# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 616
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15060/edition/1228936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93042.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтому (07.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93042

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 14-сентябры № 616 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, 2020-жылдын 21-февралындагы № 111, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146,2021-жылдын 10-декабрындагы № 300, 2022-жылдын 25-мартындагы № 160, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин натыйжалуу жайылтуу жана институттук базасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекеттик - жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча орган болуп аныкталсын. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өздөрүнүн жоболорун ушул токтомго шайкеш келтиришсин.

4. Бул токтомду аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
