# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябры № 658 "Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелерин жана критерийлерди бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябры № 658 "Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелерин жана критерийлерди бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 658
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93084>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15101/edition/947194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93084.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябры № 658 "Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелерин жана критерийлерди бекитүү тууралуу" токтому (06.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93084

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 27-сентябры № 658 Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелерин жана критерийлерди бекитүү тууралуу

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелери жана критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тиешелүү аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2012-жылдын 31-декабрына чейин топторго киргизилген аймактардын, жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизилген уюмдардын тизмесин иштеп чыгып жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
