Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 мая 2015 года № 297 "Об отзыве некоторых проектов законов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-15.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-майы № 297 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2012-жылдын 20-сентябры № 625 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостору, 2006-ж., № 3, 279-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй жаны редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз Республикасынын бажылык тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын бажылык тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
2. 8-статьядагы "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 9-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
4. 10-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "Коргоо чаралар жөнүндө", "Демпингке каршы тууралуу" жана "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "коргоо чаралар, демпингке каршы, субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Аталган Мыйзамдын № 1 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө токтомду иштеп чыксын жана кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ушул Мыйзам долбоору Конституцияга ылайык келтирүү жана мыйзамдарга карама-каршы келген ченемдерди жоюу максатында иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш бажы алымдарды бекитүүгө укуктуу экендигин белгилеп кетүү керек. Ошол эле мезгилде көрсөтүлгөн Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Өкмөткө сезондук алымдарды бекитүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясында Жогорку Кеңештин компетенциясы жана ыйгарым укуктары толук жазылган. Ошол эле мезгилде алардын ичине бажы алымдарды бекитүү ыйгарым укугу кирбейт. Ошол себептен, Мыйзам долбоорунда алып кирүүдөгү (импорттук) жана алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү боюнча ыйгарым укугу Өкмөткө жүктөлүүсү сунушталууда. Ошол эле мезгилде "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамына 1-тиркемесинде бажы алымдардын ставкалары бекитилген Евразиялык экономикалык коомдоштугунун мүчө мамлекеттеринин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасы аныкталган, ошол себептен бул тиркемени күчүн жоготуусу сунушталууда. Ошону менен бирге, эгерде ушул Мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда Өкмөткө бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө тиешелүү токтомдун долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылчылыгы келип чыгат. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" 3-беренеси Конституциянын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп санаалары жөнүндө 6-беренесинин жоболоруна ылайыкка келтирилип жатаарын белгилейбиз. Мыйзамдардын аталыштары өзгөртүүлөргө дуушар болуп жаткандыктан, Мыйзам долбоору менен аталган Мыйзамдын 10-беренесине тиешелүү оңдоолорду киргизүү сунушталат. Ошону менен бирге 2012-жылдын 25-июнунда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору коомдук талкулоо процедурасын өткөрүү максатында өкмөттүн расмий сайтында жайгаштырылган. Ошондой эле аталган Мыйзам долбоору боюнча сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз. Ошондой эле, аталган Мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык Мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган Мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. Кошумча иретинде, сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр А.Шыкмаматов
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Мурдагы редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| [3-статья. Кыргыз Республикасынын бажы тарифин жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык мыйзам актыларынын таасири Эл аралык келишимдердин негизинде ратификацияланган Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери ушул Мыйзам алдында артыкчылыкка ээ.] | 3-СТАТЬЯ. БАЖЫ ЧӨЙРӨСҮН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА БАЖЫ ТАРИФТЕРИ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАР БАЖЫ ЧӨЙРӨСҮН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА БАЖЫ ТАРИФТЕРИ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНДА НЕГИЗДЕЛЕТ ЖАНА УШУЛ МЫЙЗАМДАН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНАН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДЕН ТУРАТ. |
| 8-статья. Бажы алымдарынын ставкалары жана аларды белгилөө тартиби Алып кирүүдөгү (импорттук) жана алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарынын ставкалары ДСУнун алкагындагы тарифтерге байланышкан чектерде жыл сайын Кыргыз Республикасынын [Жогорку Кеңеши] тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын [Жогорку Кеңеши] тарабынан бажы алымдарынын ставкалары бекитилбегенде мурунку жылдагы ставкалар колдонулат. | 8-статья. Бажы алымдарынын ставкалары жана аларды белгилөө тартиби Алып кирүүдөгү (импорттук) жана алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарынын ставкалары ДСУнун алкагындагы тарифтерге байланышкан чектерде жыл сайын Кыргыз Республикасынын ӨКМӨТҮ тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын ӨКМӨТҮ тарабынан бажы алымдарынын ставкалары бекитилбегенде мурунку жылдагы ставкалар колдонулат. |
| 9-статья. Сезондук алымдар Сезондук алымдарды [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу боюнча] Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлардын айрым түрлөрүн алып кирүүнү же аларды бул аймактан алып чыгууну ыкчам жөнгө салуу үчүн колдонулат. Мында Кыргыз Республикасынын бажы тарифи менен каралган бажы төлөмдөрүнүн ставкалары колдонулбайт. Сезондук алымдарды колдонуу мөөнөтү бир жыл ичинде алты айдан ашуусу мүмкүн эмес. | 9-статья. Сезондук алымдар Сезондук алымдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлардын айрым түрлөрүн алып кирүүнү же аларды бул аймактан алып чыгууну ыкчам жөнгө салуу үчүн колдонулат. Мында Кыргыз Республикасынын бажы тарифи менен каралган бажы төлөмдөрүнүн ставкалары колдонулбайт. Сезондук алымдарды колдонуу мөөнөтү бир жыл ичинде алты айдан ашуусу мүмкүн эмес. |
| 10-статья. Алымдардын өзгөчө түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында товарларга карата алымдардын төмөнкүдөй өзгөчө түрлөрү убактылуу колдонулушу мүмкүн: 1) атайын алымдар; 2) демпингке каршы алымдар; 3) компенсациялык алымдар. Алымдардын өзгөчө түрлөрүн (атайын, демпингке каршы жана компенсациялык) колдонуунун алдында ["Коргоо чаралар жөнүндө", "Демпингке каршы тууралуу", "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"] Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иликтөө жүргүзүлөт. Тийиштүү салыктардын ставкалары ар бир жагдайга карата жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана алардын көлөмү демпингдик төмөндөтүлгөн баанын, субсидиянын жана аныкталган чыгымдын чоңдугуна туура келүүсү керек. | 10-статья. Алымдардын өзгөчө түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында товарларга карата алымдардын төмөнкүдөй өзгөчө түрлөрү убактылуу колдонулушу мүмкүн: 1) атайын алымдар; 2) демпингке каршы алымдар; 3) компенсациялык алымдар. Алымдардын өзгөчө түрлөрүн (атайын, демпингке каршы жана компенсациялык) колдонуунун алдында КОРГОО ЧАРАЛАР, ДЕМПИНГКЕ КАРШЫ, СУБСИДИЯЛАР ЖАНА КОМПЕНСАЦИЯЛЫК ЧАРАЛАР ЖӨНҮНДӨ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иликтөө жүргүзүлөт. Тийиштүү салыктардын ставкалары ар бир жагдайга карата жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана алардын көлөмү демпингдик төмөндөтүлгөн баанын, субсидиянын жана аныкталган чыгымдын чоңдугуна туура келүүсү керек. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2015 · № 297 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон