# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 631 Кыргыз Республикасынын аймагынан айрым товарлардын түрлөрүнүн экспортуна убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 631 Кыргыз Республикасынын аймагынан айрым товарлардын түрлөрүнүн экспортуна убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 631
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15074/edition/800514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 631 Кыргыз Республикасынын аймагынан айрым товарлардын түрлөрүнүн экспортуна убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93056

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 25-сентябры № 631 Кыргыз Республикасынын аймагынан айрым товарлардын түрлөрүнүн экспортуна убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

Тарифтер жана соода боюнча 1947-жылдын 30-октябрындагы Башкы макулдашуунун XI беренесинин 2-пунктуна жана 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашуунун 13 а-беренесинин 7-пунктуна ылайык, ички рыноктогу буудайдын жана ундун кескин жетишсиздигин жана баалардын өсүшүн болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ТЭИ ТН 1001 товардык позицияда классификацияланган буудай жана меслинди жана ТЭИ ТН 1101 00 товардык позицияда классификацияланган буудай унун же буудай - кара буудай унун экспорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуу киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы мыйзамда бекитилген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунун аткарылышын контролдоону камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомго ылайык Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ички соода иштерин жөнгө салуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
