Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-09-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 14-сентябры № 617 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2595-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 7-мартындагы № 2848-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Дене тарбия жана спорт жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча "параолимпиадалык" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "паралимпиялык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-статья төмөнкү мазмундагы он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте дене тарбия ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрүн жана спорттук дисциплиналарды Улуттук реестрге киргизүү;
- эл аралык спорттук мелдештерге Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана контролдоо.".
3. 8-статьянын 3-бөлүгүндөгү ", координациялаган жана контролдогон" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө аталган Мыйзам өз күчүнө кирген күндөн тартып спорттун түрлөрүн жана спорттук дисциплиналарды Улуттук реестрге киргизүү тартибин бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттиги тарабынан аталган "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору, дене тарбия жана спортту жөнгө салуучу Мыйзамдарда, "параолимпиядалык" деген сөздү жана анын негизинде пайда болуучу сөздөрдү пайдалануу жана бирдей мааниге келтирүү максатында. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "параолимпиядалык" деген сөздөр "паралимпиялык" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталат. Бул сөздү туура жазуунун максаты, эл аралык спорттук уюмдардын бекиткен, тартиптерине ылайык келтирүү. Параолимпиялык оюндар - бул Олимпиядалык оюндардан кийин өтүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өтүүчү эл аралык спорттук таймаш экенин маалымдайбыз. Алгач ирет бул аталыш, буттун майыптуулугу раraplegia - деген термин менен байланыштуу, анткени бул мелдештер омуртка дарты менен жабыркаган адамдардын арасында өткөрүлүүчү, оюнга, башка дартка кабылгандардын катышып башташынан улам, катар өтүүчү "катар, Олимпиядадан тышкары (пара)" жана параолимпиялык мелдештер. Олимпиядалык менен тең укуктуу деп мааниси өзгөрүлгөн. Эл аралык олимпиядалык комитетинин иш кагаздарындагы расмий аталышында "параолимпиядалык" деген сөз англис тилинде "раralympic games" деген маанини берет. Башында "Параолимпиядалык оюндар" деген термин расмий эмес түрдө колдонулуучу. Оюндар 1960-жылы "Тогузунчу Эл аралык Сток-мандевиалдык оюндар деп" аталуучу, 1984-жылы гана биринчи Параолимпиадалык оюндар деген расмий аталыш берилген, эң алгач жолу "Раralympics" деген термин расмий түрдө колдонулган оюндар болуп 1964-жылы өткөн оюндар эсептелет. Ал эми бир катар оюндар 1980-жылга чейин "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн Олимпиядалык оюндар" деген термин колдонулган, ал эми 1984-жылы "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын Эл аралык оюндар". 1988-жылы өткөн оюндардан тартып, "паралимпиялык" деген термин расмий түрдө бекитилген. Мыйзамдын долбоорунда Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын (Мамагенттик) компетенцияларынын тизмегин толуктоо, алып айтканда: спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене - спорт бирикмелерин (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) аккредитациялоо, спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрди алып баруу. Жогоруда аталган компетенциялар менен Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенцияларын толуктоонун максаты болуп, Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды боштуктарды четтетүү саналат. Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене - спорт бирикмелерин (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) аккредитациялоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын спорттун ар кандай түрлөрү боюнча физкультура - спорт бирикмелерин (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) аккредитациялоо жөнүндө Жобосуна ылайык жүргүзүлөт, бирок, Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене - спорт бирикмелерин (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) аккредитациялоо жөнүндө ченем, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эмес. Учурда белгиленген тартипте спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук Реестрдин жоктугу, Кыргыз Республикасынын спорттун ар кандай түрлөрү боюнча физкультура - спорт бирикмелери (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) менен иштөөдө бир кыйла оордуктарды (кыйынчылыктарды) жаратууда. Дүйнө жүзүндөгү бир топ мамлекеттерде жана КМШ аталган ченем бар. Бул тигил же бул спорттун түрүн мамлекет тарабынан таанууну билдирет жана ошол спорттун түрүн өнүктүрүү артыкчылыктуу деп табуу болуп саналат. Дүйнө жүзүндө 8000дей (сегиз миң) спорттун түрлөрү бар. Ал эми, Кыргыз Республикасынын аймагында, баардык спорттун түрлөрүн өнүктүрүү мүмкүн эмес. Жада калса, Орусия, АКШ, Германия жана Кытай сыяктуу ири спорттук державаларда спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө күчтөрү жетпейт. Мындан тышкары спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук Реестрди алып баруу, спорттук оюндун атын жамынып, кумар оюндарын өткөрүүчү спорттук покер сыяктуу, спорттун түрлөрүн өркүндөтүүгө бөгөт коймокчу. Кумар оюн жайларына тыюу салынган мамлекеттерде, спорттук покер Улуттук Реестринен алынып салынган. Биздин божомол менен, аталган Реестрге, Кыргыз Республикасынын потенциалын эске алуу менен ошондой эле, Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык абалын эске алуу менен бирге өнүктүрүүгө ылайык келген спорттун түрлөрү кириши керек. Ушуга байланыштуу, спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук Реестрин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгилейбиз. Ошондой эле Мыйзамдын долбоору менен, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8чи статьясынан "координациялаган жана контролдогон" деген сөздөрдү алып салуу сунушталат. Жогорудагы өзгөртүүлөр, аталган статьядагы карама-каршылыктарга байланыштуу киргизилип жатат. Жогорудагы Мыйзамдын долбоору Ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталбагандыгына байланыштуу, жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүүнүн кажети жок. Ошондой эле ушул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, коомдук талкуу жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылган (2012-жылдын 12-июнунда). Коомдук талкуунун алкагында Мыйзамдын долбоорунун жоболорун жакшыртуу үчүн сунуш пикирлер келип түшкөн жок. Аталган Мыйзамдын долбоору республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарын талап кылбайт.
Директор Б.Кенжебаев
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
| Колдонулуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция | Жыйынтык редакция |
|---|---|---|
| 3-статья. Негизги түшүнүктөр [параолипиадалык] кыймыл - эл аралык олимпиадалык кыймылдын уюмдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды өз катарына бириктирген бир бөлүгү, адамды дене бою жана руханий жактан өркүндөтүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана майыптарды спорт менен машыгууга тартууга, жашоонун сергек түрүнө умтулууга жетишүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүү бул кыймылдын максаты болуп саналат. 11-статья. Кыргыз Республикасын- дагы [Параолипиада- лык] кыймыл Кыргыз Республикасындагы [Параолимпиадалык] кыймыл майыптар арасындагы эл аралык спорттук кыймылдын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат. Эң күчтүү майып спортсмендердин [Параолимпиадалык] оюндарга, Дүйнөнүн чемпионаттарына жана башка эл аралык спорттук мелдештерге катышуусу инсандын дене тарбиясы жагынан жана рухий мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүгө, майыптарды жашоонун жакшы үлгүсүнө тартууга багытталган. Кыргыз Республикасындагы Эл аралык [параолимпиадалык] комитет Кыргыз Республикасындагы Майыптар спортунун федерациясынын атынан чыгат. | Бүткүл текстиндеги "параолимпияда- лык" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "паралимпиялык" деген сөздөр менен алмаштырылсын. | 3-статья. Негизги түшүнүктөр ПАРАЛИМПИАДАЛЫК КЫЙМЫЛ - эл аралык олимпиадалык кыймылдын уюмдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды өз катарына бириктирген бир бөлүгү, адамды дене бою жана руханий жактан өркүндөтүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана майыптарды спорт менен машыгууга тартууга, жашоонун сергек түрүнө умтулууга жетишүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүү бул кыймылдын максаты болуп саналат. 11-статья. Кыргыз Республикасын- дагы ПАРАОЛИПИАДА- ЛЫК кыймыл Кыргыз Республикасындагы ПАРАОЛИМПИАДАЛЫК кыймыл майыптар арасындагы эл аралык спорттук кыймылдын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат. Эң күчтүү майып спортсмендердин ПАРАОЛИМПИАДАЛЫК оюндарга, Дүйнөнүн чемпионаттарына жана башка эл аралык спорттук мелдештерге катышуусу инсандын дене тарбиясы жагынан жана рухий мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүгө, майыптарды жашоонун жакшы үлгүсүнө тартууга багытталган. Кыргыз Республикасындагы Эл аралык ПАРАОЛИМПИАДАЛЫК комитет Кыргыз Республикасындагы Майыптар спортунун федерациясынын атынан чыгат. |
| 6-статья. Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенциясы Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет: - дене тарбия жана спорт жагынан мамлекеттик саясатты камсыз кылуу; - дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын долбоорлорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылуу; - дене тарбия жана спортту каржылоонун мамлекеттик нормативдерин иштеп чыгуу; - дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук массалык иш чаралардын календарлык пландарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, анын ичинде республикалык жана эл аралык мелдештерди жана окуу - машыгуучу жыйындарды уюштуруу; - дене тарбия жана спорт жагынан илимий - изилдөөлөрдү уюштуруу; дене тарбия системасын илимий методикалык жактан камсыз кылуу жана спортсмендерди даярдоо; - Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүн даярдоону камсыз кылуу жана республикалык, эл аралык спорттук мелдештерге алардын катышуусу; - кесиптик даярдоо, дене тарбиясы жана спорт жагынан адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш чаралар; - спорттук наамдарды ыйгаруу; - дене тарбия жана спорт жагынан информациялык камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик системасын түзүү; - дене тарбия жана спорт жагынан мыйзамдын аткарылышын контролдоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткаруу. | 6-статья төмөндөгүдөй мазмундагы он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелерди аккредитациялоо; - белгиленген тартипте спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук Реестрди алып баруу; - дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген расмий коомдук бирикмелерди, Кыргыз Республикасын эл аралык спорттук мелдештерге жогорку квалификациядагы спортсмендерди даярдоосун жана уюштуруусун координациялоо жана контролдоо". | 6-статья. Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенциясы Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет: - дене тарбия жана спорт жагынан мамлекеттик саясатты камсыз кылуу; - дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын долбоорлорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылуу; - дене тарбия жана спортту каржылоонун мамлекеттик нормативдерин иштеп чыгуу; - дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук массалык иш чаралардын календарлык пландарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, анын ичинде республикалык жана эл аралык мелдештерди жана окуу - машыгуучу жыйындарды уюштуруу; - дене тарбия жана спорт жагынан илимий - изилдөөлөрдү уюштуруу; дене тарбия системасын илимий методикалык жактан камсыз кылуу жана спортсмендерди даярдоо; - Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүн даярдоону камсыз кылуу жана республикалык, эл аралык спорттук мелдештерге алардын катышуусу; - кесиптик даярдоо, дене тарбиясы жана спорт жагынан адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш чаралар; - спорттук наамдарды ыйгаруу; - дене тарбия жана спорт жагынан информациялык камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик системасын түзүү; - дене тарбия жана спорт жагынан мыйзамдын аткарылышын контролдоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткаруу; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БЕЛГИЛЕГЕН ТАРТИПТЕ, ДЕНЕ ТАРБИЯ - ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА СПОРТТУК БАГЫТТА ИШТЕГЕН КООМДУК БИРИКМЕЛЕРДИ АККРЕДИТАЦИЯЛОО; - БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ СПОРТТУК ТҮРЛӨРДҮН ЖАНА СПОРТТУК ДИСЦИПЛИНАЛАРДЫН УЛУТТУК РЕЕСТРДИ АЛЫП БАРУУ; - ДЕНЕ ТАРБИЯ - ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА СПОРТТУК БАГЫТТА ИШТЕГЕН РАСМИЙ КООМДУК БИРИКМЕЛЕРДИ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕРГЕ ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ СПОРТСМЕНДЕРДИ ДАЯРДООСУН ЖАНА УЮШТУРУУСУН КООРДИНАЦИЯЛОО ЖАНА КОНТРОЛДОО. |
| 8-статья. Дене тарбия жана спортту башкаруучу коомдук органдар Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган, Улуттук олимпиадалык комитет жана спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялар жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо жана уюштуруу маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы официалдуу коомдук бирикмелердин ишин финансылаган, [координациялаган жана контролдогон] жана эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыккан орган болуп саналат. | 8-статьянын 3 бөлүгүндөгү "координациялаган жана контролдогон" деген сөздөр алынып салынсын. | 8-статья. Дене тарбия жана спортту башкаруучу коомдук органдар Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган, Улуттук олимпиадалык комитет жана спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялар жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо жана уюштуруу маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы официалдуу коомдук бирикмелердин ишин финансылаган, жана эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыккан орган болуп саналат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2595-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 13.12.2012 · № 2595-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 7-мартындагы №2848-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.03.2013 · № 2848-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №2981-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.04.2013 · № 2981-V
Шилтеме берет (5)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 16 октября 2003 года №649 " Об аккредитации физкультурно-спортивных объединений (федераций, союзов, ассоциаций) по различным видам спорта в…Постановление · 16.10.2003 · № 649 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон