# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 646 "Фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын коопсуз сактоо жана фармацевттик уюмдардын санитардык режими жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 646 "Фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын коопсуз сактоо жана фармацевттик уюмдардын санитардык режими жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 646
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15089/edition/609272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 646 "Фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын коопсуз сактоо жана фармацевттик уюмдардын санитардык режими жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому (16.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93071

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 759 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-сентябры № 646 "Фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын коопсуз сактоо жана фармацевттик уюмдардын санитардык режими жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын коопсуз сактоо жана фармацевттик уюмдардын санитардык режими жөнүндө" Техникалык регламент тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн техникалык регламентке ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
