# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93070>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15088/edition/458521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93070.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" (25.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93070

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 25-сентябры № 645 Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бюджеттен тышкаркы фонддордун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Саламаттык сактоо уюмдарына кошумча төлөмдөн тышкары, дары-дармек менен камсыз кылууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар милдетүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген стационарда дарылануунун орточо наркынан үч эсе ашып кеткен учурларды кошпогондо калктан кошумча төлөмдөрдү чогултууга тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылга карата медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
