# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябры № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябры № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15110/edition/1079830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93093.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябры № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтому (21.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93093

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 1-октябры № 670 Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык, багып алуучу (фостердик) үй-бүлө институту механизмин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо жана асырап алган ата-энелерге жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча минималдык стандарттар 2-тиркемеге ылайык;

- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө эмгек акынын өлчөмдөрү жана баланы багууга чыгымдар 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо менен байланышкан маселелерди кароодо жана чечүүдө ушул токтомду жетекчиликке алышсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

3-тиркемеге

Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө эмгек акынын өлчөмдөрү жана баланы багууга ЧЫГЫМДАР (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)

Багып алган бир баланы багууга кетүүчү чыгымдардын беренеси

Багып алган бир баланы багууга кетүүчү чыгым

Тамактануу (бир күнгө)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык

Кир жуучу каражаттар (бир айга)

100 сом

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө (электр энергиясына, газ, суу, таштанды чыгаруу үчүн бир айга төлөө)

Чыгым: электр энергия - 25 киловатт; газ - 3 куб.м; суу - тариф боюнча; таштанды чыгаруу - тариф боюнча

Кийим-кече жана бут кийим сатып алуу (1 сезонго)

2000 сомго чейин ырастоочу документтерге (касса чеги, сатып алуу актысы, патент) ылайык

Шейшептерди сатып алуу (баланы бирден эки айга чейин жайгаштырганда бир комплект каралат, эки айдан бир жылга чейин жайгаштырганда - эки комплект)

Шейшеп комплекти (400 сом х 2 = 800 сом) сатып алгандыгы жөнүндө ырастоочу документтерге (кассалык чек, сатып алуу актысы, патент) ылайык

Медициналык, унаалык жана башка кызматтар (бир айга)

1000 сом

Багып алган ата-эненин (бала багып алган үй-бүлөнүн) эмгек акысы

Багып алган ата-эненин (багып алган үй-бүлөнүн) эмгек акысынын бир айлык өлчөмү 6000 сомду түзөт.
