Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Дордой» жана «Кара-Суу» соода-базар комплекстерин өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 26-сентябры № 654 "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстерин өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстеринин мындан ары натыйжалуу иштеши үчүн уюштуруучулук-экономикалык шарттарды түзүү, Борбордук Азия регионунда, КМШга катышуучу мамлекеттерде жана алыскы чет өлкөлөрдө алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстерин өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстерин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстерин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2014-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстерин өнүктүрүү программасынын иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
2-тиркеме "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстеринин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР
| № | Милдеттер | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булакта- ры | Жыйынтыгы |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| 1. "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстерин өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | ||||||
| 1.1 | Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларга стратегия- лык маанилүү объектилер статусун берүү | Ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | Экономмин, ТИМ, ЮМ, ММБФ, Кыргызстан- дын базарлар, соода мекемелери- нин жана тейлөө кызматынын Ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 2013- жылдын март айы | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде, гранттык каражат- тарды тартуу | Дордой" жана "Кара- Суу" соода- базар комплекс- терин бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү |
| 2. "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын өндүрүш жана соода потенциалдарын кеңейтүү | ||||||
| 2.1 | Реэкспорт- тук агымдарды тейлөөдөн БС жана КМШ өлкөлөрү- нүн багыттары- на кайра багыт алуу - реэкс- порттук агымдарды аз-аздан алмаштыруу үчүн тиешелүү көлөмдөгү товардык агымдарды генерация- лай алган өнөр жайлык өндүрүштү уюуштуруу үчүн керектүү шарттарды түзүү | Кийим, бут кийим жана таңгактоо өнөр жайларын уюштуруу. Импортту алмаштыруучу /экспортко багытталган ишканаларды түзүү, өнүктүрүү, жакшыртуу. Чет өлкөдөн (РФ, КР, КЭР, Түркия) өндүрүүчү ассоциация- ларды тартуу менен биргелешкен ишканаларды түзүү максатында өкмөт аралык жолугушуулар- ды өткөрүү | "Дордой" жана Кара-Суу СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча), Экономмин, "Жеңил өнөр жай" ассоциациясы (макулдашуу боюнча), Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары | 2012- 2013- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карыз алуу | Дүң жана чекене көлөмдө жөнгө салынган. экспорт. Чет өлкөлөр- дөн өндүрүү- чүлөр ассоциа- цияларын тартуу менен биргелеш- кен ишкана- ларды түзүү |
| 2.2 | Кездеме- лерди жана фурнитура- ларды сатуу үчүн шарттарды түзүү | Кездемелерди жана фурнитуралар- ды сатуу үчүн шарттарды камсыз кылган чараларды даярдоо. "Дордой" СБКнын аймагында көрсөтүлгөн ассортимент менен соода орундарын жайгаштыруу | Дордой" жана "Кара-Суу" СБК администра- циялары (макулдашуу боюнча), "Жеңил өнөр жай" ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 2013- жыл | Инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карыз алуу | Тигүү өндүрүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү |
| 2.3 | Адистиктер боюнча окутуу | Кыргыз Республикасы- нын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги- нин алдындагы Кесиптик-тех- никалык билим берүү агенттиги, ишкерлер менен биргеликте кийим, бут кийим тигүү өндүрүшү адистиктери боюнча интенсивдүү кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу маселелерин иштеп чыгуу | ЖЭИКМ, "Жеңил өнөр жай" ассоциациясы (макулдашуу боюнча), "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | 2012- 2013- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу | Тиешелүү эмгек ресурста- ры менен камсыз кылуу |
| 2.4 | Билим алуу үчүн шарттарды түзүү | Кийим тигүү, бут кийим жана соода адистиктери боюнча билим алып жатышкан жаштарга социалдык- тиричилик шарттар менен (турак жай менен камсыздоо) камсыз кылуу | "Жеңил өнөр жай" ассоциациясы (макулдашуу боюнча), Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары жана профсоюздук комитеттери (макулдашуу боюнча) | 2012- 2013- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу | Тигүү, бут кийим өндүрүш- төрүн жана соода тармагын жаш кадрлар менен камсыз кылуу |
| 2.5 | Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү | Калкты турмуш- тиричилик жактан тейлөө жана элдик кол өнөрчүлүк чөйрөсүндө чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары, "Кыял" ЭКӨБ (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | 2012- 2013- жылдар | "Кыял" ЭКӨБнын каража- ты, инвести- цияларды тартуу, жана кредит- тик каражат- тарды карыз алуу | Элдик кол өнөрчү- лөрдүн продук- цияларын сатууну көбөйтүү, кошумча жумушчу орундарын түзүү |
| 2.6 | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын соода ишин мындан ары өнүктүрүү | Базарлардын мындан аркы келечектери жөнүндө өлкөлөр ортосунда саясий диалогду уюштуруу. Жеке жана юридикалык жактарга чек ара соодасын чек ара аймагында ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү болжолдогон чараларды кабыл алуу | Экономмин, ТИМ | 2012- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Жеке жана юридика- лык жактарга чек ара соодасын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү |
| 2.7 | КМШ өлкөлөрүн- дө көргөзмө- лөрдү уюштуруу | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын аймагында өндүрүлгөн кыргыз товарларынын көргөзмөлөрүн Казакстандын Астана, Алма-Ата жана башка шаарларында уюштуруу | Экономмин, ТИМ, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Инвести- цияларды тартуу, "Дордой" жана "Кара- Суу" СБКлар- дын каражат- тары | "Дордой" жана "Кара- Суу" СБКларда өндүрүл- гөн товарлар- дын жарнамасы |
| 2.8 | Ишкердик субъект- тердин керектөө- лөрүн изилдөө жолу аркылуу чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү- гө көмөк көрсөтүү | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын чакан жана орто ишкердик субъекттердин керектөөлөрүн маалымат- консультация- лык жана маалымат берүү инфраструкту- рада изилдөө,чакан ишкердиктин маалымат- консультация- лык жана үйрөтүүчү инфраструкту- раларынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, өзгөчө багыттарда "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын базарларында иштешкен чакан жана орто ишкердик субъектилерге уюштуруучу- лук, консультация- лык жана практикалык жардам көрсөтүү | ЖЭИКМ, ТИМ, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын базарларынын администра- циялары (макулдашуу боюнча) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | 2012- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу | Артыкчы- лыктуу багыттар- да Ишкерлер- дин маалым- дуулугун жогорула- туу |
| 2.9 | Дүңүнөн сатып алуучулар- га шарттарды түзүү | "Ак-Жол" өткөрүү пункттунда ишкерлер - "алып- сатарлар" үчүн өзүнчө өткөрүү пунктун ачуу | МУКК, МБК, Экономмин, Өкмөттүн Чүй облусунун Мамлекеттик администра- циясы, жергиликтүү бийлик органы, Дордой" СРКнын администра- циясы (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Дүңүнөн сатып алуучу- лардын - "алып- сатарлар- дын" өтүшүн жакшыртуу |
| 3. "Доодой" жана "Кара-Суу" СБКлардын өнүгүшүнүн экономикалык-уюштуруучулук шарттарын өркүндөтүү | ||||||
| 3.1 | Сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу | Негизги транспорттук магистралдар менен комплекстин аймагына кирүүгө жана чыгууга ыңгайлуу ыкташууну камсыз кылуучу транспорттук түйүндөрдү куруу | Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Инвести- цияларды тартуу | Убакытты сарптоону кыскар- туу, "Дордой" жана "Кара- Суу" СБКлардын инфра- структу- раларын өнүктүрүү |
| 3.2 | Электр тармакта- рын модерниза- циялоо | Иштеп жаткан электр тармактарын оңдоо, аларды модернизация- лоо жана кошумча шаардан көз карандысыз электр тармактарынын подстанцияла- рын орнотуу | Экономмин | 2012- жылдын III-IV квар- талдары | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Соода комплек- синин аймагын жакшыр- туу, сатуучу- ларга жана алуучу- ларга ыңгайлуу шарттарды камсыздоо |
| 3.3 | Келүүчүлөр үчүн шарттарды камсыз кылуу | Соода комплексинин бардык келүүчүлөрү- нүн автоунааларын токтотууну камсыз кылуу үчүн кошумча токтотуучу жайларды ачуу | Жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде, инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карыз алуу, "Дордой" жана "Кара- Суу" СБКлар- дын адми- нистра- циялары- нын финансы- лык каражаты | Убакытты сарптоону кыскар- туу, СБКлардын азыркы учурдун талапта- рына шайкеш келиши, сооданын цивилиза- циялуу форматына өтүү |
| 3.4 | Соода комплекси- нин аймагын көрктөндү- рүү | Соода комплексине келүүчү жолдорду ондоо жана реконструк- циялоо | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялар, Бишкек жана Ош шарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде, инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карызга алуу | Соода комплек- синин аймагын жакшыр- туу, сатуучу- лар жана алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу |
| 3.5 | Ички коммуника- циялар | Кыргыз Республикасы- нын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык автобекет же автостанция- ларды куруу | "Дордой" СБКнын администрац- иясы (макулдашуу боюнча) | 2013- 2014- жылдар | "Дордой" СБК адми- нистра- циясынын финансы- лык каража- ты, инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карыз алуу | Жүргүнчү- лөрдү коопсуз жана сапаттуу ташуу үчүн заманбап автостан- цияны куруу |
| 3.6 | "Дордой- Астана" эл аралык каттамын ачуу | ТКМ, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу | Ишкер жүргүнчү- лөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | |
| 3.7 | Эл аралык коммуника- циялар | Соода комплексин чек ара посттору (Бишкек- Георгиевка, Бишкек- Чалдовар, Ош - Сары-Таш - Эркечтам) менен байланышты- руучу эл аралык маанидеги жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү | ТКМ, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администра- циялары (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карыз алуу | Убакытты сарптоону кыскартуу |
| 3.8 | Базарды коштоочу тармактар- ды өнүктүрүү | Кызмат көрсөтүү, тейлөө чөйрөсүндө базарды коштоочу тармактарды (ресторандар, кафелер, мейманкана- лар, авто токтотуучу жайлар, балдар аянтчалары жана башкалар) өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | Жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча), Кыргызстан- дын базарлары, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карыз aлуу | Кошумча жумуш орундарын түзүү |
| 3.9 | Үстү жабык "Кара-Суу" соода комплексин куруу | Үстү жабык "Кара-Суу" соода комплексин куруу долбоорун иштеп чыгуу, колдонуудагы ченемдик документтер- дин талаптарына ылайык иштеп жаткан инженердик коммуникация- ларга кошуу же локалдуу курулмаларды куруу жолу аркылуу базарды суу жана канализация, медициналык жана дарыкана пункттары, коомдук тамактануу ишканалары, душ кабиналары, аялдардын гигиена бөлмөсү, даараткана менен камсыз кылууну эске алуу менен заманбап инфраструкту- раны түзүү | КР Өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги, "Кара-Суу" СБК администра- циясы, Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстан- дын базарлары, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 2014- жыл | Инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды алуу | Соода жүргүзүү- нүн заманбап түрлөрүн камсыз- доо, соода жүргүзүү- нүн цивилиза- циялуу борборуна өтүү |
| 3.10 | Кыргыз Республи- касынын мыйзамда- рынын талаптарын сактоо | Колдонуудагы мыйзамдарды, чегинде, санитардык, экологиялык нормаларды, соода жана коомдук тамактануу эрежелерин, эмгекти коргоо жана орт коопсуздугу эрежелерин жана нормаларын сактоо | СВФКМИ, ЭТКМИ, ӨКМ, Экономмин, жергиликтүү бийлик органдары, Дордой" жана Кара-Суу СРКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу | Коопсуз- дукту камсыздоо |
| 3.11 | Соода тармагында тең укуктуу атаандаш- тык үчүн шарттарды түзүү | Кыргыз Республикасы- нын аймагында соода ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк жумушчулар жөнүндө маалыматтарды ЖМКда чыгаруу | ТИМ | Жыл сайын | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Соода тармагын- да тең укуктуу атаандаш- тык үчүн шарттарды түзүү |
| 3.12 | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларда укук тартибинин сакталышын камсыз кылуу | Дүңүнөн сатып алуучулардын мүлкүнүн сакталышын камсыздоо боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу үчүн укук коргоо органдары менен "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын коопсуздук кызматтарынын өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу. Базарлардын аймактарында жана ага жакын жайгашкан аймактарда кызмат өтөгөн укук коргоо органдарынын жоопкерчили- гин күчөтүү. Базарлардын аймактарында- гы милиция бөлүмдөрүндө тергөөчү штаттык бирдигин киргизүү жана ага кызматын аткаруу үчүн имарат бөлүп берүү. Контролдоочу- лардын жана укук коргоо органдарынын "ишеним" телефондору- нун номерлери көрсөтүү менен маалыматтык таблону орнотуу | ИИМ, МУКК, ТИМ, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) Экономмин, ЖЭКИМ, МСК, ТКМ, Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуу- лукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финпол) | 2012- жыл | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Уурулук менен күрөштү күчөтүү жана дүңүнөн сатып алуучу- ларды тартуу үчүн шарттарды түзүү |
| 3.13 | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын аймакта- рында видео камералар- ды орнотуу | Видео камераларды орнотуу | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл | Базар- лардын өз каражат- тарынын чегинде, инвести- цияларды тартуу | Базарлар- лардын админист- рациялар- ын жана соодагер- лердин ишин контрол- доочу мамлекет- тик кызмат- керлердин милдетте- ринин туура аткарылы- шын камсыздоо |
| 3.14 | Ишкердик субъект- терди текшерүү- нүн санын азайтуу | Базарларда контролдоочу органдар тарабынан ишкердик субъекттерди текшерүүнүн санын азайтууга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу | Экономмин, МБК, НИМ, МУКК, Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуу- лукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финпол) | 2012- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Негизсиз текшерүү- лөрдү кыскартуу |
| 3.15 | Маалымат- тык компания | Укуктук, фискалдык, регулятордук жана практикалык маселелер боюнча маалыматтарды ЖМКда чыгаруу. Ишкерлерге контролдоочу жана укук коргоочу органдардын ролу жөнүндө үзгүлтүксүз негизде маалымат берип туруу. Брошюраларды, плакаттарды ж.б. чыгаруу жана таркатуу | Экономмин, МСК, МБК, ИИМ, ТИМ, МУКК, ЖЭИКМ, бизнес- коомчулук (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу | Ишкерлер- дин маалымат- тарга жетүүсүн жөнөкөй- лөтүү |
| 3.16 | Дүңүнөн сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | ИИМдин жол жүрүү коопсуздугу Мамлекеттик башкармалыгы нын кызматкерле- ринин жоопкерчилик- терин күчөтүү | ИИМ, Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Кызматтык тартипти жана мыйзам- дуулукту бузууга жол бербөө максатын- да |
| 3.17 | Жүк ташуучу транспорт- тук тармактар | Жүктөрдү белгиленген жерге жеткирүү үчүн транспорттук түйүндөрдү түзүү | ТКМ, Кыргызстан- дын жүк ташуучу ассоциация- сы, Кыргызстан- дын жеткирүү ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл | Инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карыз алуу | Жүктөрдү белгилен- ген жерине тоскоол- дуксуз жеткирүү- нү камсыз кылуу |
| 3.18 | СБКга келүүчү кошуна өлкөлөрдүн сатып алуучулары үчүн шоп-турлар | "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларга келүүчү кошуна өлкөлөрдүн сатып алуучулары үчүн шоп-турларды уюштуруу, ошондой эле Бишкек- Алма-Ата, Ош- Алма-Ата, Бишкек-Астана жана Казахстандын башка ири шаарларына чартердик рейстерди уюштуруу | ТИМ, Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары (макулдашуу боюнча), ТКМ | 2012- жыл | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. Инвести- цияларды тартуу жана кредит- тик каражат- тарды карыз алуу | Жергилик- түү товарлар- дын экспорту- нун өсүүсү үчүн шарттарды түзүү жана кошуна өлкөлөр- дөн дүңүнөн сатып алуучу- ларды тартуу |
| 3.19 | Ишкерлер- дин финансылык каражатта- рынын коопсузду- гун камсыз кылуу | Акча алмаштыруу пункттарын түзүү жана алардын ишин тартипке келтирүү | Улуттук банк, банктар ассоциация- сы, Кыргызстан- дын базарлары, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ассоциация- сы, Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары жана профсоюз комитеттери (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде, инвести- цияларды тартуу | Алмашты- руу операция- ларынын ачык- айкын жүргүзү- лүшүн жана ишкерлер- дин, сатып алуучу- лардын финансы каражат- тарынын коопсуз- дугун камсыз кылуу |
| 3.20 | Донордук уюмдар тарабынан бизнести колдоо | Бизнести маалыматтык жактан колдоо, маркетингди уюштуруу боюнча борборду түзүү. Донордук уюмдарды колдоосу менен инвестиция- ларды тартуу борборун түзүү | Экономмин, ЖЭИКМ, МСК, МБК, жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары, Кыргызстан- дын базарлары, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Донордук уюмдар- дын каражат- тарын тартуу | Кошумча жумушчу орундарын түзүү базарлар- ды өнүктүрүү жана чыңдоо |
| 4. Соода жүргүзүү чөйрөсүндө кредиттөөнүн өсүшү үчүн шарттарды түзүү | ||||||
| 4.1 | Ишкерлер- дин жеткилик- түү шарттарда финансылык ресурстар- га жетүүсүн камсыздоо | Финансы- кредиттик компанияларды түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу | Экономмин, КРУБ, финансы- кредиттик мекеме (макулдашуу боюнча), "Дордой" СБКнын администра- циясы, Кыргызстан- дын базарлары, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде, инвести- цияларды тартуу | Ишкерлер- дин жеткилик- түү (алгылык- туу) шарттарда финансы- лык ресурс- тарга жетүүсүн камсыздоо |
| 4.2 | Кредиттик каражат- тарды алуу мүмкүндүгү | Базардагы ишкерлердин кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде кепилдик (ишенүү) берүү механизмдерин пайдалануунун эсебинен | Улуттук банк, Экономмин, финансы- кредиттик мекемелер (макулдашуу боюнча) | 2012- 2013- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Кредиттик каражат- тардын жеткилик- түүлүгү |
| 4.3 | Ишкерлер тарабынан мурда алынган кредиттер- дин төлөө мөөнөтүн узартуу. Мурда алынган кредиттер- ге кредиттик ставкалар- дын жогорула- шына жол бербөө | Кыргызстан банктары Ассоциациясы менен: - "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын ишкерлери тарабынан мурда алынган кредиттердин төлөө мөөнөтүн узартуу; - соода ишин жүзөгө ашыруу үчүн мурда алынган кредиттер боюнча проценттик ставкаларды белгилөө жөнүндө маселелерди иштеп чыгуу | Экономмин, КРУБ, Банктар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары, Кыргызстан- дын базарлары, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Мурда алынган кредит- тердин төлөө мөөнөтүн узартуу, кредиттик ставка- лардын жогорула- шына жол бербөө |
| 4.4 | Импортту алмашты- руучу кездеме- лерди жана кайыштарды өндүрүү боюнча фабрика- ларды куруу | Ишкерлерди финансылык жактан колдоону камсыз кылуу (жеңилдетил ген кредиттер жана/же салык каникулдары) | КРУБ, МСК, ФМ | 2013- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде. чет өлкөлүк жана жерги- ликтүү инвести- цияларды тартуу | Тигүү жана бут кийим өнөр жайын өнүктүрүү |
| 5. Фискалдык саясатты оптималдаштыруу | ||||||
| 5.1 | Өлкөнүн экономика- лык абалына ылайык ишкердик менен иштегенге патент ставкасын кайра кароо | Хронометраж- дык текшерүүлөр- дүн жыйынтыгы боюнча патенттин ставкасын кайра кароо | МСК, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администра- циялары жана профсоюздук комитеттери (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар | Бюджетте каралган каражат- тардын чегинде | Ишмердик- ке дем берүү |
Кыскартуулардын тизмеси:
Экономмин - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; ЮМ - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; ЖЭИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги; ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация- лар министрлиги; ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрли- ги; МСК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; КРУБ - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; МБК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; МУКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуз- дук комитети; СБК - Соода-базар комплекси; "Кыял" ЭКӨБ - "Кыял" кол өнөрчүлүк борбору; СВФКМИ - КР Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекция; ЭТКМИ - КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык ко- опсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2013-жылдын 12-апрели № 190 "2014-2016-жылдарда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2013 · № 190
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2013 · № 408 · Күчүн жоготкон
- "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстерин өнүктүрүү программасы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы N 654 токтому менен бекитилгенПрограмма · 26.09.2012 · № 654 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151