Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 1-октябры № 672 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын бажы органдарындакызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 20-берененин 1-бөлүгүндөгү "Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 23-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. 24-берененин 3-бөлүгүндөгү "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 26-берененин экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бажы органдарынын кызматкерлеринин ок атылуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
5. 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"Сот жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматкерлери, коргоо, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын аскер кызматчылары (анын ичинде запастагылар), ошондой эле ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамына кирген адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда, ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарына, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендерине теңдеш келген атайын наамдар ыйгарылат. Көрсөтүлгөн адамдардын иш стажы (кызматы), ошондой эле алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендеринин кызмат мөөнөтү алардын бажы органдарындагы кызмат өтөгөн жылдарына кошулуп эсептелет.".
6. 28-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".
7. 37-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрлү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин чегинде иштелип чыккан. Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде мамлекеттик органдардын аталыштары өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Ошого байланыштуу, мамлекеттик органдардын конкреттүү аталыштарынын ордуна сунушталган долбоор менен "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 27-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу бир түргө келтирилген түшүнүктөрдү киргизүү сунушталат. Мындан тышкары, жогоруда аталган Мыйзамдын 27-беренеси бажы органдарына кызматка кабыл алышында мурдагы аскердик же атайын наамдардын, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендеринин кызмат мөөнөтү кошулуп эсептелинээрин караган "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык келтирилет. Ошондой эле, мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 26-беренесине министрликтердин жана ведомстволордун ченемдик укук актыларды кабыл алуу ыйгарым укуктарын караган жоболорду жоюу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилет. Анда, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине ылайык мыйзам кабыл алуу (чыгаруу) укугуна Президент, Жогорку Кенеш, Өкмөт, Улуттук банк, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары ээ. Бажы органдарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болгондуктан, алардын өздүк иштерин жүргүзүү тартиби Өкмөт тарабынан бекитилүүгө жатат. Ошого байланыштуу "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине өзгөртүүлөр киргизилет. Өргүүгө чыгуу тартибинин жана шартынын маселеси Эмгек кодексинин жөнгө салуу предмети болгондугун эске алуу менен, жогоруда аталган мыйзамдын 23-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору менен сунушталат. Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз. Ошондой эле, аталган мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республнкасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Күчүндөгү редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| 20-статья. Кызмат боюнча которуштурууда бажы органынын кызматкерлерине берилүүчү гарантиялар 1. Бажы органдарынын кызматкерин башка жерге кызматка которууда ал кызматкерге жана аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө туруктуу жашаган жериндеги турак жайы белгиленген тартипте бекитилет (брондолот). Мында жаңы кызмат ордунда бажы органы кызматерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө [Мамлекеттик бажы комитетинин] каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө турак жайды жалдоого (жалдап турууга) кеткен чыгымдардын айлык акчалай компенсациясы төлөнүп берилет. 2. Башка жерге кызматка которулганда бажы органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен темир жол, аба, автомобиль транспортунда жүргөндүгү жана жеке мүлкүн ташыгандыгы үчүн тарткан чыгымдарын компенсацияланууга укуктуу. | 20-статья. Кызмат боюнча которуштурууда бажы органынын кызматкерлерине берилүүчү гарантиялар 1. Бажы органдарынын кызматкерин башка жерге кызматка которууда ал кызматкерге жана аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө туруктуу жашаган жериндеги турак жайы белгиленген тартипте бекитилет (брондолот). Мында жаңы кызмат ордунда бажы орган кызматерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө [Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын] каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө турак жайды жалдоого (жалдап турууга) кеткен чыгымдардын айлык акчалай компенсациясы төлөнүп берилет. 2. Башка жерге кызматка которулганда бажы органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен темир жол, аба, автомобиль транспортунда жүргөндүгү жана жеке мүлкүн ташыгандыгы үчүн тарткан чыгымдарын компенсацияланууга укуктуу. |
| 23-статья. Бажы органдары үчүн кадрларды даярдоо 1. Бажы органдарынын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо (кайра квалификациялоо) жана квалификациясын жогорулатуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын борбордук билим берүүчү мекемелеринде жана бажы органдарынын окуу бөлүмдөрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку же орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринде жүргүзүлөт. 2. Жарандар 17 жашка толгондон тартып, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүүчү мекемелерине тапшырууга укуктуу. 3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүүчү мекемелеринде күн окуу бөлүмүндө билим алып жатышкан угуучуларга жалпы узактыгы алты жумадан кем болбогон каникулдар берилет. 4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемелеринин күндүзгү бөлүмүнөн окуп жаткан бүтүрүүчүгө узактыгы 30 календарлык күн болгон өргүү берилет, ал өтүп жаткан жыл үчүн жыл сайын берилүүчү кезектеги өргүүнүн эсебине кирет. [Көрсөтүлгөн оргүүнү берүү тартиби жана шарттары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тарабынан аныкталат.] 5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсүнө же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен окуп жаткан башка билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсүнө көрсөтүлгөн мекемелерди бүтүргөндөн кийин алып чыккан адистигине жана квалификациясына ылайык бажы органдарында кызмат берүү гарантияланат. | 23-статья. Бажы органдары үчүн кадрларды даярдоо 1. Бажы органдарынын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо (кайра квалификациялоо) жана квалификациясын жогорулатуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын борбордук билим берүүчү мекемелеринде жана бажы органдарынын окуу бөлүмдөрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку же орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринде жүргүзүлөт. 2. Жарандар 17 жашка толгондон тартып, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүүчү мекемелерине тапшырууга укуктуу. 3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүүчү мекемелеринде күн окуу бөлүмүндө билим алып жатышкан угуучуларга жалпы узактыгы алты жумадан кем болбогон каникулдар берилет. 4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемелеринин күндүзгү бөлүмүнөн окуп жаткан бүтүрүүчүгө узактыгы 30 календарлык күн болгон өргүү берилет, ал өтүп жаткан жыл үчүн жыл сайын берилүүчү кезектеги өргүүнүн эсебине кирет. [Күчүн жоготту деп табылсын.] 5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсүнө же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен окуп жаткан башка билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсүнө көрсөтүлгөн мекемелерди бүтүргөндөн кийин алып чыккан адистигине жана квалификациясына ылайык бажы органдарында кызмат берүү гарантияланат. |
| 24-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин өздүк иши 1. Бажы органдарында кызмат өтөө бажы органдарынын кызматкерлеринин өздүк ишинде чагылдырылат. Бажы органдарынын кызматкерлеринин өздүк ишин бажы органдарынын кадрлар боюнча кызматы жүргүзөт жана кызматкерлер которулганда алардын жаңы кызмат ордун жөнөтүлөт. 2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин саясатка жана динге мамилеси жөнүндө, алардын жеке турмушу жөнүндө маалымат жыйноого жана өздүк ишине киргизүүгө тыюу салынат. 3. Бажы органдарынын кызматкерлеринин өздүк иштерин жүргүзүү тартиби [бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси] тарабынан аныкталат. | 24-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин өздүк иши 1. Бажы органдарында кызмат өтөө бажы органдарынын кызматкерлеринин өздүк ишинде чагылдырылат. Бажы органдарынын кызматкерлеринин өздүк ишин бажы органдарынын кадрлар боюнча кызматы жүргүзөт жана кызматкерлер которулганда алардын жаны кызмат ордуна жөнөтүлөт. 2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин саясатка жана динге мамилеси жөнүндө, алардын жеке турмушу жөнүндө маалымат жыйноого жана өздүк ишине киргизүүгө тыюу салынат. 3. Бажы органдарынын кызматкерлеринин өздүк иштерин жүргүзүү тартиби [Өкмөт] тарабынан аныкталат. |
| 26-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин курал-жарагы жана атайын каражаттары Бажы органдарынын кызматкерлери тийиштүү даярдыктан өткөндөн кийин, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ок атылуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө укуктуу болушат. [Ок атылуучу куралдарды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укук берилген бажы органдарынын кызматкерлеринин кызматтарынын тизмеси, ошондой эле көрсөтүлгөн куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүү жана сактоо тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.] | 26-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин курал-жарагы жана атайын каражаттары Бажы органдарынын кызматкерлери тийиштүү даярдыктан өткөндөн кийин, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ок атылуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө укуктуу болушат. [Бажы органдарынын кызматкерлеринин ок атылуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.] |
| 27-статья. Атайын наамдарды ыйгаруу жана бажы органдарында иштөөдө кызмат мөөнөтүн эсептөө өзгөчөлүктөрү [1. Кыргыз Республикасынын сот органдарынын, прокуратура органдарынын, Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, башка мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын кызматкерлери, Улуттук коопсуздук министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматчылары (анын ичинде запастагылар), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, салык инспекциясынын жана полициясынын катардагы жана башкаруучу курамына кирген адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда, ушул мыйзамдын 5-статьясына ылайык, алардын мурдагы аскердикке атайын наамдарына, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендерине же разряддарына теңдеш келген атайын наамдар ыйгарылат.] Көрсөтүлгөн адамдардын саналып өткөн органдарындагы иш стажы (кызматы) алардын бажы органдарындагы кызмат мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. Офицердик курамдын аскердик наамы болбогон жана аскер кызматына чакырылуучу бажы органдарынын кызматкерлерине алардын атайын наамына ылайык келген офицердик курамдын алгачкы аскердик наамы ыйгарылбайт. 2. Бажы органдарына кызматка алынган мамлекеттик уюмдардын финансылык, экономикалык, юридикалык кызматтарынын, эсептөө же маалымдоо-эсептөө борборлорунун жетекчилерине жана адистерине, ошондой эле профессордук-окутуучулар курамына алардын көрсөтүлгөн уюмдардагы иш стажылары кызмат мөөнөтүн аныктоо боюнча комиссия тарабынан бажы органдарында иштөөдө белгиленген кызмат мөөнөтүнө кошулуп эсептелиши мүмкүн. Комиссиянын курамы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. | 27-статья. Атайын наамдарды ыйгаруу жана бажы органдарында иштөөдө кызмат мөөнөтүн эсептөө өзгөчөлүктөрү [1. Сот жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматкерлери, коргоо, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын аскер кызматчылары (анын ичинде запастагылар), ошондой эле ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамына кирген адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда, ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарына, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендерине теңдеш келген атайын наамдар ыйгарылат. Көрсөтүлгөн адамдардын иш стажы (кызматы), ошондой эле алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендеринин кызмат мөөнөтү алардын бажы органдарындагы кызмат өтөгөн жылдарына кошулуп эсептелет.] Көрсөтүлгөн адамдардын саналып өткөн органдарындагы иш стажы (кызматы) алардын бажы органдарындагы кызмат мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. Офицердик курамдын аскердик наамы болбогон жана аскер кызматына чакырылуучу бажы органдарынын кызматкерлерине алардын атайын наамына ылайык келген офицердик курамдын алгачкы аскердик наамы ыйгарылбайт. 2. Бажы органдарына кызматка алынган мамлекеттик уюмдардын финансылык, экономикалык, юридикалык кызматтарынын, эсептөө же маалымдоо-эсептөө борборлорунун жетекчилерине жана адистерине, ошондой эле профессордук-окутуучулар курамына алардын көрсөтүлгөн уюмдардагы иш стажылары кызмат мөөнөтүн аныктоо боюнча комиссия тарабынан бажы органдарында иштөөдө белгиленген кызмат мөөнөтүнө кошулуп эсептелиши мүмкүн. Комиссиянын курамы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. |
| 28-статья. Бажы органдарынын кызматкерлерин сыйлоо 1. Кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бажы органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартип Уставында аныкталган сыйлоолор колдонулушу мүмкүн. [2. Бажы органдарынын кызматкерлери Кыргыз бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүлүшү мүмкүн.] 3. "Бажы кызматынын отличниги" төш белгиси жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо - бажы ини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. | 28-статья. Бажы органдарынын кызматкерлерин сыйлоо 1. Кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бажы органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартип Уставында аныкталган сыйлоолор колдонулушу мүмкүн. [2. Бажы органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.] 3. "Бажы кызматынын отличниги" төш белгиси жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. |
| 37-статья. Жекече жагдайлар боюнча өргүү 1. Бажы органдарынын кызматкерлерине кызмат акысын сактабастан, төмөндөгү учурларда жекече жагдайлар боюнча өргүү [берилиши мүмкүн:] 1) жакын туугандарынын дүйнөдөн кайтуусуна (өлүмүнө) же оор абалына байланыштуу; 2) бажы органынын кызматкерлери же алардын жакын туугандары өрткө же башка табият кырсыгына дуушар болгондо. 2. Бажы органынын башчысы башка бир өзгөчө учу бажы органынын кызматкерлерине жекече жагдайлар боюнча өргүү бере алат. 3. Жекече жагдайлар боюнча өргүү кезектеги ар жылкы өргүүнүн эсебине кирбейт. | 37-статья. Жекече жагдайлар боюнча өргүү 1. Бажы органдарынын кызматкерлерине кызмат акысын сактабастан, төмөндөгү учурларда жекече жагдайлар боюнча өргүү [берилет:] 1) жакын туугандарынын дүйнөдөн кайтуусуна (өлүмүнө) же оор абалына байланыштуу; 2) бажы органынын кызматкерлери же алардын жакын туугандары өрткө же башка табият кырсыгына дуушар болгондо. 2. Бажы органынын башчысы башка бир өзгөчө үч бажы органынын кызматкерлерине жекече жагдайлар боюнча өргүү бере алат. 3. Жекече жагдайлар боюнча өргүү кезектеги ар жылкы өргүүнүн эсебине кирбейт. |
"
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2587-V "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 13.12.2012 · № 2587-V
- КР Жогорку Кенешинин2013-жылдын 14-февралындагы №2779-V "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 14.02.2013 · № 2779-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2882-V "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 14.03.2013 · № 2882-V
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон