014- жылдар | Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомстволор Финансы министрлиги Финансы министрлиги, мамлекеттик органдар, мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги |
| 2. Мамлекеттик сектордогу тышкы аудит системаларын өркүндөтүү ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык тышкы аудит методологиясын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү (MCA) 2) Тышкы аудит боюнча отчетторду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өз учурунда тапшырууну жана аларды жарыялоону камсыз кылуу 3) Аудиттин эл аралык стандарттарга (МСА) ылайык мамлекеттик сектордо аудиттерди жүргүзүүнү камсыз кылуу | Туруктуу Туруктуу Туруктуу | Эсептөө палатасы (макулдашуу боюнча) Эсептөө палатасы (макулдашуу боюнча) Эсептөө палатасы (макулдашуу боюнча) |
| III. Мыйзамдуулук базасын күчөтүү | |||
| 1. Бюджет жаатындагы укуктук базаларды өркүндөтүү ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Эгерде кемчиликтер жана дал келбестиктер орун алса, аларды табуу максатында бюджетти даярдоо, аны жүзөгө ашыруу жана отчеттуулук боюнча колдонуудагы мыйзамдарга баяндама берүү 2) Мамлекеттик финансылык милдеттенмелерин аныктоочу жоболорду текшерүүнү жүргүзүү 3) Бюджеттик кодексти иштеп чыгуу 4) Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун жана ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун экспертиза жүргүзүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча окутууларды жүргүзүү | 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) |
| IV. Бюджет аралык мамилелер системаларын өркүндөтүү | |||
| 1. Бюджет аралык мамилелер жагындагы ченемдик- ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ укуктук базаларды өркүндөтүү | 1) Бюджет аралык мамилелер системасын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү 2) Жергиликтүү бюджеттерди башкаруу боюнча окутууларды жүргүзүү | Туруктуу 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) |
| 2. Бюджет аралык трансферттер системасын өркүндөтүү ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Бюджет аралык трансферттерди эсептөө ыкмаларын өркүндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу 2) Жалпы билим берүүчү мекемелер үчүн бюджеттик каржылоонун минималдык стандарттарын этап менен киргизүү 3) Бюджет аралык трансферттер системасы боюнча окутууларды жүргүзүү 4) Жан башына каржылоо боюнча окутууларды жүргүзүү 5) Бюджеттин деңгээлдери ортосунда кирешелерди туура бөлүштүрүүнү баалоону жүргүзүү 6) Трансферттерди берүү максатында жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын баалоону жүргүзүү | Туруктуу 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012-жыл 2012- 2015- жылдар 2012- 2015- жылдар | Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, ФМ окуу борбору жана ЕС билим берүү долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги Финансы министрлиги |
| 3. Региондордун социалдык- экономикалык өнүгүүсүн чагылдыруу үчүн ички ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ мамлекеттик системада маалыматтык деңгээлди жогорулатуу ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бөлүмдөргө бөлүү менен электрондук түрдөгү маалымат базасын иштеп чыгуу 2) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн отчеттуулуктун бирдиктүү жөнөкөйлөтүлгөн формасын киргизүү 3) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын андан ары компьютерлештирүүнү, техникалык жабдууну жүргүзүү | 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги |
| V. Салыктык реформалоо стратегиясы жана кирешелерди башкаруу процессин өркүндөтүү | |||
| 1. Салык системасы жөнүндө салык мыйзамдарынын системасын өркүндөтүү жана өзгөрүүлөргө таасир этүүгө, ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ кирешелерди башкаруу механизмдерин баалоо ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Мыйзамдарга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн кесепеттерин экономикалык баалоону жана финансылык талдоону жүргүзүү 2) Салыктык саясаттын орточо мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалымат базасы менен интеграцияланган мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү боюнча маалымат базасын түзүү | Туруктуу 2012-жыл 2013-жыл | Финансы министрлиги, Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги, Финансы министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы, мамлекеттик салык кызматы Финансы министрлиги (Борбордук казыналык), министрлик- тер, ведомстволор |
| VI. МФБнын башка реформалары | |||
| 1. Сатып алуулар саясаты жана жол-жоболору ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Бюджеттик процессте электрондук сатып алуулар системасын интеграциялоо 2) Сатып алуулардын мамлекеттик саясатын текшерүүнү жүргүзүү 3) Төмөнкүлөрдү киргизүү үчүн сатып алуулар циклин так аныктоо: (а) пайдалануучунун муктаждыгын табуу жана долбоорду даярдоо; (б) сатып алуу жол-жоболорун аныктоо; (в) тендердик процесс 4) Борборлоштурулган сатып алуулар системасын түзүү варианты боюнча баалоолорду даярдоо 5) Мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутууларды жүргүзүү | 2012-жыл 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012-жыл | Финансы министрлиги Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомстволор Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомстволор ФМ Окуу борбору |
| 2. Мамлекеттик инвестициялоо саясаты жана жол-жоболору ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Төмөнкүлөр боюнча жол-жоболорду аныктоо: (а) долбоорлорду экономикалык баалоо; (б) жалпы жана секторалдык саясатта инвестициялык ассигнованиелердин дал келүү маселесин эрте чечүү; (в) инвестициялык долбоорлордун жана алар боюнча учурдагы чыгашалардын жалпы наркын анык баалоо 2) Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча финансылык (бюджеттик) тобокелчиликтерди баалоо системасын киргизүү 3) Мамлекеттик инвестициялардын натыйжалуулугун баалоо системасын киргизүү (ички жана тышкы булактар) 4) Кредиттик жана гранттык каражаттарды башкаруу боюнча Финансы министрлигинин функцияларын күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү 5) Донор өлкөлөр жана өнөктөш өлкөлөр тарабынан Кыргыз Республикасына көрсөтүлүүчү тышкы жардамдарды эсепке алууну жана контролдоону күчөтүү боюнча чараларды кабыл алуу б) "Тышкы жардамдар картасы" порталын киргизүү жана илгерилетүү үчүн тышкы жардамдар боюнча маалыматтарды жыйноону жана консолидациялоону камсыз кылуу | 2012-жыл 2012-жыл 2012-жыл 2012-жыл 2012-жыл 2012-жыл | Финансы министрлиги, министрлик- тер, ведомстволор Финансы министрлиги, Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги Финансы министрлиги |
| 3. Карыздарды башкаруу | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун Орточо мөөнөттүү стратегияларына ылайык бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн карыз саясатын аркалоо | 2012-жыл | Финансы министрлиги |
| 4. Финансылык башкаруунун Интеграциялан- ган маалыматтык системасын түзүү | Мамлекеттик сектор үчүн финансылык башкаруунун интеграцияланган маалыматтык системасын иштеп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талдоону жүргүзүү | 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги |
| VII. Потенциалды күчөтүү жана адам ресурстарын башкаруу | |||
| 1. Эл аралык тажрыйбаны окутуу жана үйрөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана тармактык ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ министрликтер- дин потенциалын күчөтүү ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Потенциалды күчөтүү жана адам ресурстарын башкаруу боюнча бир катар окутуу семинарларын жүргүзүү 2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде адистештирилген атайын орган катары туруктуу негизде саясатты иштеп чыгуу боюнча топту түзүү жана статусун аныктоо 3) Мамлекеттик кызматкерлерди кайра даярдоонун үзгүлтүксүз процесси үчүн окутуу борборлорун ачуу 4) Кирешелерди башкаруу саясаты жана системасы маселелери боюнча бир катар семинарларды өткөрүү | 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги, КР ФМ Окуу борбору, РП УГФ МДТФ долбоору (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, донорлор менен бирге (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, донорлор менен бирге, Мамлекеттик кадрлар кызматы Финансы министрлиги, КР ФМ Окуу борбору, донорлор менен бирге (макулдашуу боюнча) |
| 2. Мотивациялык өзгөрүүлөр ├──────────────────────────────┼─────────┼────────────┤ | 1) Реформаларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын стимулун жогорулатуу боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү жана практикаларды жакшыртуу 2) Сыйлоо системасын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен семинарларды өткөрүү | 2012- 2013- жылдар 2012- 2013- жылдар | Финансы министрлиги, КР ФМ Окуу борбору, донорлор менен бирге (макулдашуу боюнча) Финансы министрлиги, КР ФМ Окуу борбору, донорлор менен бирге (макулдашуу боюнча) |
Эскертүү:
1) РП УГФ МДТФ долбоору - мамлекеттик финансыны башкарууда көп тараптуу донор трасттык фондунун потенциалын өнүктүрүү.
2) МСФООС - Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары.
3) МСА - эл аралык аудит стандарты.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы № 696 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2016 · № 696
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 220-б (Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Кыргыз Республикасында сектордук саясатты колдоо, билим берүү секторун…Распоряжение · 30.05.2013 · № 220-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорун (GTAC) ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине…Постановление · 10.06.2013 · № 332
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 14.05.2013 · № 270 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.07.2017 · № 444 · Күчүн жоготкон
- КР финансы министрлигинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 221-П "Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык…Приказ · 30.12.2013 · № 221-п · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө" биргелешкен билдирүүсү" (Кыргыз…Заявление · 28.02.2014 · № 108/53/13 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 42/52/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылга экономикалык саясат…Постановление · 31.01.2013 · № 42/52/1 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү…Постановление · 30.08.2012 · № 596 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 “2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз…Постановление · 11.04.2014 · № 209 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.07.2017 · № 444 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2011 · № 215 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.