# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 638 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 638 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 638
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15081/edition/1159513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93063.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 638 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу"токтому (25.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93063

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 25-сентябры № 638 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 754 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому менен жактырылган "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 754 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
