# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябры № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябры № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 659
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15102/edition/751213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябры № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93085

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 579 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 27-сентябры № 659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бажы кызматын модернизациялоо жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча региондук долбоорду (АӨБ насыясы № 2113- KGZ) ишке ашыруу, Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасынын (БАМС) негизги функциялык системаларын киргизүү, маалыматтар базасы системасын түзүү, маалыматтарды берүү үчүн шарттарды түзүү жана бажы декларацияларын электрондук түрдө иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"4. Бул токтом күчүнө кирет:

- 2012-жылдын 1-октябрынан тартып - товарларды транспорттук каражаттарды декларациялоо жана "Манас", Борбордук бажыларында жана "Түндүк" темир жол бажысында колдонуу үчүн, 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пунктту кошпогондо;

- 2013-жылдын 1-январынан тартып - товарларды транспорттук каражаттарды декларациялоо жана Кыргыз Республикасынын бардык бажы органдарында жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонуу үчүн.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
