Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-09-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 27-сентябры № 663 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө 1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 67-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын: "(4-1) Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүнө кылмыш жасаган адам айрым бир кызмат орундарда болгондуктан кылмышы үчүн жазалоодон иммунитети бар болчу мезгилде ошол кызматта турган убактысы киргизилбейт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабановдун 2012-жылдын 18-июлундагы № 23-52 протоколдук кеңешмесинин 9-пунктун аткаруу үчүн иштелип чыккан, ага ылайык КР юстиция министрлигине үстүбүздөгү жылдын 20-августуна чейин кылмыштык куугунтуктоодон кол тийбестикке ээ адамдар үчүн алар белгилүү кызматтарды ээлеп тургандыгына байланыштуу кызматта турган убакта кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн эскиришин узартуу каралган Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана тиешелүү тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизүү тапшырылган. Кылмыштуулукка каршы күрөш, өзгөчө анын коррупциялык жана уюшкандык түрлөрү менен күрөшүү бүгүн өзгөчө курч турууда. Ушул күрөштү жүргүзүүнү кыйла татаалданткан объективдүү факторлордун бири болуп кылмыш-жаза Мыйзамдарынын жеткире иштелбегендиги, андыктан айрым субъекттердин аны өз кызыкчылыгында пайдалангандыгы эсептелет. Атап айтканда, сөз кылмыштык куугунтуктоодон кол тийбестик институту жөнүндө жүрүүдө. Ушундан улам айрым адамдарды: дипломаттарды, консулдарды, депутаттарды, судьяларды жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууда тоскоолдуктар болуп келатканы баарыга маалым. Ошону менен бирге ушундай кол тийбестик жарандардын мыйзам алдында тең укуктуулугунун принцибин жокко чыгарат. Мында өзгөчө көңүлдү кол тийбестик менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн эскиришинин катнаштык маселесине буруу зарыл. Мында кылмыш жоопкерчилигинин келип чыгышын ошондой эле Кылмыш-жаза Кодексинин 67-беренеси менен аныкталган кылмышка тартуу мөөнөтүнүн эскиришинин сакталышына байланыштыруу абзел. Аталган Кодекстин 67-беренесине ылайык эскирүү мөөнөтү кылмыш жасалган күндөн тарта жана соттун өкүмү Мыйзамдуу күчүнө кирген убакка чейин эсептелет. Адам тарабынан жаңы кылмыш жасалган учурда эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш боюнча өз алдынча эсептелип калат. Адамдын өзгөчө статусу жоготулгандыгына (мисалы, депутаттын ыйгарым укуктарынын бүтүшү, дипломатиялык агенттин отставкага кетиши ж.б.) байланыштуу кол тийгистигинин токтотулушу эскирүү мөөнөтү сакталган учурда гана кылмыш жоопкерчилигинин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн билдирет. Мында эгерде кылмышка тартуу мөөнөтү бүткөн болсо, жалпы эреже боюнча кол тийгистикке ээ адамдарды кылмыштык куугунтуктоо да болушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары кошо катышып жасалган кылмыш субъекттеринин бири кол тийгистикке ээ адам болгон учурлар да кездешип калышы мүмкүн. Мындай учурда эгерде бири кол тийгистикке ээ экендигинен улам кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан бошотулган болсо, кылмышка кошо катышкан экинчи адамдын жосунун кандай квалификациялоо керек деген маселе келип чыгат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоору аркылуу аталган Кодекстин 67-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен белгилүү кызматтарды аткарып жаткандыгына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартуудан кол тийбестикке ээ кызмат адамдарынын категориясын кылмыш жоопкерчилигине тартуунун өзгөчөлүктөрүн регламенттештирүү сунуш кылынууда. Мындан тышкары, колдонуудагы улуттук жана эл аралык Мыйзамдарды талдоонун жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн Мыйзам долбоор иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын жана ошондой эле, долбоор ишкердикти жөнгө салууга багытталбагандыктан, аны жөнгө салуучу таасирин талдоодон өткөрүүгө жатпастыгын белгилейбиз. Ошондой эле аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык сунушталган ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтында коомчулуктун талкуулоосу үчүн жайгаштырылганын жана анын натыйжасында Мыйзам долбору боюнча сунуштар түшпөгөндүгүн белгилейбиз. Мындан тышкары ушул Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетебиз.
Министр А.Шыкмаматов
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Иштеп жаткан редакция | Салыштырма таблицасы |
|---|---|
| 67-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши (1) Эгерде кылмыш жасаган күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөр: 1) чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасалгандан кийин бир жыл; 2) анча оор эмес кылмыш жасалгандан кийин үч жыл; 3) оор кылмыш жасалгандан кийин жети жыл; 4) ушул статьянын бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өзгөчө оор кылмыш жасагандан кийин он жылга. (2) Эскирүү мөөнөтү кылмыш жасалган күндөн тартып жана соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурга чейин эсепке алынат. (3) Адам жаны кылмыш жасаган учурда эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш боюнча өзүнчө эсепке алынат. (4) Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качып жүрсө эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат. Мындай учурларда эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү адам кармалган учурдан же ал күнөөсүн мойнуна алып келгенден тартып кайра жаңыртылат. (5) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилениши мүмкүн болгон кылмыш жасаган адамга карата эскирүү мөөнөттөрүн колдонуу жөнүндөгү маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот ага карата эскирүү мөөнөтүн колдонууну мүмкүн эмес деп тапса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу колдонулбайт, эркиндигинен ажыратуу дайындалат. (6) Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. | 67-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши (1) Эгерде кылмыш жасаган күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөр: 1) чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасалгандан кийин бир жыл; 2) анча оор эмес кылмыш жасалгандан кийин үч жыл; 3) оор кылмыш жасалгандан кийин жети жыл; 4) ушул статьянын бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өзгөчө оор кылмыш жасагандан кийин он жылга. (2) Эскирүү мөөнөтү кылмыш жасалган күндөн тартып жана соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурга чейин эсепке алынат. (3) Адам жаны кылмыш жасаган учурда эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш боюнча өзүнчө эсепке алынат. (4) Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качып жүрсө эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат. Мындай учурларда эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү адам кармалган учурдан же ал күнөөсүн мойнуна алып келгенден тартып кайра жаңыртылат. (4-1) КЫЛМЫШ ЖАСАГАН АДАМ БЕЛГИЛЕНГЕН КЫЗМАТТАРДА БОЛГОНДУГУНАН УЛАМ ОШОЛ УЧУРДА КЫЛМЫШТЫК КУУГУНТУКТООДОН ИММУНИТЕТКЕ ЭЭ БОЛГОН МЕЗГИЛ КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТУУНУН ЭСКИРҮҮ МӨӨНӨТҮНӨ КИРБЕЙТ. (5) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилениши мүмкүн болгон кылмыш жасаган адамга карата эскирүү мөөнөттөрүн колдонуу жөнүндөгү маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот ага карата эскирүү мөөнөтүн колдонууну мүмкүн эмес деп тапса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу колдонулбайт, эркиндигинен ажыратуу дайындалат. (6) Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2585-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 13.12.2012 · № 2585-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2769-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 14.02.2013 · № 2769-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №2917-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 28.03.2013 · № 2917-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон