Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагынан айрым товарлардын түрлөрүнүн экспортуна убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 мая 2017 года № 250 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-05-04.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 25-сентябры № 631 Кыргыз Республикасынын аймагынан айрым товарлардын түрлөрүнүн экспортуна убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
Тарифтер жана соода боюнча 1947-жылдын 30-октябрындагы Башкы макулдашуунун XI беренесинин 2-пунктуна жана 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашуунун 13 а-беренесинин 7-пунктуна ылайык, ички рыноктогу буудайдын жана ундун кескин жетишсиздигин жана баалардын өсүшүн болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ТЭИ ТН 1001 товардык позицияда классификацияланган буудай жана меслинди жана ТЭИ ТН 1101 00 товардык позицияда классификацияланган буудай унун же буудай - кара буудай унун экспорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуу киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы мыйзамда бекитилген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунун аткарылышын контролдоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомго ылайык Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ички соода иштерин жөнгө салуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.05.2017 · № 250
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.05.2017 · № 250