# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 634 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 634 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 634
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15077/edition/1284549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 634 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (26.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93059

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2012-жылдын 25-сентябры № 634 Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык) "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Тиркемеге ылайык, Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өз компетенцияларынын чегинде товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, географиялык көрсөтмөлөрдө, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын пайдалануу жөнүндө маселелерди чечүүгө укук берилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
