# 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 619 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдынтүшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 619 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдынтүшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 619
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15063/edition/470408/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 619 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдынтүшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (20.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93045

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 517 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2012-жылдын 14-сентябры № 619 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик материалдык резервге сапаттык көрсөткүчтөрү жогорку аштык буудайдын коюлушун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- мамлекеттик материалдык резервде аштык буудайдын запасын тез арада толуктоо зарылдыгына байланыштуу мамлекеттик резервге коюу үчүн үчүнчү класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес 10,0 миң тонна көлөмдөгү аштык буудай Казакстан Республикасынан 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде, бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алынсын;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
