Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар жылдык айыл чарба иштерин уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штабды түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-01-24.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-сентябры № 618 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар жылдык айыл чарба иштерин уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штабды түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
Айыл чарба иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар жылдык айыл чарба иштерин уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) түзүлсүн.
2. Республикалык штабдын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Республикалык штаб жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Республикалык штабдын курамы 2-тиркемеге ылайык.
4. Республикалык штабдын ишин координациялоо айыл чарба жана мелиорация маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тиешелүү жергиликтүү облустук жана райондук штабдарды түзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 "2012-жылы Кыргыз Республикасында жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана өз убагында өткөрүү чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо айыл чарба жана мелиорация маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар жылдык айыл чарба иштерин уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
Айыл чарба жана мелиорация маселесин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары.
Республикалык штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; "Айыл-Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агроөнөр жай комплексинин маселелерин тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агроөнөр жай комплексинин маселелерин тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агроөнөр жай комплексинин маселелерин тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агроөнөр жай комплексинин маселелерин тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агроөнөр жай комплексинин маселелерин тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агроөнөр жай комплексинин маселелерин тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агроөнөр жай комплексинин маселелерин тейлеген орун басары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы №50 "2012-жылы Кыргыз Республикасында жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана өз убагында өткөрүү чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2012 · № 50 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 "2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2013 · № 35 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябры № 517 "2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.09.2013 · № 517 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 "2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2013 · № 35 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы №50 "2012-жылы Кыргыз Республикасында жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана өз убагында өткөрүү чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2012 · № 50 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.