# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 630
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15073/edition/952032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (03.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93055

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 25-сентябры № 630 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишканаларды мамлекеттик колдоо жана экономикалык дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттагы "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3 жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун критерийлеринде жана тартибинде:

бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "4. Ушул критерийлердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ишканалар жыл сайын 1-октябрдан 1-ноябрга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине арыз менен кайрылууга укуктуу.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
