Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 апреля 2014 года № 210 "Об утверждении Положения о реализации именных государственных регистрационных номерных знаков на автотранспортные средства"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-04-11.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 26-сентябры № 649 Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 1278-V "Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүгө карата жаңы мамилелер жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүү боюнча сынамык долбоор ишке ашырылсын.
2. Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин пайдалануу берүүдөн түшкөн таза пайданын 50 проценти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиштиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- бул токтом күчүнө кирген күндөн 12 ай өткөндөн кийин сынамык долбоордун таасирине талдоо жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 28-сентябрында № 85 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы…Положение · 26.09.2012 · № 649
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.04.2014 · № 210 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 1278-V "Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүгө карата жаңы мамилелер жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 1278-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.04.2014 · № 210 · Күчүн жоготкон